Ийгиликтүү өнүгүүнүн эки негизи

Дүйнөдөгү ар бир өлкөдө мамлекеттүүлүктүн калыптануусуна байланыштуу же улут үчүн маанилүү болгон улуттук майрам бар. Ал ар кандай аталат: Республика күнү, Азаттык күнү, Өлкөнүн күнү ж.б. Ал эми Казакстанда Көз карандысыздык күнү жыл сайын 16-декабрда майрамдалат. Быйыл 27 жылдыгы белгиленүүдө.

Өткөнгө көз жүгүртсөк, казак калкына кылымдар бою эңсеген Көз карандысыздык капыстан келди, 1991-жылы СССР кулаганда, андан бөлүнүп чыккан бардык өлкөлөр өз алдынчалыкка даяр эмес болчу, көч жүрө түзөлүп, Казакстан өзүнүн стратегиялык багытын жөнгө салды.

Ошол кылымдын 90-жылдарынын башталышында, бардык заводдор, өндүрүш орундары токтоп, электр энергиясы менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учурап, жумуш иштегендердин маянасы өз убагында берилбей жаткан кезде Казакстандын кыска мезгилдин ичинде капсалаңдан бошонуп, ийгиликке жетише тургандыгына эч ким, деги эле чет өлкөлүк серепчилер да ишенген эмес.

Кырдаал ошондой болгон. Экономикалык көйгөйлөрдөн тышкары аярлуу нерселер да бар болчу. Алардын бири, АКШнын Президентинин кеңешчиси, белгилүү советтаануучу Збигнев Бжезинскийдин пикири боюнча, Казакстандын көп улуттуулугу эле. «Этникалык туруксуздукка байланыштуу бүлгүн болушу мүмкүн», — деген серепчи ошол 90-жылдары. Ошентип болжолдогондордун тилеги таш капты, Казакстан эки он жылдыкта мамлекеттүүлүгүнүн пайдубалын түптөп, эл аралык алакага жуурулушкан өнүккөн өлкөгө айланды. Учурда өлкө дүйнөгө көп улуттулуктун жакшы өрнөгүн таанытып отурат. Республикада 100дөн ашуун улуттун, 18 конфессиянын өкүлдөрү ынтымак-ырашкерликте жашап жатышат. Бүгүнкү күнү өлкө күчтүү эко-номикалык мүмкүнчүлүккө ээ, саясий өңүттө туруктуу мамлекет. Өлкө учурда аймактагы карым-катнаштардын уюткусу болууда, өзүнө миллиарддаган чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартты.

Буларды эске алып, кийин Збигнев Бжезинский мындай деди: «Казакстанга жетиштүү көңүл бурбаганымды мойнума алам. Ошол кезде мен Казакстан Борбор Азиядагы жаңыреалдуулук болот деп санаган эмесмин. Казакстан көз карандысыздыгын алгандан бери экономикалык өнүгүү жана аймакта өз ордун бекемдөө боюнча, ошондой эле дүйнө элдери менен достук, коңшулук мамилелерди жөнгө салууда чоң илгерилөөнү көрсөткөнүнө эч кандай күмөн жок».

Чындыгында, бул кыска убакыт Казакстандын етишкендиктери аркылуу эсептелсе, чоң доор сыяктуу. Анын себептерине токтололу. Биринчиси, эң башкысы – мамлекеттин туруктуу өз стратегиясынын болгондугу. Өлкөнүн Президенти Нурсултан Назарбаев мамлекеттин жана коомдун ийгиликтүү өнүгүү сүнө эки негиз керек экендигине ишенди: А) Келечектин жаркын бейнеси жана Б) Арийне, ага жетүүнүн реалдуу планы.

Казакстан 90-жылдары кайда бара жатканын анык билди. 1992-жылы «Казакстан-дын эгемендүү мамлекет катары калыптануусунун жана өнүгүүсүнүн стратегиясы» жарыяланды, анда жакынкы жылдардагы өнүгүүнүн негизги багыттары көрсөтүлдү.

1997-жылы «Казакстан – 2030» аттуу масштабдуу узак мөөнөттүү документ кабыл алынды. Бул документте өлкөнүн келечеги кандай болору тастыкталып, ал үчүн кандай көрсөткүчтөргө жетүү керектиги белгиленди. Көрсөткүчтөрдүн жогору болгону ошончолук, анын жүзөгө ашырылышына ишенгендер аз болду. Бирок, анын негизги бөлүгү 2010-жылдары эле аткарылып калды. 33 жылга мерчемделген эбегейсиз чоң милдеттер 16 жылда ишке ашты.

2012-жылы «2030 – Стратегиясында» белгиленген максаттар орундалганы жарыяланып, 2050-жылды көздөгөн жаңы документ сунушталган. Эми 2050-жылдын Стратегиясындагы мурдагыдан да зор көрсөткүчтөр скептиктерге  демейдегидей  нерсе  болуп көрүндү.

Албетте, мамлекеттин стратегиялык планынын болушу, планы жокторго караганда артыкчылыктуу болуп эсептелет. Белгилеп коёлу, Казакстандын стратегиялык документтери жаңы жагдайларга байланыштуу толукталып, пландар такталып турду.

Казакстандын алдыга секирик жасоосунун экинчи маанилүү себеби – билим берүү менен интеллектуалдык дараметти арттырууга басымдуулук жасалды. Бул тармактагы пландуу саясат учурда сапаттуу натыйжасын берүүдө.

1990-жылдардын  башталышына  кайра кайрылалы. Өлкөдөгү абал кедерине кетип турган. Ушул учурда өлкө жетекчиси Н.Назарбаев жаштарды дүйнөнүн мыкты жогорку окуу жайларына мамлекеттик бюджеттин эсебинен окууга жөнөтүү чечимин кабыл алат. Максат – экономика жаатында мыкты кадрларды даярдоо. Элдин бардыгы бул чечимдин стратегиялык маанилүүлүгүнө көңүл бурган жок, бул түшүнүктүү, анткени өлкөдө каражат өтө аз болчу!

Андан бери 25 жыл өттү. Ушул «Болочок» деп аталган президенттик программанын аркасында 11 миңге жакын адис даярдалды. Бүгүнкү күндө алар өлкөнүн ар кандай тармактарында дүйнөнүн алдыңкы тажрыйбаларын киргизишүүдө. Бул билим берүү саясатында аткарылып жаткан багыттардын бирөөсү гана. Талдоолор байкаткандай, билим берүү эгемендиктин алгачкы күндөрүнөн баштап мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу маселеси болду. Бул тармакты каржылоо азыркы кезде да улантылууда. Өлкөдө ультра-заманбап мектептер ачылууда. Эл аралык академиялык ченемдерди жана академиялык эркиндик принциптерин негизге алган дүйнөлүк деңгээлдеги ЖОЖ – «Назарбаев Университети» иштеп жатат. Бир сөз менен айтканда, бул өңүттө өлкөнүн келечеги кең, азыркы натыйжалар алкоого арзыйт.

Үчүнчүдөн, баса белгиленүүчү нерсе, бул өлкөнүн инвесторлор жана бизнес үчүн ачыктыгы. Дүйнөнүн өнүккөн 30 өлкөсүнүн катарына кошулууга болгон умтулуу Казакстанды дайыма өз мыйзамдарынын механизмдерин өркүндөтүүгө жана өлкөнүн өнүгүүсүнө бизнестин активдүү катышуусу үчүн шарттарды түзүүгө мажбурлап турат. Мына ушунун өзү чет элдик инвестор үчүн улам-улам кызыгууну күчөтүп келе жатат. Өткөн 27 жыл ичинде өлкөгө 300 млрд. доллардан ашык тикелей инвестиция келди, бул деген Борбор Азия өлкөлөрүнө келген инвестициялык агымдын дээрлик 70 пайызын түзөт дегендик.

Мына ушунун өзү Казакстандын жараткан ийгиликтеринин өзгөчө белгисидир.

Жогоруда саналган жетишкендиктердин бардыгында башкы роль ушул өлкөнүн лидери Н.Назарбаевге таандык экендиги талашсыз. Чындыгында эле, анын саясий эрки, тунук акылы жана мамлекеттин биринчи адамы катары эбегейсиз аракети болбосо мындай жетишкендиктерге жетишүү такыр эле мүмкүн эмес болчу.

Ал эми Казакстандын өнүгүүсүнүн келечегине, анын ичинде экономикага, келе турган болсок, мында негизгиси – мамлекет акырындык менен сырьёлук көз карандылыктан чыгып келе жатат, дээрлик 10 жыл мурда индустриалдык-инновациялык өнүгүү жолуна басым жасай баштаган. Бул – эксперттердин эсептөөсү боюнча жаратылыш запастары боюнча дүйнөдө 6-орунда тургандыгына карабастан ушундай. Менделеевдин таблицасындагы 110 элементтин 99 табылган, 70 изилденген, ал эми 60ка жакыны өндүрүлүп жана пайдаланылып жатат. Өлкөнүн калыптануу жылдарында алардын пайдаланылышы Казакстанга көп пайдасын тийгизди. Бүгүнкү күндө Казакстан сырьёлук көз карандылыктан арылып, кайра иштетүү өндүрүшүн өнүктүрүү жолуна түштү. Бул жаңы тармак учурда республиканын өндүрүшүнүн өнүгүүсүндө негизги кыймылдаткыч болууда жана илгерилөөнүн оң динамикасын көрсөтүүдө.

Мамлекеттин ички иштери менен бирге  эле  Казакстан  тышкы  мамилелерде  да активдүү ишмердикти жүргүзүп келе жатат. Бүгүнкү күндө бул өлкө БУУ, ЕККУ, ИКУ, БСУ, ШКУ, КМШ, ЖККУ, СВМДА, Түрк кеңеши жана БУУнун Коопсуздук кеңеши сыяктуу алдыңкы эл аралык уюмдардын мүчөсү болуп саналат. Ал эми ЕККУ, ИКУ, ЕАЭБ, ШКУ, КМШ, ЖККУ, СВМДА, Түрк кеңеши жана БУУ нун Коопсуздук кеңеши сыяктуу абройлуу эл аралык уюмдарга төрагалыкты жигердүү аткарды. Өлкө өз аянттарында дүйнөлүк лидерлердин жана салттуу диндердин лидерлеринин съезддерин уюштуруп, эл аралык жаңжалдарды басаңдатуу, чечүү маселелеринде да ортомчулукту натыйжалуу атка-ып жатат.

Мына ушунун бардыгы өлкө тууралуу жагымдуу маанайды жаратат. Ушундай жетишкендиктерге карап, көз карандысыз өнүгүү жолунун 27 жылы – чоң келечектин жана өлкөнүн мындан аркы зор жетишкендиктеринин башталышы экендиги шексиз.