Адабиятсыз да маданият болобу?..

Жыпар ИСАБАЕВА, «Кыргыз Туусу»


Акын Маркабай ААМАТОВ менен маек.

– Эл аралык адабий сыйлыгыңыз кут болсун! Ушул сыйлык тууралуу окурмандарыбызга айтып берсеңиз?

– Бул сыйлык боордош Азербайжан Республикасынын Жазуучулар Союзу жана Махмуд Кашкари  атындагы  эл  аралык  фонд тарабынан 2006-жылы негизделген экен. Бул сыйлык Евразия жана түрк ааламынын бирдиктүүлүгүн даңазалап, бул багытта ири салым кошкон инсандардын эмгегин баалоо максатын көздөйт экен. Мага дейре сыйлыкка Түркиянын тогузунчу президенти Сулейман Демирел, казак элинин акыны Олжас Сулейменов, Азербайжандын атактуу жазуучусу Чингиз Абдуллаев, Баку мамлекеттик университетинин ректору, академик Абель Магеррамов, түркиялык профессор Намик Камал Зейбек, орусиялык профессор Ильхам Ибрагимов, казактын классик жазуучусу Сабит Досанов татыктуу болгон экен. Жогоруда аты аталгандардан улам, бул сыйлыктын эл аралык кадыр-баркынын канчалык экендиги көрүнүп турат.

– Ушул жылы калемдештериңиз сиз үчүн өзгөчө жемиштүү жыл болду деп жатышат…

– Быйыл «Адашкан махабат», «Дүнүйө – Жалган» аттуу поэтикалык, «Кантөрө Токтомаматов: Өмүр өрнөгү», «Кимсанбай Абдыразак уулу: Каада-мурас» аттуу китептерим чыкты. Менин котормомдо казак жазуучусу Сабит Досановдун «Адамзаттын энеси» аттуу спектакли К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл драма театрынын сахнасында коюлуп, Астанага дейре гастролдоп келсе, дагы бир «Карышкыр улуган түндө» аттуу драмасы Кыргыз мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында сахналаштырылып, учурда Казакстандын Талды-Коргон облусунда өтүп жаткан эл аралык фестивалга катышып, жакшы баага татыганы тууралуу кабар эшитип жатам. Фестиваль тыянагы жарыя боло элек. Буюрса, котормо жанрында да жигердүү эле иштеп жаткандаймын.

– Түрк ааламындагы белгилүү жазуучулардан дагы кимдерди котордуңуз эле?

– Азербайжандын атактуу жазуучусу Гусейн бала Мираламовдун «Арман» аттуу повестин кыргыз тилине которуп чыгардым. Бул чыгарма кайгылуу Карабах окуясын баяндайт. Китеп окурмандар тарабынан жакшы кабыл алынып, 2006-жылы мени Азербайжан Республикасынын жазуучулар кошунунун ардактуу мүчөлүгүнө кабыл алышкан. Андан кийин түрк ааламына кеңири таанымал акын Эльхан Залдын ырларын которуп, кыргыз окурмандарына тартууладым. Казак акын-жазуучуларынан Сабит Досановдун, Улукбек Есдаулетовдун, Иранбек Орозбаевдин, Акылбек Шаяхметтин, Казымхан Бегмановдун аңгеме-повесттерин, ырларын, драмаларын, өзбек акындарынан Хайдарали Убайдуллаевдин ырларын өз-өзүнчө китеп кылып чыгардым. Аз да болсо адабият достугу аркылуу боордош элдерди жакындатууга аракет жасап келем.

–  Жакында  Чыңгыз  Айтматовдун 90 жылдык мааракесин утурлай Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтүптүр, бул иш-чара тууралуу кабардарсызбы?

–  Биздин  кыргыз  акын  жазуучулары бул  иш-чараны  утурлай  «Ала-Тоо»  журналынын атайын чыгарылышын даярдап, өзбек акын-жазуучулары «Жахон адабияты»  –  «Дүйнө  адабияты»  журналынын бир санын чыгарууну пландап жатышкан. Өзбекстанда  Ч.Айтматовдун  90  жылдыгына карата иш-чара өтүптүр. Биздин маданият кызматкерлери концерт берүү менен гана чектелип кайра келишиптир, ушу кантип болсун? Ага катышкан бир да кыргыз жазуучусу болбоптур. Билбейм, азыр бизде адабиятсыз маданият болуп баратабы, айтор ушундай окуя жүз бергени өтө өкүнүчтүү.