Көрүнөө окуялардын көмүскө жактары: Үйү жок үлкөн чиновниктерге ишенүүгө болобу?

Ар бир окуяга ар ким өз деңгээлине жараша баа берет. Ошол эле учурда, окуялардын артында көмүскө турган жактары да болот. Биз да ушул рубриканын алдында коомдо резонанс жараткан айрым окуялардын көмүскө жагын ачып берип турабыз.

Президент Сооронбай Жээнбеков 9-декабрь – Коррупцияга каршы күрөштүн эл аралык күнүнө карата атайын билдирүү жасады. Анда чиновниктердин мыйзамсыз топтогон байлыктарын башкаларга каттатып, жоопкерчиликтен качуу системасы сындырыла баштаганын билдирди.

Мына ушундан улам биздеги ири чиновниктердин толтурган декларациялары боюнча, алардын үй-жайы, атүгүл “үрүп чыккан ити жок” экендиги эске түштү.

Мына жакында кызматтан кеткен финансы министри, буга чейин да министрликтерди  жана  башка  ведомстволорду  жетектеп  жүргөн  Адылбек  Касымалиевдин турак-жайы жок экен. Канча жыл ири кыз-маттарда жүргөн экс-чиновник Данияр Нарымбаевдин  да  документтер  боюнча  үйү жок экени ал соттолуп жатканда маалым болгон.

Жакында  50  миң  доллар  менен  кармалган транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиевдин 2016-жылы аянты 45 чарчы метр болгон квартирасы гана бар экен. Коомчулукка би-линген парасы эле 170 миң долларга жеткен

53 жаштагы чиновниктин ушунча жыл ири кызматтарда иштеп жүрүп, 45 чарчы метр квартирага “зорго акча тапканы”, албетте, күлкү келтирерлик.

Ошондуктан  Президентибиздин  билдирүүсүндөгү: “Мамлекеттик кызматты өз чөнтөгүн кампайтуу үчүн пайдаланган адамдар мыйзам чегинде жазаланып эле тим болбостон, аларды журт алдында катуу уяткаруу керек. Элдин ырыскысына суук колун салган чиновниктер эл аралап баса албай кала тургандай кырдаал түзүлүүгө тийиш”, – дегени кубаттоого гана татырлык.