КТРК менен жашташпыз

Кыргызтелесинде өмүрүмдүн жаштыгы, жашоомдун жакшы учуру өттү. Ошол убактагы теленин белгилүү инсандары, таланттуу адамдары менен жанаша иштеп, алардан таалим-тажрыйба алдым. Быйыл теленин уюшулганына 60 жыл болуптур. Мен да алтымышка чыктым. Ошол иштеген жылдары эсте калган кызыктуу окуялар тууралуу айтуунун кыябы келди го деп ойлойм. Бир чети ал күндөр теленин бир үзүм тарыхы эмеспи. Анын үстүнө КТРКда жөнөкөй редактордон вице-президент кызматына чейин иштегениме албетте сыймыктанам.

Кыргыз музыкасын изилдөөчү В.Виноградовго барганда

1989-жылы Москвада СССР эл депутаттарынын 1-2- съездеринин ишин чагылдыруу милдети мага жүктөлдү. Съезд өтүп жаткан күндөрү бош убакыт таап, белгилүү музыка изилдөөчү Виктор Виноградовду издеп таап, аны менен жолугууну максат кылдым. Оператор Игор Пай видеокамерасын ийнине асынып, техник Алексей Яковлев камерага керектүү шаймандарын бир сумкага толтуруп, мен штатив көтөрүп Москвадан В. Виноградов жашаган үйдү бат эле таап алдык. Баскан-турганы тың, акыл-эси тунук шыпылдаган карыя экен. Анын иш бөлмөсүндө ал-жайды сурашып отурдук. Эски серванттын үстүндө Токтогулдун кичинекей айкели турат. Ал кыргыз жергесинде жүргөн жылдарын эстеп, айтып отурду. Дароо камераны иштетип, тартып алганга алганга кириштик. “– Мен Кыргызстанга барганда Муса, Атай залкарларга жолукканда эле андан аркы тагдырымды алдын ала аныктап койдум. Бир эле комузчу, обончу, ырчыларды изилдөө бүт өмүрлүк ишим экенине көзүм жетти. Мен ошол аксакалдарды таланттар деп айтсам алардын баасын төмөндөткөн болоор элем. Алар не деген керемет адамдар эле – деп, манжалары менен алардын аттарын атай кетти. – Муратаалы, Карамолдо, Атай, Ыбырай, Калык, Шаршен, Муса жана башкалар. Ошолордун ичинен менин мыкты досум Коргоол болчу. Мени ошол залкар карыялар орусчага тилдери келбей кыргызча эле «Бектур» деп чакырышчу. Ошол кезде жаштары өйдөлөп карыя болуп калса да Атай менен Карамолдо нота таанып, окуп калды. Аларды мен Москвада окуттум. Москвадагы музыка таануу курсунун жетекчиси катары, аларга дайыма орус классиктеринин музыкаларын уктуруп жүрдүм. Алар албетте, орус тилин билчү эмес. Котормочулар аркылуу сүйлөшүп турабыз. Кези келгенде Прокофьев, Гленэр деген атактуу композиторлор менен жолугуштуруп турдум. Муратаалы аксакал жетимиш жашында филармонияга кирген. Улгайып калган чагында нота үйрөнгөн. Анын колундагы кош кылдуу кыл кыяктан чыккан күүнү уккандар өз кулактарына ишенген эмес. Кадимки эле аттын куйрук кылы тартылган аспаптан ушундай кооз үн чыгат деп, эч ким ойлобоптур. Мен Муратаалынын татаал күүлөрүн кыркынчы жылдары магнитофонго жаздырып калдым”, – деген эле.

Кыргыздын  залкар  музыканттарын окуткан, алар менен убагында чогуу жүрүп, музыкаларын нотага түшүргөн кадырлуу карыяны таап, бир саам болсо да сүйлөшүп алганыма ыраазы болдум. Кийин В.Виноградов жөнүндө атайын программа уюштуруп эфирден бергенбиз. Тилекке каршы ошол тартып алганыбыз сактал-бай калганына ушул убакка чейин ичим күйөт.

“7 күн” биринчи бизде чыккан

“Ала-Тоо” программасында иштеп жүргөн жылдары “7 күн” дегенпрограмманы ачканбыз. Анда маалымат редакциясынын башкы редактору Александра Черемушкина болчу. Башкы режиссеру Айсулуу Хамзамулина. Орусчасын Римма Григорова, Кадырбек Абдраев кыргызчасын мен алып барчумун. Белгилеп кетчү жагдай биз аны орусча кыргызча аралаштырып да берип жүрдүк. Бизден кийин Москвада ачылып, аны Эдуард Сагалаев менен Александар Тихомиров алып барчу. Ал 1990-жылы жабылып калган. А бизде болсо ушу убакка чейин жашап жатат. Албетте аттары өзгөрдү. Бирок мазмуну ошол эле бойдон калды. Идея ириде бизден чыкканына мактанчубуз.

Демирелдин КТРКга белеги

1992-жылдын жазында Баян Сарыгулов жетектеген бир фонд КТРКнын журналисттерин биринчи жолу чет мамлекетке жөнөткөн. КТРКдан Жылдыз Муслимова, оператор Кубан Мырзабаев, “ВБ” кабарчысы Кабай Карабеков болуп чартердик рейс менен Түркияга чыгармачылык командировкага сапар алганбыз. КТРКда видео камера деген тартыш эле. Профессионалдуу эки гана Ветакам камерасы бар болчу. Калганы кичинекей ВХС камералар. Бизге ары карап ыйлап, бери карап күлүп, чет мамлекетке барып жатасыңар, жакшыраак камера менен баргыла деп, сары майдай сактап тартышкан Ветакам камераны беришкен. ТРТда иштеген кесиптеш түрк достордун жардамы көп тийди. Биздин алар үчүн эски, кээде бузулуп калган камерабызды көрүп кейишти.

–Бизде мындай камералар жыйылып турат. Силерге бергенге шарт бар. Бирок уруксат алыш керек. Премьер-министр Сулейман Демирелден да интервью алганды уюштуруп берели. Ошондо а кишиден сурасаңар болот дешкен. Ошол сөз менин кулагыма кыт куйгандай уюп калган.

Түркияда айрыкча тележурналисттердин кадыр-баркы өтө жогору экенин сездим. Түркиянын жогорку окуу жайында окуп жаткан Айгүл Эрик кызы бизге тилмеч болуп берди. Өкмөт үйүндөгү бир бөлмөдө оператор камераны коюп, микрофонду даярдап, мен бере турган суроолорду кайталап, даяр турдук.

Жыйырма мүнөттөн кийин Сулейман Демирель эки жардамчысынын коштоосунда кирип келди. Башымдагы ак калпагымды көрүп: «Шапкаң эң сонун экен» – деп суктанып койду. Интервью бүтөөр-бүткөнчө кыябын таап, камера сурайм деген ой жадымдан кеткен жок. Суроолордун арасында берсемби, бүткөндөн кийин сурасамбы деп бушайман боло баштадым. Сурай турган учур ушул. Эгер мында сурай албасам, анда түрктөр айткандай иш тамам болот. Шашылбай, жыйырма мүнөттөй интервью берди. Басма сөз кызматтын өтүнүчү боюнча мурунтан даярдалып берилген суроолорубуздун алкагынан да чыгып кеттик.

Интервью аяктаганда: – Урматтуу Демирел мырза, менин сизден бир өтүнүчүм бар эле, – дедим. Айта бериңиз, дегендей  кулак  түрүп  калды.  Менин  видеокамера  жагынан  жардам  берсеңиз  деген  сөзүмдү,  Айгүл  төкпөй-чачпай которуп  берди.  Ал  кунт  коюп  угуп туруп:

– Макул, эки камера белек кылалы, силер  макулсуңарбы?  –  деп  өз  жагын карап койду. Жардамчылары блокнотторуна бир нерселерди жазып алышты. Премьер кеткенден кийин бизди узатып жүргөн Жамгыр бей колумду кысып, куттуктады. Ошол камераларды беш жылдан ашуун убакыт колдондук. «Эки камера алып келдик», – деген кабар укканда КТРКнын директору Сатыбалды Жээнбеков менен орун басары Байма Сутенова маңдайлары жарыла сүйүнүшкөнү күнү бүгүнкүдөй эсимде.

Назарбаев издеткенде

1989-жылдын жазында болсо керек. Орто Азия жана Казакстан Республикаларынын Коммунисттик партияларынын Борбордук комитеттеринин биринчи катчыларынын жыйыны өттү. Ага Москвадан КПСС БКнын катчысы Егор Кузьмич Лигачев жетектеген делегация катышты. Мындайда Кыргыз-телерадионун  кабарчылары  топ-топко бөлүнүп, анын ишин чагылдырууда иштеп жаттык. Мен “Ала-Тоодо” редактор болуп иштечүмүн. Кыргызчасы бүткөндөн кийин орусчасы уланчу. Сюжеттер кайталанчу. Интервью берген адамдар да эки тилде сүйлөп берчү. Ошол жыйындын ишин чагылдыруу үчүн орус бөлүмүнүн редактору Камил Султанбеков оператор Эмил Догдуров дайындалдык. Ошол биринчи секретарлардын ичинен кимди сүйлөтүп алсам деп, ойлонуп отуруп Казакстан Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи  секретары  Нурсултан  Назарбаевдан алуум керек деген максат койдум. Себеби, тили бизге жакыныраак. Казакча сүйлөп берсе жакшы болоор эле деп ойлоп коем. Партиянын секретарларынан интервью алуу жаш журналисттер үчүн оңой иш эмес.

Тыныгуу маалында издеп жүрүп а кишиге жолуктум. Тартынбай эле өзүмдү тааныштырып, менин бир-эки суроомо жооп беришин өтүндүм. Шахмат костюм кийген ажарлуу адам экен. Кээ бир сөздөрдү кыргызча таза сүйлөдү. Менин сунушума дароо эле макул болуп, кийинки кеңири танаписте казакча сүйлөп берейин деп, убада кылды. Кудуңдап сүйүнүп калдым. Мындай адамдарды интервьюга тартыш оңой иш эмес эле. Тилекке каршы, Камил Султанбеков да менден озунуп, интервью алганга убадалашып коюптур. Кыжаалат боло түштүм. Киши табылбай калгансып, ал да Назарбаевге жабышып алганын кара. Орус тилдүүлөр толуп эле жатпайбы. Камил экөөбүз кер-мур айтышып алдык. Канткен менен иште карт бөрү болчу. Бизге окшогон жаштарды кээде теңине албай коёр эле. Ортобузда билинбеген конкуренция жүрчү. Чынын айтканда орус тилдүү журналисттер бизге караганда тыңыраак көрүнчү. Бирок, биз да жемибизди жедирбей, кээде алардан ашып түшүп, иштеп койчубуз.

Чоң  тыныгуудан  кийин  Камил: «Назарбаевден интервью алдым», – деп, мактана жайдаңдай жаныма басып келди.

– Пленканы короткон жоксуңарбы, мен да бирөөлөрдөн интервью алышым керек,-деп,  мурчуюп  койдум.  Эки  редакторго бир телеоператор. Кээде операторду тыяк-биякка жетелеп талашып калабыз. Бир маалда Кыргызстан Компартиясынын секретары Медеткан Шеримкулов  жаныбызга  тез-тез  шашыла басып келип: «Ой, силерди издебеген жерим калбады. Кимиңер Назарбаевдан интервью алмак элеңер» – деп, шашыла сурап калды.

– Мен жаңы эле алып келдим – деп, Камил озуна жооп берди. «А кишиден мен да алайын дегенмин, бирок Султанбеков алып койду, экөөбүздүн алганыбыз ашыкча болуп калат го» – дедим, күнөөлүүдөй тартынып. Шеримкуловдун ачуусу келип кетип: «Жүрү!» – деди. Оператор алып, свет, камераларын көтөрүп алып ылдамдай бастык. Көрсө, Назарбаев орусча интервью бергенден кийин Шеримкулов аркылуу мени издеткен экен.

– Телевидениедеги бир жигитке да интервью берем деп убада кылдым эле, – дептир Шеримкуловго.

– Ыя, сүйлөшүп коюп келбедиң го – деп, мени уятка жыккан Назарбаев. Казакча жакшы, шашпай таза сүйлөп берди. Интервьюну ошол эле күнү «Мезгилдин» кечки чыгарылышынан толугу менен бердик. Маалымат редакциясынын башкы редактору болуп иштеген Азиз Исмаилов бир күнү мени чакырып: «Мен азыр эле төрагадан келдим.

Баягы Назарбаев менен болгон интервьюңду казактын телевидениеси суратып жатыптыр. Ошону таап, Алматыга салып жибериш керек», – деди. Архивден каратып, таап жөнөтүп жибердик. Ошол бойдон ал материалды кайра албадык.

Казактар кайтарып беришкен жок, биз артынан түшүп сурабадык. Кийин 1989-жылы Москвадагы СССР эл депутаттарынын 1-съезди учурунда Назарбаев менен бир ирет жолугушуп, дагы интервью сурап калдым. А киши «Масалиевден интервью алдыңбы?» – деп сурап калды. Эмне себептен антип сураганын билген жокмун. Менин «жок» деген жообумду уккан соң, колумду кысып, «Масалиевден кийин мен берейин» – деп, жылмайып койду. Кийин ага экинчи кайрылып барган жокмун. Анын ордуна Олжас Сулейменовдон орусча интервью алдык. Тилекке каршы, ал казакча билбейт экен.

Турдубек ОСОНОВ, Журналист