Көрүнөө окуялардын көмүскө жактары: Ушундан Кудай сактасын!

Ар бир окуяга ар ким өз деңгээлине жараша баа берет. Ошол эле учурда, окуялардын артында көмүскө турган жактары да болот. Биз да ушул рубриканын алдында коомдо резонанс жараткан айрым окуялардын көмүскө жагын ачып берип турабыз.

Кечээ жакында эле болуп өткөн тегерек столдо прогрессивдүү мусулман аялдардын “Мутакалим” кыймылынын жетекчиси Жамал Фронтбек кызы өлкөдө балдардын диний экстремизми пайда болуу коркунучу жетилип келе жаткандыгын билдирди.

Анын айтымында, балдар көбүрөөк аялуу,  ошондуктан  алар  таасирге тез берилишет. Мындай тобокелдик тобуна ата-энелери жакшы тарбия бере албаган жана толук эмес үй-бүлөлөрдүн балдары киришет.

“Менин көз карашымда, болочокто коркунучту араб өлкөлөрүнөн финансылануучу балдарга жардам берген кайрымдуулук уюмдары  түзүшөт.  Мындай  уюмдардын саны бизде 50”, – дейт Жамал Фронтбек кызы.