Быйылкы жылы бюджет көрсөткүчү жакшырды

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”

Үстүбүздөгү “Аймактарды өнүктүрүү жылы” да аяктап баратат. Бул багытта Өкмөттүн аткарган иш-аракеттери, өзүнчө сөз кыла турган, бир катар иликтөөлөрдү, салыштырууларды талап кылган олуттуу тема. Ошол эле учурда Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда ноябрь айындагы ИДП көрсөткүчү көп нерсени айтып турат. Айрым фактыларга токтолу.

Жакында  эле  (15-ноябрь)  Жогорку Кеңеш «2017-жылы республикалык бюдже-тинин аткарылышы жөнүндө Өкмөттүн отчетун бекитүү жөнүндө», «2018-жылга республикалык бюджет жана 2019-2020-жылдарга  болжолу  жөнүндө»  мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жана «2019-жылга республикалык бюджет жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоорлорун караган болчу.

Премьер-министр  Мухаммедкалый Абылгазиев андагы чыгып сүйлөгөн сөзүндө үстүбүздөгү жылда экономиканын дээрлик бардык реалдуу секторлорунда өсүш бар экендигин, 10 айдын ичинде, Кумтөрдү кошпогондо, ИДПнын көлөмү 2%га өскөндүгүн айткан. Премьер-министр белгилегендей, быйылкы жылы республикалык бюджеттин жалпы киреше бөлүгүнүн көлөмү 142 млрд. сомдун тегерегинде болот деп болжолдонууда. Бул бекитилген бюджеттен 1,1 млрд сомго көп болуп саналат.

Ал  эми  ноябрь  айындагы  ИДПнын көлөмүн карап көргөнүбүздө 474 млрд. 529,7 млн.сомду түздү (мурунку айга (октябрь) салыштырмалуу 54 млрд. 517,3 млн. сомго өскөн). Же болбосо 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырганда ИДПнын көлөмү 3,1 пайызга өскөндүгүн көрөбүз.

Улуттук Статистика комитетинин маалыматына караганда ИДПнын өсүшүн негизинен айыл чарба, өнөр-жай, курулуш жана тейлөө тармактары камсыз кылган. Ал эми тармактык товар өндүрүшүнүн көлөмүн 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырып көрсөк (айыл чарба, өнөр-жай, курулуш тармактары) өсүү- 4,7 пайызды, тейлөө тармагындагы өсүш — 1,7 пайызды түзгөн.

Ошондой эле Кумтөрдү эске албаганда 2018-жылдын 11 айынын жыйынтыгы  боюнча ИДПнын өсүшү – 3,2 пайызды түздү. Ал эми алтын казып алуунун көлөмүнүн өсүшү  өлкөнүн  өнөр  жай  тармагынын өсүшүнө өзгөчө таасир берди. Же болбосо 2018-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан өндүрүш тармагында наркы 221 млрд 80,2 сомдук продукция өндүрүп чыгарган. Бул 2017-жылга салыштырмалуу 4,9 пайызга көптүк кылат. Өнөр жайында өткөн октябрь айына салыштырмалуу 30 млрд. 635,6 млн.сомдук продукция арбын чыгарылып -3,5 пайызга өскөн.

Мындан тышкары кен казып алуу – 7,8 пайызга, анын ичинен кымбат баалуу металлдарды казып алуу – 2,2 пайызга өскөн. Же болбосо Кумтөр ишканаларын эске албаганда өндүрүштүн көлөмү 133 млрд. 359 млн. сомго чыгып, өсүш – 8,4 пайызды түзгөн.

Кошумчалай кетсек Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча бүгүнкү күндө орточо айлыктын көлөмү — 15 миң 778 сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 6,1 пайызды түздү.