Көрүнөө окуялардын көмүскө жактары: Кимге тийбегиле, Кимге!

Ар бир окуяга ар ким өз деңгээлине жараша баа берет. Ошол эле учурда, окуялардын артында көмүскө турган жактары да болот. Биз да ушул рубриканын алдында коомдо резонанс жараткан айрым окуялардын көмүскө жагын ачып берип турабыз.

7-декабрда Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы “Вечерний Бишкек” басма үйүнүн мурдагы ээси Александр Кимдин арызы боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Бул, анын басма үйүнө жана “Рубикон” жарнама агенттигине кайрадан ээ боло ала турганын билдирет. Негизи бул эң көп нус калуу орус тилдүү гезит кандай гана бийлик болбосун, дайыма талаштын, тартып алуунун предмети болуп келет.

Убагында Аскар Акаевдин үй-бүлөсүнө жакын адамдар тартып алышса, кийин Бакиевдер кланы да бул иштен четте калган эмес. Акырында Алмазбек Атамбаевдин бийлиги учурунда 2014-жылдын сентябрында Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмил Аксамаевдин чечими менен жубайлар Александр жана Галина Рябушкиндерге менчикке берилген.

Биз бул талаштын майда-чүйдөсүнө токтолуп отурбайлы, бирок, бир гана мыйзам ченемдүүлүктү айта кетели. Анткени, Александр Кимдин менчигин – “Вечерний Бишкекти” тартып алуудан улам эле өлкөдөгү бийликтин мыйзамсыз жолго түшкөнүн билсек болот окшойт…