Жардам берип, жагымдуу маанай алган ыктыярчылар

Даярдаган Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, “Кыргыз Туусу”


Элибизде “бекер жатканча бекер иште” деген сөз бар эмеспи. Анын сыңары, өзүнүн иши, окуусу туруп, жашоосунан убакыт ашырып, аны жардам берүүгө арнаган бүгүнкү күндүн көзгө көрүнбөгөн адамдар бар – алар ыктыярчылар. Алар мамлекеттик маанилүү иштерден тарта, багар-көрөрү жок кары адамдардын күнүмдүк турмушуна чейин көмөк көрсөтүп келишет. Маселен Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ыктыярчылардын кылган эмгегин атап өтсөк болот. 5-декабрь мына ошол ыктыярчылардын эл аралык күнү катары белгиленип келет. Ушуга байланыштуу ыктыярчылык менен алектенип, бүгүнкү күндө коомчулукта өз ордун таап калган инсандарыбызды кепке тартып көрдүк.

Жеңишгүл ТОГОЛОКОВА, журналист: “Жусуп Абдрахмановдун кызына кам көргөм”

Азыркы учурда ыктыярчылык менен алектенем. СССР учурунда бизди «тимурчулар» деп тарбиялашкан. Алар багар-көрөрү жок  карыларга  жардам беришчү. Лагерлерге, балдар үйүнө барышчу. Ошондон улам жан дүйнөмө сиңип калган окшойт. Үй-бүлөдө да ар дайым «жардам бериш керек» деген тарбия менен өскөм. Студенттик кезде деле ар кандай иштерге жардам бере калчумун, бирок ал учурда мен ыктыярчы экенимди билчү эмесмин. Өзүм журналист катары Таласта иштеп жүргөнүмдө, Кызыл ай коому тууралуу угуп калып, ыктыярчы болсом деген ой пайда болгон. Кийин ыктыярчылык менен алектенип калдым. Билинбей эле 3 жылдан ашып калыптыр ушул багытта иш алып барып жатканыма. Мамлекеттик мекемелерде иш алып барып жүрдүм, ошол учурда эле дем алуу күндөрү кары адамдарга жардам кылып, күнүмдүк турмушундагы иштерге кол кабыш кылчумун.

Ыктыярчы болуу деле оңой эмес. Себеби, жеке жашооң, өзүңдүн турмушуң бар. Ден соолугуң начарлайт, психологиялык ар кандай абалдар болот дегендей. А бирок ошол кары адамдардын ар дайым күтүп турганы адамга күч-кубат берет.

Учурунда Жусуп Абдрахмановдун кызы Ленина Абдрахмановага жардам берип жүрдүм. Мен үчүн мындай улуу адам менен чогуу жүргөн учур абдан жагымдуу. Себеби, анын атасына болгон сүйүүсү, ага болгон урматы, анын атын булгабаш керек, атасын уят кылбаш керек деген нерсени карманып жашачу.

Андан кийин көптөгөн кары адамдар менен иштешип жүрдүм. Кары адамдар менен иштешүү дагы башкача болот. Себеби алардын мүнөзү өзгөрүп, таарынчак болуп калышат. Ошолордон жол таап, аларды жашоосуна үмүт берип, шыктандырып туруш керек. Алар үчүн тааныбаган эле адам келип кам көрүп турганы абдан жагымдуу нерсе катары эсептелет.

Көпчүлүк тааныштарым бекер иштеп жүргөндөй сен эмне “келесоосуңбу” деген сыяктуу таң калууларын көп угам. Чынында адам ушундай жаралса керек. Бири-бирине жардам берип, жок дегенде бир адамды кубантып калсам деген ичимде тилек бар. Ошондуктан ыктыярчылык кылып жатканым үчүн сыймыктанам жана ошол нерсени али да уланта берем, буюрса.

Союзбек НАДЫРБЕКОВ, Көчмөндөр оюндарынын катчылыгынын өкүлү: “Ыктыярчылык – тажрыйба топтоонун бир жолу”

Жашоодо  адам билимдүү,   тажрыйбалуу  болушу  керек деп дайыма айтылып келет. Билимди,  окуп  өзүбүздү өнүктүрүп, ар кандай өзүнүн жолдору менен алса болот. Ал эми тажрыйбаны сөзсүз түрдө өзүңдүн маңдай, жон териң менен сезип, иштеп көрүп гана ала алабыз. Учурда кандай жумуш болбосун тажрыйбасы бар адам керек деген нерсе чыгып жатат. Ал эми университетти жаңы эле бүткөн адамда кайдагы тажрыйба болот? Ошондуктан ушундай өзүбүзгө кошумча салым кошуу жолдордун бири – бул ыктыярчылык деп ойлойм.

Маселен Көчмөндөр оюндарын алалы, ал жактан ыктыярчылар чет өлкөлүк конокторду тосуп алып, алар менен үйрөнүп жаткан чет тилин тажрыйбалоо, тааныш күтүү, алардан жаңы нерселерди үйрөнүү менен өздөрүнө бир кыйла салым кошо алышты. Ошондой эле бул нерсе мамлекетке дагы чоң жардам болду десек болот. Анткени ошончо конокту тосуп алуу, аларды жайгаштыруу, биздин өлкөнүн конок жайлуулугун көрсөтүү менен туристтик потенциалыбызды жогорулатууга мүмкүндүк түзүлдү десек болот.

Коом энтузиасттардын эсебинен кармалып турат деген да сөз бар эмеспи.

Улан ҮСӨЙН, “Көчмөн” коомдук фондунун жетекчиси: Азыркы алектенген ишим «ыктыярчылыктын» артынан келген

Ыктыярчы деген, тээ илгертен келе жаткан кыргыздын «бекер жатканча,  бекер  иште»  деген сөздүн маанисиндей эле. Бирок, жумушу жок, иши жоктор эле эмес, иштен, окуудан кийин бош убакыт таба алсаң ыктыярчылыкка жумшасаң болот. Биздин коомдо ыктыярчылык  десе,  бекерчи, бекер жумушчу күч деп кабыл алынып калган. Акыркы жылдары гана мындай ойлор жоюлуп, ыктыярчылык позитивдүүлүккө айланып барууда. Ыктыярчылар азыр чоң күч жана ыктыярчы болуу сыймык.

Ал эми алардын пайдасы төө көтөргүс! Мисалы азыркы алектенген ишим, тамак жеп жаткан каражатым ыктыярчылыктын артынан келген. Анткени бул тармакта жүрүп кичинемден тажрыйба топтоп, чоң иштерге аралашууга алып келген. А азыркы заманда дипломуң да, теорияда билгениң мааниге ээ эмес. Колуңдан келеби, иштин көзүн билесиңби мына ошол баарын чечет. А бул нерсе ыктыярчылыктан келип чыгат. 21-кылымда адам үч нерсеге ээ болсо, коомунун мыкты лидерине айланат. Алар коммуникабелдүү болуу, командада иштей алуу жана чыгармачылык. Ыктыярчылыкта ушу үч тармак тең өрчүйт.