Көрүнөө окуялардын көмүскө жактары: Жалган ооганчылар аныкталып бүтөбү?

Ар бир окуяга ар ким өз деңгээлине жараша баа берет. Ошол эле учурда, окуялардын артында көмүскө турган жактары да болот. Биз да ушул рубриканын алдында коомдо резонанс жараткан айрым окуялардын көмүскө жагын ачып берип турабыз.

Генерал-майор Рысбек Мирзаматовго ооган ардагеринин дагы бир күбөлүгү мыйзамсыз берилгени жөнүндө социалдык тармактагы баракчасына дагы бир ооганчы генерал-полковник Абдыгул Чотбаев жазып чыкты.

Анын  тастыктоосу  боюнча,  бул күбөлүктү  ага  Коргоо  министрлигинин  Башкы  штабынын  Башкы уюштуруучулук-мобилизациялык башкармалыгынын ошол кездеги начальниги Замир Молдошев берген. Генерал-полковник 2004-жылы Р.Мирзаматов Ош шаарынын аскер комиссары болуп турганда өзүнө дагы бир күбөлүк жазып алган.

Негизи бул маселе кыргыздарда совет мезгилинен бери келе жатат. Союз убагында бир кыргыз жигит жок жерден аскер билетине чыныгы ооганчылардыкындай “ДРАда интернационалдык милдетин өтөгөн” деп жазып алып, Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетине жеңилдик менен өтүп, окуп жүрүп, кийин чектен чыккан  жоруктарды  жасай  баштаганда  гана ашкереленген.

Өз алдынча мамлекет болгондо кыргыздарга Кудай берип, 2016-жылы бул иш боюнча атайын түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия 159 жалган ооганчыны таап чыккан. Атүгүл парламентке депутат болууга үлгүргөн бирөө да жалган ооганчы экенине шектелип жүргөн. Алардын баары 6 миң сомдук жөлөк пул алышканы да аныкталган.

Дагы бир генерал-майор Нурдин Чомоев Коргоо министрлигинин башкы штабынын начальнигине чейин жеткенде гана анын Йемендеги согуштук аракеттерге катышканы калп экени аныкталган. Анткени, ал өлкөдөгү аскердик аракеттер 1962-жылдын октябрынан 1963-жылдын мартына жана 1967-жылдын ноябрынан 1969-жылдын декабрына чейин жүргөн. А Чомоев Йеменде 1986-жылдын июлунан 1989-жылдын июнуна чейин кызмат кылган экен.

Өздөрүн ооганчы кылып алгандардын арасынан 83 милиция кызматкери да аныкталган. Бирок милициянын прапорщиги Марат Аманкулов 1989-жылы Ооганстандан советтик аскерлер чыгарылып жатканда 15 жашта болсо, экинчи “ооганчы” – милициянын старшинасы Дамир Сарбаев 12 (?) жашта болгон.

Мына ушундан кийин кыргыздардын арасынан бирөөдөн “Марстагы согуштун катышуучусу” деген документ табылса да таң калбай эле коелу.