Жоголгон муун: кароосуз калган адабият, калеми мокогон жазуучулар, «станок» акындар, Эралиевди таң калтырган талант…

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»


Башталышы бул жерде

2008-жылы Түркияда өткөн түрк тилдүү акындардын Бүткүл дүйнөлүк 1-жыйынына катышып, Жалалиддин Руми (Мавлана) атындагы эл аралык сыйлыкка татыктуу болгон. Кыргыз Республикасынын Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреатынын бири Венера Бөлөкбаева. Акын Ж.Исабаева А. Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты. Сыйлык алгандардын арасында Эл аралыкка сыйлыкка ээ болгон бирөө гана бар, ал «Русская премия» жана «Добрая лира» сыйлыктарынын лауреаты Т.Мадылбаев. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери наамына Кален Сыдыкова, Б.Чотуровалар да ээ болушкан. Акын А.Темирова драматургиядагы эмгектери үчүн Т.Абдымомунов атындагы сыйлыктын лауреаттыгын алганын билебиз. Негизинен, бул муундагылар жалпысынан ушул наамдарды, сыйлыктарды алышыптыр. Болсун. Мындан башка тиги же бу министрликтин, маммекеменин атынан алган майда-барат сыйлыктары бар, эми алардын баарын санап отурганыбыз уят. Мүмкүн, биз унутта калтырып кеткен башка да сыйлыктары бардыр, бирок биз үчүн алардын мамлекеттик наам-сыйлыктары барбы же жокпу өтө деле маанилүү эмес. Кеп, мамлекеттик наам, адабий сыйлыктарды татыктуу алдыбы, окурман журтун тамшанта, таңгалта турган кандай чыгармалары бар, кеп төркүнү, наам-сыйлыкка татыктуулуктун адабий наркы, сөздүн тузу ошондо эмеспи.

Эсеби маселен, Ч.Айтматов Кыргыз эл жазуучусу наамын алган учурда, ал ага дүйнөлүк даңаза апкелген «Бетме бет», «Жамила», «Гүлсарат», «Саманчынын жолу», «Ботогөз булак», Биринчи мугалим«, «Кызыл жоолук жалжалым», «Ак кеме», «Эрте жаздагы турналар» баштаган не бир кайталангыс чыгармаларын эбак эле жазып койгон. Улуу жазуучунун ар бир чыгармасы адабий сенсацияга айланып, резонанс жаратчу. Ар бир чыгармасы бүткүл союздук, аүтүгүл бүтдүйнөлүк адабий талкууга алынып, анын чыгармалары дүйнөнүн 90дон ашуун тилине которулуп, миллиондогон окурмандар окуп калган. Анын Кыргыз эл жазуучусу наамын алганында азыркы тил менен айтканда, эч кандай коррупция, тааныш-билиштик жок, ал бул наамга татыктуу болгон.

Андай болгондо, биз сөздү арты 50, алды 60тан ашкан адабий муундун Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз эл акыны наамдарын алып, мамлекет тарабынан сый-ургаалга ээ болушкан С.Раев, К.Урманбетов, К.Култегиндер кыргыз улуттук адабиятына эмне жаңылык апкелди, кандай адабий бийиктиктерди багынтты, дегеле эмне чыгармаларды жаратты, кепти ошодон баштайлы.

Жазуучу, драматург, акын Султан Раев адабиятка 80-жылдардын башында келип, ошол он жылдыктын аягында жарыкка чыккан «Чаң жол», «Күн кармаган бала» повесть жана аңгемелер жыйнактары кара сөз батыл, ишенимдүү аралашканы эсибизде. Бул чыйрак жазылган чыгармалардын тили, идея-тематикасы жаш жазуучудан көптү үмүттөндүргөн. Ошол эле учурда, ал чыгармаларда чийки, бышпаган жерлери көп эле, антсе да анын тырмак алды повесть, аңгемелердеги айрым кемчиликтер, айтайын деген ойдун примитивдүүлүгү башка жаш жазуучуларга да мүнөздүү жана кечиримдүү болчу. Андан бери 30 жылдан ашуун убакыт өттү, чейрек кылымдан ашыгыраак мезгил аралыгында С.Раев кыргыз улуттук адабияттын алтын казынасына эмне чыгармаларды берди? Ч.Айтматовдун баш сөзү менен жарык көргөн “Ханышанын көз жашы” жыйнагынын негизин мурдагы жарык көргөн китептериндеги “Пусу”, “Чаң жол” ж.б. аңгемелери, “Күн кармаган бала” повести түзөт. Жаңы жазылган кара сөз чыгармаларын көрө алган жокпуз. Жазуучунун жаңылыгы эле анын драматургияга аралашып, драматург катары калем сынаганын айтсак болот. Ал “Ханышанын көз жашы”, “Таажы”, “О, кыздар” драмалары аркылуу драматургия жанрында күч сынап көргөнү менен, анын бул туундулары өзүн канчалык актаганын айтуу кыйын. “Алай ханышасы” аталган Курманжан датканын образы С.Раевге чейин эле көркөм чыгармаларда чагылдырылып келген. Жазуучу-драматургдун “Ханышанын көз жашынан” эч деле жаңы жана жаркын образ көрө алган жокпуз. Курманжан датка аял катары, эне катары, мамлекеттик ишмер катары ачылган эмес. Чыгармадагы датканын абстрактуу образы кайсыл өлкөнүн көрөрманы үчүн жазылганы белгисиз, эң өкүнүчтүүсү кыргыз көрөрманы үчүн жазылбаганы айдан ачык.

Ырас, С.Раевдин адабий дүйнөгө жаңылык апкелген чыгармасы катары 20 жылдын аралыгында жазылган “Жанжаза” романын айтып жүрүшөт. Адабиятчы А.Муратов: “Жанжаза“ кыргыздын салттуу романдарына окшобойт. Биздин социалисттик реализмде даяр сюжеттер кетет, окуялар сюжеттик сызыкта салттуу өнүгүп барат, конфликт болот. “Жанжаза“ таптакыр абстракттуу, каармандары да абстракттуу, алардын окуясы да абстракттуу түрмөдөн башталат. Анан каармандар жолдо кетип атышат. Жолу да белгисиз жол. Каармандардын өз аттары жок, каймана аттары бар. Алар тээ байыркы дүйнөдөн тартып, бүгүнкү күнгө чейинки каармандар. Автор аларды, алардын тарыхын бүгүнкү күн менен байланыштырат. Албетте, көп окурмандар “Жанжазаны“ окугандан кыйналат. Себеби романда былчылдашкан, курч салгылаштар жок, а конфликттер каармандардын ички дүйнөсүндө болуп атат. Сүйлөшүүлөрдө көрүнбөгөн конфликттер бар. Автордун эң алдыга койгон нерсеси: азыркы жашоо, адамдын маңызы, ыйман жөнүндөгү философиялык-этикалык маселелер», — деген жылуу пикирин билдирсе, жазуучу Олжобай Шакир: «Мен бул чыгарма колума тийгенде бир дем менен окуп чыга алган жокмун негедир. Себеби башталганда эле автордун эмне айткысы келгени ачылып калат экен. Мындай кезде алдыдан эч нерсе деле күтпөй калат эмеспизби. Автор окурманды финалга жетелей алган эмес. Ушундан улам аны аягына чейин чыга албай койдум. Бул мен көп жылдан бери абдан күткөн чыгарма эле. Себеби илгери гезит беттерине жарыяланып келген. Мында романдын структурасы чачкын болуп калган», — деген сын пикирин билдирген.

Дүйнөлүк адабияттан символикалуу образдар менен жазылган символикалуу чыгармаларды көп эле окуп жүрөбүз, бирок бул роман тууралуу пикир айтууда, биз деле чийки эт жеген абалда турабыз. Талаш жок, тиги же бу чыгарма тууралуу кайчы пикирлер айтылышы мыйзам ченемдүү. Мүмкүн, биз кыргыз окурмандары С.Раевди түшүнө албай, түшүнүүгө акылыбыз жетпей жаткан чыгар. Андай болсо жакшы. Өз мезгилинде Чыңгыз Айтматовду да кыргыз адабий журтчулугу түшүнө албай жеригени тууралуу жогоруда да айтып кеттик. Ооба, Айтматовго да каршы чыгышкан, кийин мезгил кыргыз адабий журтчулугу жаңылганын тастыктап койду, жазуучунун ар бир жаңы жазылган чыгармасы адабиятчылар арасында талаш-тартыштын обьектисине айланып, карама-каршы пикирлерди жаратты. Бирок, адабий журтчулук үчүн жаңылык катары кабыл алынып, жазуучунун улам кийинки чыгармасы адабияттагы жаңы бийиктикти аныктачу. Арийне, өз атажуртунда пайгамбар болбойт дегендей, Айтматовдун батасын алып,  залкар жазуучунун баш сөзү менен жарык көргөн С.Раевдин жыйнактары азырынча адабий дүйнөдөгү биз күткөн жаңылыкка айлана элек. 

Анысы кандай жазуучу-драматургдун акын катары жазган «Антистандарт» ыр жыйнагындагы авангард ырларын улуттук поэзияны дүң кылган шедеврлер деп айтуу кыйын. Неге дегенде ырды ыр кылган бул уйкаштык. Поэзияны уйкашсыз элестетүү мүмкүн эмес. Улуттук адабият тарыхына кайрылсак, кыргыз улуттук поэзиясына ак ыр (верлибр) жанрын алып келишкен, уйкашсыз ырларга жол салган Сүйүнбай Эралиев, Омор Султанов, Сүйөркул Тургунбаев, Табылды Мукановдор иралды салттуу, уйкаштуу ыр жазууну мыкты өздөштүрүп, анан соң гана ак (эркин) ыр жазышкан. Табылды Мукановдун «Атчан кыз» аттуу ырын окуп көрөлү:

«Капталдай чуркап баратам

каректи сага топчулап.

Жалындай чөпкө жел тийсе

жалт берип атың кошкурат.

 

Кызыл кан качып жүзүмдөн,

кыйла күн жүрөк буулуккан.

Карагер атың кант берсем

карматар бекен суулуктан?

 

Этегиң желде. Илинүү.

Жыланбоор камчың салааңда.

Кекилик болуп ким чуркап

келатат экен санааңда…». Эмне деген керемет сүрөт. Саамайы желге желбиреп бараткан атчан кыз, аны карап көзү тойбой жүрөгү элбе-делбе болуп, эс-учун жоготкон лирикалык каарман кадыресе көз алдыга элестейт. Айтайын деген ой, уйкаштыктар да баары өз ордунда. Мына ушинтип салттуу ыр жазуунун техникасын мыкты өздөштүргөндөн кийин гана, Т.Муканов ак ыр жазуунун да устатына айланган:

«Сен кадап берген топчу

жаркырайт атар таңдын чолпонундай

карыга-жашка күлө…

Ылайым үзүлбөсүн такыр аның,

ылайым кадабасын башка бирөө!» («Топчу»).

С.Эралиев да, О.Султанов да, С.Тургунбаев да уйкаштуу ырлардын чоң устаттары болушкан. С.Эралиевдин «Ак Мөөрү», О.Султановдун «Сен жөнүндө поэмасы» салттуу ыр формасында жазылган. Ак ырда ички уйкаштыктар, ыргак, логикалык ырааттуулук болуп, мазмун менен форма бири-бирине дал келиши керек, болбосо, аны ыр деп айтуу кыйын. Эркин ырдын эрежесинде мындай айтылат: верлибр (фр. – верлибр) – ыр түзүлүшүнүн айырмалуу бир түрү. Эркин ыр ар түрдүү системага кирүүчү ыр түзүлүштөрүндө (басымчыл, муунчул, муунчул-басымчыл) өзүнчө өзгөчөлүктөргө ээ. Ыр түзүлүшүнүн бул түрүндө ыр саптарынын бирдей муун өлчөмдөрдө сөзсүз болушу, басымсыз же басымдуу болушу шарт эмес, мында негизги нерсе интонацияга, ритмге, паузага, эмоцияга, декламациялуулукка маани берилет. Эркин ырдын жаны – ыргак менен интонация. Автордук идеяга кызмат кылуу үчүн бөтөнчө маанидеги сөздөр өзүнчө бир сапты түзүп турушат, ошондой эле ар бир ыр сабы интонациялык жактан бөлүк-бөлүккө ажырабай бүтүн болот, б. а. бир топ бирдиктүү бир интонация менен айтылат. Саптардагы ыргактуулук ар кыл болот. Эркин ырда уйкаштык кыйла эркин болот да, салттык ырдагыдай жуп, аттама, аксак, оромо, шыдыр уйкаш деп классификациялоо эрежесине баш ийе бербейт. Муну менен Эркин ырда уйкаштык жок же чачкын болот деш да болбойт. Анда негизги өзгөчө элемент катары болбосо да, уйкаштык бар[1]. Эми С.Раевдин «Рамис» аттуу ырын окуп көрөлү (Интернет айдыңынан алынды):

Антистандарт ойлору да, ырлары,
Антисанитария… жүргөнү да, күлгөнү,
Антидүйнө Антейине айланып,
Чыгып кетпей Жер огунан калжаңдап,
Акын келет Фараоны ырлардын,
Бүт ааламдын сезимдерин букеттеп,
Кыялында “кыты-кыты” тийишет,
Афинанын кыздарына кылактап.
Кызык дүйнө, кызык адам, кызык бир,
Балч-балч чайнап булочканы балжаңдап,
Куунак жашоо ычкырларын бошотуп,
Ыр заманы, ыр акеси, олда – “Бис!”
Көчө толо, көчө менен бир болуп,
Жайдаңдаган акын келет О, Рамис!

Шилекейи ыр чачыла, энөө кыял, ыр аалам,
Чачы тармал. Дүйнө шамал. Эмоция бийлеген.
Чечотканы чертип турат бут менен. Чулу салам,
Чукоткадан келгендей, Абрамович, Адам – ович,
Алмазынан бергендей.

“Биги-биги” жер чиет буттун учу,
Сүлкүлдөп денебою. Бийленет сезим бийи,
Рамис экспрессия, а дүйнө депрессия,
Ырлары ооздукталбай, тепкилейт көкүрөктү,
Регги. Блюз. Кантри. Хип-Хоп. Рок. Поп.
Бийлейт Рамис, Ааламды бийлеп алган.
Ырлары дүлөй дүйнө. Ритмика сезбей калган.
Тогузунчу валындай океандын. Көөдөн бороон.
Верлибир ойлоруна Берлиндин туусун сайган,
Түшүнүп бу ааламды. Түшүнбөй бу Адамды,
Түркөйлөр дивизиясы түрүлүп турат ана.
Түркүн ой баккан адам, оозунда Пайгамбар түкүрүгү,
Ырлары жан сезимдин урабас хан түркүгү,
Жашоосу нота кыял: до, ре, ми, фа, соль, ля, си,
Жашасын Ырдын – Асы. Кылымдын Ра-ми-си!»

[1] Кыргыз адабияты энциклопедиялык куралы. Бишкек.2004-ж.

Уландысы бар

Жоголгон муун: кароосуз калган адабият, калеми мокогон жазуучулар, «станок» акындар, Эралиевди таң калтырган талант…: 1 комментарий

Комментарии запрещены.