Күйүүчү майдын баасы төмөндөйт

Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу”


Кыргызстандын рыногунда декабрь айында мунай заттарына болгон баа 1-2 пайызга арзандашы күтүлүп жатат. Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы Россияда мунайдын баасы өзгөргөндүгүн билдиришти. Ошол себептен, күйүүчү майдын баасы үлгүсүнө жараша 1-2 пайызга арзандамакчы.

Мындан тышкары, аталган ассоциация Россиядан күйүүчү майды бажы алымдарысыз алып келүүгө шарт түзгөн келишимге кол коюлганын маалымдады. Ага ылайык, келерки жылы Орусиядан быйылкы көлөмдөгүдөй эле 460 миң тонна бензин, 485 миң тонна дизель майы, 100 миң тоннаавиакеросин, 50 миң тонна нефть алынып келмекчи. Эгер Кыргызстанда күйүүчү майга болгон талап күчөсө, Россия белгиленген планды карап чыгууну убада кылган. Эки тарап сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кийинки жылдагы көлөмдү быйылкынын деңгээлинде калтыруу макулдашылды.

6-декабрда  Кыргызстандын  премьер-министринин кийлигишүүсү менен индикативдик баланска эки тараптуу кол коюлуп, 2019-жылга карата күйүүчү майдын баасы чечилди.

Эскерте кетсек, 3-декабрь күнү нефте-трейдерлер 1-октябрда Россия менен индикативдик балансты макулдашып, тиешелүү документке кол коюшу керектигин, маселе  али  күнчө  чечилбей  жатканын  айтып коңгуроо каккан. Ошондой эле, 2019-жылдын  1-январынан  тарта  бажы  алымынан улам күйүүчү майдын 1 литри 2,5-3 сомго чейин кымбатташы мүмкүн экенин айтып чыгышкан.