Премьер-министр Россия патриархы Кирилл менен жолугушту

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 28-майда Москва жана бүткүл Орусия патриархы Кириллди кабыл алды. Жолугушууда тараптар өз ара маданий-гуманитардык кызматташтык, диний баалулуктарды, тынчтык жана биримдикти сактоо жаатында маселелерди талкуулашты.

Сооронбай Жээнбеков анда Ислам жана Православие диндери тынчтыктын жана ынтымактын негизинде коомду бекемдөөдө мамлекеттин өнөктөшү болооруна терең ишенерин билдирди.

Патриарх Кирилл орус социалдык маданий мейкиндигин сактоодо, маданияттар аралык диалогду камсыздоодо Кыргыз Өкмөтүнүн да салымы маанилүү экендигин белгиледи.

Ал ошондой эле Кыргыз Өкмөтүн республикада чиркөөлүк долбоорлордун  ишке ашырылышына өзгөчө мамиле кылып жаткандыгына терең ыраазычылын билдирди.