Шайгүл АЛСЕИТОВА: «Клеопатра – менин жан дүйнөмө жакын, көңүлүм көксөп жүрүп жараткан роль болду»

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


Ташкентте окуган жылдарымды кошкондо, театр менен жашап, сахнада – көрүүчүлөр менен жашап келе жатканыма быйыл 47 жыл болду. Ушунча жыл ичинде театрда жүргөнүмө өкүнбөйм. Капысынан келип калсам дагы кандай дейт элем. Биз кенедей кезибизден чыгармачыл үй-бүлөдө чоңойдук, биздин искусствого болгон фундаментибиз дал ошол балалыкта жатат. Апам жакшы ырдачу эле. Үнү бир башкача жагымдуу, коңур боло турган. Айрыкча Мыскалдын ырларын ырдап калса: “Ай, ий, биздин апабыз артисттердей болуп ырдайт”, — деп таң калып да, тамшанып да калар элек. Мектепке барганда биз да ырдадык. Атам кызматкер болгондуктан, улам бир районго которулуп, апам экөө кичинекейлерди алып көчүп-конуп кетишер эле. Чоңураактарыбыз чоң энем менен калчубуз.

Эсимде,  атам  китеп,  гезит-журналдарды   абдан  көп  окучу. Ошондуктан үйдө “Манас”, “Семетей” “Сейтек” сыяктуу, эпостор турар эле. “Кана, бул жерге чейин сен оку, андан кийин сен оку”, – деп чоң энем кошуна Зыйна апаны, башка абысынын жанына отургузуп алып, бизге китеп окутушчу. Ал кезде телевизор да чанда бир үйдө болчу. Сиңдим Тамара теледе диктор болуп жүрүп эрте кете бербедиби, экөөбүздүн удаабыз. Орус мектепте окуганыбызга карабай, кезектешип анан эпосторду окуп беребиз. Ошондо үч кемпирдин угуп отурганын көрсөң таң каласың:

“Атаны кокуй, аййе!” – деп жоолуктарынын учу менен коздөрүнүн жашын арчып, ыйлачу жерден ыйлап, күлчү жерден күлүп, ушундай берилип угушар эле. Ансайын кызыгып, берилип окучу элек. Көрсө, биздин үйдө бир чоң мектеп болгон экен. Биз ошол чоң энемдин мектебинен өтүптүрбүз. Ал бизди сахнага, дикторлукка, ырчылыкка – искусствого даярдап жүрүптүр. Сүйлөгөндө да жөн сүйлөбөй, уйкаштырып, жалаң макаллакап менен сүйлөсө: “Чоң апам мунун баарын кантип жаттап алган?” – деп таң калчу элек.

***

Сегиз кыз, бир эркекпиз. Бир кызыбыз кичинекей кезинде эле чарчап калган. Тамаранын да өмүрү кыска болуп калбадыбы, Айнагүл деген сиңдим да арабызда жок. Азыр беш кыз, бир эркек бар-быз. Концерт коер элек. Тамара дайыма алып баруучу болчу. Мени: “Советтер Союзунун эл артисти Шайгүл Алсейитова аткарат,” – деп тааныштырар эле. Мени монолог окутат, ырдатат. Берки кыздардын бирөөнү бийлетет, бирөөнү ырдатат, сүйлөтөт. Абдан дасыккан адамдай алып барар эле. Кийин Технологиялык институтту артыкчылык диплом менен бүткөнүнө карабай, акыры алып баруучу – диктор болбодубу. Көрсө, баягы кичинекей кезинде көкүрөгүнө салган үрөн акыры өнүп чыгат экен да. Чоң энебиз өзүнчө эле бир чоң көрүүчү, сынчы, күйөрман. Алакан чаап, эрикпей кубаттап отурар эле.

***

Кичи мекеним – Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун Бозучук деген айылы Курорттук аймак. Тоо десе тоосу, суу десе суусу, талаа десе талаасы бар, карагай-черлүү бир керемет жер. Шамал болгондо ошол карагайлардан желпилдеп, бир укмуштуудай аңкыган жыт келип турат. Тээ бир жылдары Төлөмүш Океев менен Сүймөнкул Чокморов биздин айылга барып: “Өзүм көлдүк болуп туруп, ушул керемет жерди көрбөпмүн. Ушундай да керемет болобу?” – деп таң калып кетиптир. Кийин райондогу маданият үйүнө сиңдим Тамара Алсеитованын атын коюшканда барып, ажайып жерге жети боз үй тиктирип, он эки айыл өкмөтүнө концерт койдургам. Ошондо карагайлуу жапжашыл тоо өзүнчө эле декарация болуп берген да. Баргандардын баары айлыбыздын сулуулугуна суктанып кетишкен.

***

Устатым – Бакен Кыдыкеева эле. Өзү да: “Ушул кыз мага окшош”, – деп мени жакшы көрчү. Айткан-дегенинен, баскан-турганынан, сахнага болгон мамилесинен көп сабак алдым. Өкүнүчтүүсү, Бакен эже сыяктуу корифейлердин тагдыры оор болду. Аябай баалап, барктаган эч ким болгон жок. Мына биз алардын артынан келе жатабыз. Бирок ушунча жыл, ушунча эмгек менен кантип унутта калтырсын деген ой келет. Театрдын басып өткөн жолуна абай салган адам болсо, сөзсүз биз көрүнөбүз да. Канча эмгек, канча өмүр дегендей. 1995-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти деген наам алгам. Бирок “Мени баалагыла, мага муну бергиле, тигини бергиле”, – деген сапат менде жок. Эми өздөрү көрүшөр, билишер, эмгек деген жерде калбайт, анын үстүнө карапайым элдин алкышы, баасы мен кубанган бир бактылуу сезим.

***

Өтө жакшы көргөн ролум… 1996-жылы болуш керек эле, Айкүмүш Исмаилованын “Махабат – өлүм” деген чыгармасында  Тынайымдын  ролу  абдан жаккан. Абдан жакшы образ, жакшы чыгарма. Ошондой эле “Сары келиндин” обра-зы – экинчи катардагы эле кичинекей роль, бирок мага жаккан. Муну менен Москвага да барганбыз. Көрүүчүлөр, сынчылар абдан жактырышкан. Анан, албетте, жашкезимден кыялданып, самап жүргөн ролум

– “Клеопатра” болду. Афродита, Медео, Клеопатра сыяктуу ролдого өзүмдүн ички табиятым тартылып турат, жан дүйнөм жакын. Акыры жүрүп Мар Байжиев биздин театрга ылайыктап, кыргызчалап жазып бербедиби.

***

Эл алдында “алас” айтып, Умай эне болуп жүргөнүмө он төрт жыл бо-луп калды го. Муну менин автордук программам десем да болот. Биринчи жолу Кайрат Иманалиев менен бирге “Каныкей апанын сөзү” катары, ал сөзүн жазып, мен музыкалаштырып иштеп чыгып, аянтта аткаргам. Элге жаккан экен. Ошондон бери адамдар жеке жакшылыктарына да чакырып жүрүшөт.

Кийин жаштар да “алас” айтып жүрүшөт дешет. Бирок умай эненин ролун өтө жаштар аткарган анчалык жараша бербейт деп ойлоп коем. Бир аз тотугуп калган жубандар айтканы туура. Умай эне болуш үчүн салт-санааны билген, коңур үнү, энелик салмак болуш керек.

***

Үйдө ырдап калам. Деги эле биздин үйдө ырдабаган киши жок. Таятам Байтүп илгери эл аралап ырдаган акын-импровизатор болуптур. Убукеевдин “Чыр дөбөсүндө” Байтүп деп, таятам тууралуу да айтылат. Абдан сөзмөр, жөн сүйлөбөй куюлуштуруп сүйлөгөн адам болуптур. Таякем да комуз чертип, жакшы ырдайт. Темирлан Сманбеков директор кезинде: “Эже, сиз жакшы ырдайсыз го. “Кош жылдыз”дегендолбоорго катышпайсызбы”, – деп калды. “Мен драмалык актриса болсом, жөн эле коеюнчу”, – деп кетенчиктесем, долбоордун жетекчиси Калипа Сейдалиева суранып болбойт. Ошентип жатып Айбек Саралаев деген деген ырчы менен ырдап калдым. Үнү абдан жакшы экен. Адегенде: “Эже, үнүңүздү байкайынчы”, – деп көрүп: “Эже, “Аста, секин колуктуну” ырдабайсыз-бы, үнүңүз дал келет экен”, – дейт. “Кой, айланайын, опералык ырды жөн эле коеюн”, – десем болбойт. Ошентип, бир-эки жолу ырдап көрдүк. Анан үн жаздырганыбыз деле, ашып кетсе жыйырма мүнөт болду. “Уушундай эле ылдам жаздыкпы?” – десем: “Ооба, эже, сиз даяр турбайсызбы”, – дешти. Ишенбей кайра уксам, жагып калды. Ошондо: “Кап, жашыраак кезден эле ырдай берсем болмок турбайбы”, – деп ойлоп койдум. Көрсө, өзүңдө бар нерсени байкабай, байкасаң да өрчүтпөй, “мейли, жүрө берсин” деген кыргызча мүнөз бар экен. Драмалык актрисамын деп эле бир жактуу жүрө берген экенбиз да. Жакында бир сценарий жазып алып, анда да бир ушуну ойлодум. Илгери Муканбет Токтобаев гастролдо жүргөндө ырдап, эл жакшы кабыл алып жатса: “Ай, Шакин, экөөбүз ырдабай жөн эле жүргөн окшойбуз. Эмнеге ырда-байбыз?” – деп калчу.

***

Улуу кызым – Кыял “Учур” театрында актриса. Азыр балдарын тарбиялап үйдө. Уулум – Марсел мурда Нурсултан Назарбаевдин оркестринде ырдачу, азыр Алматыда ырчы, продюсер. Жакында эле Барселонага барып эки клибин тартып келиптир. Бишкектеги Мирбек Атабеков, Омар, Аскар деген ырчы балдарды кичинекей кезинен ырга тартып, үйгө көп алып келчү. Кээ бир энелер: “Ушундай жакшы баланы тарбиялаган сизге рахмат. Балабызга жакшы жол көрсөтүп берип, ошо-нун үзүрүн татып жатабыз”, – деп калышат. Мирбек “ырдабайм” дечү адегенде. Ой-боюна койбой эле “ырдайсың” деп эрчитип жүргөнүн көрчүмүн. Кичүү кызым Айжан болсо – тилчи. Бирок чыгармачылыкты хобби катары алып жүрөт. Өзү чуркап, аракет кылбаса деле кинолорго чакырышат. Жакында дагы бир киного тартылып келди. Бетачары февралда болот экен. Жакында Алматыга кетет го, дагы бир киного чакырып жатышат.

Баары бир ата-эненин таасири тиет экен да. Менин үйдө роль жаттап жатканымды көрүшөт, ырдайбыз, спектаклге келишет дегендей. Мунун баары сабак балага. Өгүнү Казакстанга барсам Марсел менен иштеген продюсерлер, ырчылар: “Эжеке, Марселдей таланттуу баланы тапкан сизге ушунчалык ыраазыбыз. Ал абдан мыкты талант, мыкты адам. Сиз кандай бактылуу энесиз”, – дешсе, кубанып, көзүмө жаш тегеренди. Энеге мындан өткөн бакыт барбы?..