Коррупциялык учурду күтүп отургандарга сөзсүз чара көрүлсө…

(Президент С.Ш. Жээнбековго кайрылуу)

Алган жогорку билимим, Москвадан үйрөнгөн илимимди арнап 58 жыл бою кургак учук илдетине каршы тынымсыз күрөш жүргүзүп келем. Совет заманы кулаган оош-кыйыш заманда да кургак учук сейрек илдет болчу. Азыр айлап-жылдап жаны кейип, бири-бирине жуктуруп жаткан бир боор элимдин абалын көрүп жаным кейип турат.

Качан эле кургак учуктан сокур, балдардын арасында бүкүр болгондор бар эле? Дарылаганга жардам беребиз дешип, DOTS дегенди киргизишти. 4 дары менен 2 ай гана дарылайбыз дешти. Чала дарылоо менен кургак учук илдетинен толук сакайып кетүү жомок эмеспи. Бүгүнкү кейиштүү абалыбыз кургак учукту чала дарылагандын кесепети болуп жүрбөсүн?

Стационарда жаткандардын жуурканын сыйрып ыргытып, амбулаториялык шартта дарыланасыңар деп кууп чыктык. Адегенде стационардык шартта диагнозун аныктап, үйүндө иче турган тамагы барбы, иши барбы, амбулаторияда дарылоого болобу деп чечиш керек болчу.

Четтен келе турган грантыбы, башка финансы түрдөгү жардамыбы, эч ким тарабынан эсепке алынбайт экен. Ошол каражаттын тагдыры эмне болуп жатканы белгисиз. Ошон үчүн 13 жылдан  бери   Немистердин  өнүктүрүү  банкы,  ж.б.  донорлордун берген 7 236 264,00 грант акчасы пайдаланылбай түрткүнчү болуп жатат. Ошого кошумча КРнын 1 150 000, 00 евросу да кошо жатат.

Долбоордун аты “V – кургак учук менен күрөшүү программасы” деп аталып, Бишкек шаардык туберкулёз ооруканасын салып берүү максатталган.

2017-жылы иштеп жаткан шаардык оорукананын үчүнчү бөлүмүн сүрдүрүп  таштаган,  ошондон  бери  оорукананын  кызматкерлери кыйын абалда иштеп калышты. 2018-жылы 13-мартта Бишкек шаардык кургак учукка каршы оорукананы куруу тендери кайра-кайра өткөрүлүп, сырткы инженердик тармактарды долбоорлоону жүргүзүү үчүн 2018-жылдын октябрында подряддык компания менен келишим түзүлгөн. Ушундай майда-барат маселе үчүн Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан бардык документтер кармалып отурат. Курулуштун тагдыры кийинки жылга калды деп жатышат.

Немец өнүгүү банкы 7 236 264 евро грант берип, Бишкек шаардык ооруканасын бекер, эл аралык деңгээлге шайкеш кылып салып берели, медициналык аппараттарды сатып берели, персоналдарды окутуп, иштетип берели деп жатса, биз эмне үчүн немистердин мындай белегине түкүрүп коюп отурабыз.

Урматтуу Сооронбай Шарипович! Он үч жылдан бери бекер берген акчаны жумшай албай, коррупциялык учурду күтүп отургандарга сөзсүз чара көрүп, быйылкы жылдын аягынан баштап шаардык кургак учук ооруканасын салдырууну көзөмөлгө алат деп ишенемин. Кыйын учурда турган кургак учукка каршы күрөшүү кызматын жандандырып, өз көзөмөлүңүзгө алат деп терең ишенем. Илгерки Тубинститутту мурдагыдай өз аты менен атап, анын башчылыгына болгон шайлоого илимий даражасы менен келечеги бар мыкты жаштарыбызды кошо катыштырсак, чыныгы атаандаштык башталып, директорлук кызмат өзүнүн максатына жетмек беле деген сунушум бар.

Таңатар КАШЕНОВ, доцент, Бишкек шаары, Жаш Гвардия Бульвары, 23, кв.7. Тел.: (0772) – 39-30-48, (0312) – 64-10-94