KyrSEFF – бизнести колдоонун формуласы

Акыркы 20 жылдан бери калктын жана жалпы турак-жай коммуналдык чарбалардын электр энергияны колдонуусу эки эсеге өскөн. Бүгүнкү күнгө чейин өлкөдө электр энергиясынын кубаттуулугунун көлөмүн көбөйтүү маселеси Өкмөттүн күн тартибинен кете элек жана энергетикалык коопсуздукту камсыздоо милдети турат.

Тилекке жараша, 2013-жылдын апрель айынан баштап, “KyrSEFF – Кыргызстанда туруктуу энергияны каржылоо” аттуу электр энергияны, көмүрдү үнөмдөө боюнча абдан алгылыктуу программа өз ишин баштаган болчу. Анын ишке ашырылуусуна башынан бери Европа союзу, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы каржылык жардамберип келе жатат. Аталган долбоор турак-жайды жылуулоо, жарандардын каражатын үнөмдөө, абадагы зыяндуу заттарды азайтуу макса-тын көздөйт.

Долбоордун  экинчи  фазасы 2016-жылдын ноябрь айында башталып, ал бизнес чөйрөсүнө жардам берүүгө өттү. Мында дагы аталган программа айрыкча сууну, электр энергиясын, көмүрдү жана башка табигый ресурстарды натыйжалуу үнөмдөөгө багыт алган.

КyrSEFF + программасы үч багытта  иш  алып  барууда.  Биринчиден, абадагы зыяндуу заттарды азайтуу, экинчиден, жарандарга заманбап ыңгайлуу жашоо образын калыптандыруу, үчүнчүдөн, кыргызстандыктардын каражатын кыйла үнөмдөөгө жол ачылууда. Долбоордун экинчи фазасына Европасоюзу 35 млн. доллар көлөмүндө каражат бөлгөн. Бүгүнкү күндө аталган программа боюнча жалпысынан 1700ге жакын долбоор ишке ашырылды.

Бул программа Кыргызстанда ишке ашырыла баштагандан бери 137 054 МВт саат электр энергиясы үнөмдөлгөн. Көмүр кычкыл газынын абага таралышы 42 261 тоннага кыскартылган, суу ресурсу 28 130 м3 үнөмдөлүп, 1506 турак үй Европа союзунун энергетикалык натыйжалуулук боюнча грантынын жардамын алган жана 137 бизнес түзүмү электр энергиясын, көмүрдү жана сууну үнөмдөгөнү үчүн инвестициялык колдоого ээ болушкан. Алардын арасында тигүү цехинин имаратын жылуулатуу, тамчылатып сугаруу үчүн жабдууларды орнотуу, туризм тармагын өнүктүрүү үчүн агынды сууну чыпкалоочу жабдууну орнотуу, нан бышыруу ж.б. түрдүү тармактарга KyrSEFF + программасы аркылуу гранттык колдоосу ме-нен насыяларды алышкан.

Жакында  Бишкекте  аталган программанын колдоосу аркылуу эң алдыңкы долбоорлорду турмушка ашырган 27 ишкерге сыйлыктар тапшырылды. Сыйлык тапшыруу аземине Европа союзунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Эдуард Ауэр, аталган программанын улуттук менеджери Нурзат Абдырасулова жана парламент депутаттары катышты.