Сөз пайгамбары

Жазуучулук кесип, бул бир өзүнчө жана өзгөчө кесип. Аны бир топ жазуучу аталар, агалар, замандаш улуу-кичүүлөр менен маектешип отуруп жөн-салды кесип деп айтууга деги эле болбос! Ооба, ошондой эле жазмакерлердин чыгармалары менен таанышып отуруп, жөн-салды эле кесип десе деле болот го, — дегиң да келет!! Ал эми те-е Шота (Руставели), Шекспир, Толстой, Пушкин, булар керек болсо бекзаадалар, падышалар, дөө-шаалардан да бийик турган кесипкөйлөр эмеспи? Жо-ок, кесипкөйлөр деп аларды айтууга кантип болсун! Алар сөз пайгамбарлары, сөз кудайлары! Ушундай баалоо зарыл! Аларга шыкты, ошол кудайдын өзү берген, аларда күндүн алгачкы да, түшкү да, кечки да нуру катылган, аларда шамалдын да, жайкы жаандын да, кар-бурганактын да, деги койчу бардык кубулуштун сыры, чыны, бардыгы бар.

“Жазуучулук кесипке адеп эле киришкенде, – деп жазат кыргыздын белгилүү сынчыларынын бири Кеңешбек Асаналиев. – Бөтөнчө бул өнөрдүн түп маанисин түшүнө баштагандан тартып, адамды таанып билүү, анын жашоо машакатынын максаты эмне? “Канткенде адам – улуу адам болот?” деген суроого жооп табуу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгынын өзөгүн түзөт. Бул суроого бардык тарабынан жеткиликтүү, терең жооп берүүнү, жооп болгондо да мезгилдин, доордун өнүгүш даражасына, интеллектине толук шайкеш келгендей жооп берүүнү Чыңгыз Айтматов сүйүү темасынан, адабияттын, эзелки, түбөлүк темасынан баштады”.

Ооба, сөз эмне, кайсы чыгарма жөнүндө бара  жатканы  айтпаса  да  түшүнүктүү. Ошондой эле Чыңгыз Төрөкулович “Обондон”  далай  жыл  кийин  жазган  публицистикалык  макалаларынын  биринде: “Жашоонун түбөлүктүүлүгүн сезүү, балага берилген жаңылыктарга суусоо – акылмандарга таандык” деген сүйлөмүн окуйбуз. Жашоонун түбөлүктүүлүгүн сезүү Чыңгыз жазуучуда бала кезде калган калыбын анча деле өзгөртпөй сакталып калган сыягы бардай, болбосо К.Асаналиев белгилегендей: “Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы сүйүү темасынан, адабияттын эзелки түбөлүк темасынан башталбас эле!”

Айтматов – адам, Айтматов – калем чебери жөнүндө ой калчаганыбызда, Сократтын тереңдиги менен бийиктигине барып такалабыз. Сократтык өзгөчөлүк жөнүндө: “Андай адамдар табийгаттын туундусу эмес, алар өздөрү каалагандарын өздөрү жасап алышкандар, ошентип ошондой адамдар өздөрүнүн аракеттерине өмүрү өткүчө чын дилден кызмат кылышат”, – деп улуу философ Гегель эң сонун белгилептир. Айтматов да бала кезде эмнени кааласа, ошону жасап алды. Алдыда иштей тургандары үчүн саамга да токтоп турбады. Ушул себептен 24-25терге толуп-толо элек курагында Данияр менен Жамийлага, Сейде менен Сейитке кез болду. Ошол себептен, андан он эле жыл илгери башынан кечирген август түндөрү, андагы Даниярдын обону кулагында жаңырып атты…

… Жигиттер күүлөп туруп Жамийланы сууга ыргытканда, дуу жарылган күлкүгө суу дагы дуу жарылып, күмүштөй чачырандылар бүркүлдү. Али да күлкүсүн тыйбаган Жамийла, суудан күлө тура калды. Ошол чачы саксайган, суу бойдон ал мурункусунан да сулуу көрүндү. Чыт көйнөгү эт-этине жармашып, мүчөсүнө кыналып, тирсийип түйүлгөн эмчектен тартып, белине чып бурала, соорусунан жалгаланып, чың булчуң сандарына оролгон. Сүрөткердин тарткан сүрөтүнө баракелде! Жамийла анда ким, Жамийланын жанындагы жигиттер, ошол эле Данияр баш болуп, алар кимдер?

… Кечээки коом, келди да жөнөп кетти,
Алды-берди, бергенин ченеп кетти.
Кан төгүлдү, от күйдү, жер өрттөндү,
Сел жүрдү, булут көчтү, өткүн өттү…

Аталар отуз, кыркта каза тапты,
Алдыда эч күнөөсүз жаза жатты.
Согуш деген эстрада ыры эмес,
Кан акты, дене муздап, жүрөк катты.

Ал кесепет, жер кезип, талаа кезип,
Алыс менен жакынды бирдей сезип.
Согуш жүрдү аралап тоону-түздү,
Ким койгун, – дейт айттырбай келсе жетип.

Сейит ушул, он үч жаш, он төрт жашар,
Ат араба, толо жүк Жамийлалар.
Темир канат, боконо катый элек,
Да бирөөндө унчукпас Данияр бар?!

Бул сыноо, билгендерге катуу сыноо,
Такалган ач бөрүнүн азуусунда.
Чыдашты кырчын жаш Жамийлалар,
Чырмайышып тагдырдын жазуусунда…

Ошондой болду ал кезде айыл сайын,
Мүмкүн эмес тизмелөө алар жайын.
Согуш жөнүн билбе да, укпай да кой,
Ал жексур ким-кимдерге эмес дайын!

“Өмүр, өлүм курч мизде калтылдаган”,
Ушул бир сөз жөн салды айтылбаган.
“Согуш деген – жанды оозго тиштеп басуу,
Алаамат ал, өмүр деп кырчылдаган”.

Даниярдын бул сөзү чындык сөзү,
Кенедей да калпы жок кара көзү.
Согуш ишин жомоктоп отуруу эмес,
Элестөө эле… канчалык азап өзү.

Данияр… арабада август кечи,
Аркасында жаш улан Сейит өзү.
Үч адам… үч башка, үч дүйнөдө,
Жашоо да үч башка, аласа-береселүү.

Аңгыча… андайды эч ким болжобогон,
Болот бу деп таптакыр ойлобогон.
Бирге иштеп, жүрүшкөн Даниярдан,
Жаңырды жан-жагынан укмуш обон.

Бул обонго жаш Сейит ыйлап турду,
Жамийланын ич-муңун нурдап турду.
Данияр обон салса, түндү көзөп,
Өзү да өңгөлөрдөй жыргап турду.

Ошол үн эмес эле, жөнөкөй үн,
Булбул эле бир ачкан көмөкөйүн.
Көлкүп турду ай дагы так төбөдө,
Жылдыздар да түз кадап чечекейин.

Обон… обон… окшогон, окшобогон,
Обон… кайрык тынымга токтобогон.
Өзүң деги каяктан жаралгансың,
Канча кайрык тереңди октобогон.

– Өх тынымга, сезим да жагалданып,
Ушул саамды күткөнбүз даярданып.
Эмки обон, эми эле кетти кайда?
Кеттиби ал жүрөк отун тутандырып.

Жакшылыктан кара ойлор коңторулуп,
Түйшүктүн карт дарагы омкорулуп.
Обон… обон тынымсыз созулууда,
Көргөн азап, аз-маздан ойдон чыгып…

Анткен сайын, адамдар баарын жазат,
Акыл-ойго жеңилген тарткан азап.
Жүлүндү өрдөп, жүрөктөн чыккан обон,
Түндү жарып туш-тушка жатты тарап.

Ошого орток августтун жагым жели,
Жигиттин да үнүндө жоктой чеги.
– Каяктасың асылым, издеп келем,
Таап алдыбы, тагдырым, сени эми!?

Казактын белдүү жазуучуларынын бири Шерхан Муртаза менен болгон мезгилди эрк-сизден эске түшүрөм.

Ал Чыңгыз Айтматовдун бир катар чыгармаларын казак тилине сүйлөткөн адам. Ал толкундануу менен мындай деген эле: “Мен Чыңгыз Айтматов жөнүндө жаңылык ачайын деген деле ойдо эмесмин, бирок өзүмдүн а киши менен чыгармачылык карым-катышым тууралуу айрым пикирлеримди ортого салгым келет: “Мен жазуучунун “Бото көз булак” деген чакан повестин казак тилине которгон элем. Андан кийин анын “Жаныбарым, Гүлсары” повестин котордум. Бу чыгарманы автор повесть деп атаган, бирок мен аны роман деп атаар элем. Чыгарма чоң сыйлыкка ээ болгон көркөм дүйнө. Андан кийин котор-гонум Чыңгыз Айтматовдун “Көздөн учкан көк жээк” повести болду. Мен анын алгачкы романы, болгондо да Манастын ак кар, көк музундай бийик “Кылым карытар бир күн” деген чыгармасын котордум. Бул чыгарма бул күндөрү бүткүл дүйнө жүзүнө тарап кетти. Ал эң чоң ааламдык маселени көтөргөн бийиктиги менен чоң сүймөнчүлүккө ээ болууда. Чыгармада сүрөттөлгөн жети-сегиз үйдөн турган кичинекей разъезде жашашкан адамдардын турмушу, иш-аракети, ой-санаасы аркылуу азыркы мезгилдеги бүт жер шарындагы адамдардын ар биринин оюна түшө турган чоң маселени, доор маселесин көтөрүп чыкты. Мен бул чыгарманы казакча “Бороонду бекет” деп атадым. Чыгарманын башкы каармандары Эдигей, Казангап жана ушул эки адамдын тегерегиндегилер. Жазуучу кичинекей гана айылдагы адамдардын тагдыры аркылуу бүтүн дүйнөнүн бүгүнкү ой-санаасын ааламдык деңгээлде көтөрүүсү бардык эле сүрөткердин колунан келе бер-бей турган нерсе. Ал Чыңгыз Айтматов сындуу чоң жазуучунун гана колунан келе турган үлкөн дүйнө”.

Казакстандын Илимдер академиясынын академиги, белгилүү адабиятчы, Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин профессору Турсунбек Какишов менен маектешкенимде, өмөнкүдөй жоопту уккам: “Чыңгыз Айтматов жеке эле кыргыз, казактын жазуучусу эмес, бүткүл дүйнөнүн жазуучусу. Кудай ушундай азаматты, калем чеберин берген эл – мартабасы бийик эл! Ал бүткүл ааламга өзүнүн үлгүсү, өзүнүн өзгөчөлүгү менен аалам адабиятына үлүш кошту. Чыңгыздын эмгектери, чыгармалары, асиресе роман, повесттери жеке эле мага эмес, бүткүл окурман-арына чоң таасир берип келе жатат. Мисалы, мага өзгөчө жаккан чыгармасы “Кылым карытар бир күн” деп маңкурт жөнүндө буга чейин болуп көрбөгөн ой таштады. Казактын залкар жазуучуларынын бири Абиш Кекилбаев Чыңгыздан мурда маңкурт жөнүндө аңгеме жазган, бирок ал Айтматовдой бийиктикке көтөрүлө албады. Маселе алып чыгууда, жа-зып коюуда эле эмес, маселе – маңкурттун образын ачууда. Бул маңкуртчулук бүткүл советтик жана постсоветтик өлкөлөрдө бар, бирок сыры ачылбаган “феномен” эле. Биз көптөгөн жылдар интернационализм деп куру кыйкырып жүрбөдүкпү!”

Доор добушун таасын сезген улуу жа-зуучунун калемдеш агасы, Кыргыз Республикасынын  эл  акыны  Сүйүнбай  Эралиев Чыңгыз Айтматовдун жазуучулук башат-дүйнөсүн түздөн-түз ата журту Шекер, Талас жергеси менен байланыштырып мындай дейт: “Башка адамдарга караганда, Чыңгызда жердин энелик сезими менен байланышы өтө күчтүү окшойт. Мына, карабайсыңарбы, эки жолку тою тең ушул туулган жеринде, өнүп-өскөн топурагында башталып жатат. Эл-журттан, агайын-туугандардан бата алып туруп, анан башка жакта өткөзөйүн деп жатат. Бул Чыңгыздын улуулугунун бир белгиси. Шекер айылы, өзүбүздүн айыл, мен Чыңгыз менен бул жерге аябай көп келгем. Бул  өзү  ыйык,  көптү  башынан  өткөргөн касиеттүү жер.

Эл чубап-чубуруп ушул Шекер айылына келип жатат. Бул жерде бир кезекте Чыңгыз туулуп-өсүп,  Чыңгыз  жуткан  абадан  дем алыш үчүн, Чыңгыз ичкен суудан ичиш үчүн, Чыңгызды өстүргөн, чоңойткон эл-журт менен таанышыш үчүн келип жатышат. Танабайдын, Даниярдын, Жамийланын баскан тургандарын көрүп кетиш үчүн келип жатышат. Чыңгыздын чыгармаларын окуп алышып, эмне деген укмуш жер дешип жетине албай сүйүнүп келип жатышат. Бир философ адам: “Улуу адамдар жарык болот. Электр жарыгы сыяктанып жарык чачып турат”, – деп айткан экен. Мына Чыңгыз ошондой өзүнөн жа-рык чачкан адам. Чыңгыздын жарыгын азыр бүткүл дүйнө кабыл алып, ошондон пайдаланып жатат. “Манас” эпосунда хан Манас Ба-кай абага кайрылып:

Алдыда жүрсө, сан колдой,
Арада жүрсө, ак жолтой, – деген. Биздин Чыңгыз кыргыз элине мына ушундай ак жолтой адам. Мына ошол кудуреттүү Чыңгызга жер берген, ушул эл берген. Ошондуктан Чыңгыз элге, жерге дайыма сыйынат, дайыма таянат”.

Француз  ойчулу  Монтень:  “Эгер  сен күнүмдүк турмушка ой калчап жана оюңду аздан болсо да жашооңо колдоно баштасаң, азаматсың. Сен анда улуу иш жасаганың” деп айткандай, Чыңгыз улан ошол он, он эки жаш курагында жашоо жөнүндө ойлонбосо, адабиятта ачылыш жасоого жетишет беле. Жок, жетише алмак эмес. Бу күндөрү 90 жылдыгы белгиленип жаткан Чыңгыз Айтматов улуу ишти жасап кетти.

Тенти ОРОКЧИЕВ, жазуучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер