«Антистандарттагы» алты «кумалак»: Поэзия — порнография эмес

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Башталышы бул жерде

Мындан эмнени түшүнсө болот? Ызы-чуусу көп шаар турмушунбу? Болуптур, түшүнгөнгө аракет кылалы, анда шаар турмушуна бюстгалтердин кандай тиешеси бар. «Сезимдерди» «бюстгалтерди» уйкаштырыш үчүн элеби? Болбосо, бюстгалтердин бул ырга эч тиешеси көрүнбөйт.

Эми «миномет» «ми..тен» деген түшүнүктөрдү алалы. Мейли, сөз согуштун ветераны тууралуу болуп жаткан соң, антистандарт акын «миномет» тууралуу жазганы логикага сыят дейли, а «ми…тен жаны жыргап» дегени эмнеси?!!! С.Раевдин согуштун ветерандарында ала элек өчү барбы, болбосо мынчалык эмнеге кордойт? Кайран ветерандар, кайран аталар кан күйгөн Батышта улуу идеялар, бийик идеалдар, эл-жер, мекен үчүн эмес, баягы эле этек кирдин деңгээлиндеги «ми…» үчүн согушуп, ошол үчүн бизге Улуу Жеңишти апкелишти беле? Арабызда ансыз да саналуу калган согуш ветерандары бул ырды окуса кандай абалда калат? Беш жыл душмандын огунан өлбөгөн ардагерлер ушул бир сөздөн өлбөгөн төрт шыйрагы эле калбаса…

Дагынкысын дагы бар дегендей, башка ырларын деле талдай келсек, орой, осол салыштыруулар, одоно ойлор көп табылат. Анын баарын айтып, көңүлүбүздү кирдеткибиз келбейт.

Элде «атанын арты менен кыз өтөт, соодагердин арты менен бөз өтөт» деген кеп бар. Арийне, поэзия дүйнөсү — базар эмес. Эгер С.Раев мамлекеттен алган мамлекеттик наам, сыйлыктарынын арты менен жазган «анти ырлары» өтүп кетет десе чоң жаңылышат. Ырды ыр кылган касиет, поэзияны поэзияны кылып көкөлөткөн нерсе – бул анын салттуулугунда, нарктуулугунда. Жазмакер өзүн «акыркы пайгамбар» ойлоп, окурманды эч нерсе түшүнбөгөн, зомби катары караса, анда айта турган сөзүбүз кыска. Ырлар антистандарт, же стандарт болуп жазылабы, поэзияга тиешелүү салттуулук, нарктуулук касиетинен кемип калганда, ал ыр катары баалуулугунан ажырайт. Баары өз ченем-өлчөмү менен болбосо, анда ал поэзия болуу касиетинен калат. Жыйынтыктап айтканда, жазуучу-драматургдун «Антистандарты» сүйүү лирикаларын жана айрым бир ырларын айтпаганда, эксперимент деңгээлиндеги, болгондо да үйрөнчүк деңгээлдеги ыр саптардан куралган. Бул албетте эл жазуучусуна аброй апкелбейт.

Ии баса, эмне үчүн С.Раев поэзияга кайрылды, эмне үчүн ыр жазып калды деген суроого жооп издеп көрбөйлүбү. Биздин оюбузча, ал жазуучу катары, драматург катары көп жылдар өзүнүн күчүн сынап көрдү, далай-далай мактоо укту, сыйлыктарды алды, бирок, өзү эңсеген бийиктикти багынта албады, ошол себептүү ал өз күчүн поэзиядан да сынап көрөйүн десе керек.

Жогоруда эскерип өткөндөй, Кубатбек Жусубалиев да бир кезде ырга өтүп кеткен. Ооба, ал деле авангард стилинде антистандарт ырларды жазат. Арийне, анын ырларында ашөпкө эч нерсе жок, баары өз ордунда. Башка жазуучулар деле прозадан ташыркаганда ырга өтүшкөнүн көрүп жүрөбүз, бирок поэзия дүйнөсүнөн өз ордун тапкандары аз. Эптеп уйкаштырганды үйрөнүп алса эле, ыр жазат деген ушу экен деп ойлогондор көп. Мейли, ыр жаза беришсин, эч ким жазба дебейт, кеп ырды кемелине жеткире, окуган адам улам тамшанып окуй тургандай жазыш керек эмеспи. Кыздын сулуулугу – кыз жамалы агы ак, кызылы кызыл болуп, ажары адам тамшанткандай, ырда да уйкаштыктары, ички ыргактары, ырдын логикасы баары өз ордунда турбаса, ал чыныгы поэзия болбойт. А поэзия чоң чеберчиликти, устаттыкты талап кылат. С.Раев муну жакшы түшүнгөн, мурда-кийин ыр жазбаган соң, ал акын катары кыл чебер эместигин сюрреалисттик ыкма аркылуу символдорго жаап-жашыргысы келген. Окурман байкабай калар, жазуучулук даңкым менен ырларым өтүп кетер деген. Билебиз, С.Раевди мактай турган, мактаганда да мактап түгөтө албай тургандар четтен табылат. Кызганыч жок, мейли мактай беришсин, макташса С.Раевдин көңүлүн кыя албай макташар, анын ырларын түшүнүү үчүн эки-үч кылым керектигин айтышар, бирок, Манасты жараткан эл – поэзия эмне экенин билет. Улуу сөздү улуу кылган касиет менен сөздү булгаган ойлорду ажырата алат. Ушул өңүттөн алсак, «Антистандартта» андай деле антистандарт ойлор жок, сюрреализм сүртүмдөрү бар. Бирок, автор батыш кыртышына өнгөн сюрреализмди кыргыз ыр кыртышына жуурулуштуруп кете алган эмес.

Алыкул Осмонов дегенде, анын «Ата Журт» деген ыр саптары эске түшөт. Турар Кожомбердиев дегенде оту өчпөгөн коломтону, отту, энени эстейбиз. Сүйүнбай Эралиев бизге ар дайым кыштак кечтерин эске салат. Байдылда Сарногоев дегенде «чокудай бол кыргыздын жигиттери» деген асыл тилеги эске келет. Айтматов дегенде, Танабай, Толгонай, Эдигей, Казангаптын тагдырлары бир сыйра көз алдыдан сыдырылып өтөт. «Антистандарттан» кийин эсте эмне калат? «…Менструация…», «…кастрация…», «…маструбация…» же «ми…тен жаны жыргаппы»? «Бир карын майды бир кумалак чиритет» дегендей, «Антистандартты» төмөн тартып, беделин түшүрүп турган алты «кумалак» ушул. Акыл-эсти алай-дүлөй түшүргөн доордогу адам баласынын жан дүйнөсүндөгү пастыкты, эссиздикти салыштыруу үчүн, С.Раевге ушул алты сөздөн башка сөз табылбай калдыбы? Ким билет, жазуучу-драматургдун акындык дүйнө тааным концепциясы, «антистандартынын» бардык маңызы, философиясы мына ушунда болсо, анда С.Раев акын катары өз «максатына» жеткен.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов өткөн кылымдын 60-жылдарында «Замандаштарым менен сыймыктанам» аттуу макаласында «…дүйнөлүк адабий майданга чыгууну чындап эле каалай турган болсок, анда Пастернактын эмес, Горький менен Маяковскийдин жолун жолдойлу» («Замандаштарым менен сыймыктанам», 8-том. Ч.Айтматов, Чыгармаларынын 10 томдук толук жыйнагы, 484-бет) деп жазганы бар. Эгер, кыргыз улуттук поэзиясы дүйнөлүк адабий майданга чыккысы келсе, анда этек кирден башка деле темаларды жазса, айтса, антистандарттан башка стилди тапса, жок дегенде салттуу ырлардын тилине, стилине кайрылса эч жаңылышпайт.

Аягы

«Антистандарттагы» алты «кумалак»: Поэзия — порнография эмес: 1 комментарий

  • Декабрь 17, 2018 в 10:43 дп
    Permalink

    Анти-палванга Ыр-дүйнөгө салыптырсың будуң-чаң, Ырбатып ойлоруңду, башың маң. Ырларың акыр-чикирден куралып,
    Ыргылжыңда турасыңбы кыйналып?
    Жан-дүйнөңү ээледиби..»ациялар», Жамаганга жетээр бекен эми сыялар? Эңшерилген табитиңди оңдоого, «Ээнбаштыктын» агымын тороого?
    Чырылдаган түрүү суук терминдер, Чыркыраган чындыкты жазат кеменгер. Чырмадыбы же азгырдыбы сени «бакс’, Чыгармачылыгыңды же алсыраттыбы «климакс»?

Комментарии запрещены.