Абылгазиев менен Сагинтаев телефон аркылуу эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү орун алды. Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Маалыматка ылайык, телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, ошондой эле кеңири чөйрөдөгү маселелер, анын ичинде Евразиялык экономикалык биримдик алкагындагы   өз-арааракеттешүүнү активдештирүүнүн келечеги талкууланды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Казакстандын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаевөз ара соода жүргүзүүдөгү тоскоолдуктарды өз учурунда четтетүүгө байланыштуу келип чыккан маселелердибиргеликте натыйжалуу чечүү үчүн мындан ары карай эки тараптуу тыгыз аракеттешүүнү жөнгө салуу зарылдыгын белгилешти.