Президент: Мамлекетибиз жакынкы 5 жылдын ичинде региондогу санариптик экономиканын лидерлерине жетүүсү зарыл

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-декабрда Кыргыз Республикасында санарипти өнүктүрүү боюнча чараларды караган Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү. Жыйындын жыйынтыгы менен Коопсуздук кеңешинин чечиминин долбоорун негиз катары кабыл алып, айтылган сунуштарды эске алуу менен иштеп чыгуу сунушталды.

Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзү толугу менен берилет:

«Урматтуу Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү!

Биз талкуулап жаткан Концепция мамлекет жүргүзө турган саясаттын негизги багыттары менен гана чектелбейт.

Ал жарандык жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрү берген сунуштарды да камтып турганын айта кетейин.

Эми төмөнкү маселелерди кечиктирбей чечүү — өзгөчө мааниге ээ экенин белгилейм.

Биздин коом санариптешүүнүн ийгилигин толук сезиш үчүн мамлекетте азыртадан бекем пайдубал түптөлүшү керек.

Жаңы технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүн жана артыкчылыктарын түшүндүрүү үчүн бүгүнтөн тартып иш алып баруу зарыл.

Өзгөчө калктын калың катмарына жеткирүү, айрыкча айыл жергесинде кеңири масштабдагы окутуу иштерди баштоо керек.

Эл аралык стандарттарга шайкеш келген инфраструктураны түзүү — эң башкы милдеттердин бири.

Кыргызстандын бүт аймактарында ишенимдүү, жеткиликтүү жана анча кымбат эмес Интернетке жетүүнү камсыз кылуу зарыл.

Маалыматтардын коопсуздугун камсыздап, бүт республика боюнча аймактык дата-борборлорун түзүшүбүз керек. Аймактык дата-борборлору эл аралык кызматташууга жардам берет.

Дата-борборлорун түзүү — ишенимдүү, анча кымбат эмес кубаттуулуктарды пайдалануу аркылуу ишке ашат. Бул ишке энергетиктердин жигердүү катышуусу талап кылынат.

Заманбап санариптик инфраструктура мамлекет, бизнес жана жарандардын ортосундагы өз ара аракеттешүүнүн жаңы платформасын түзүүгө мүмкүндүк берет.

»Акылдуу шаар«, „акылдуу мектеп“, „акылдуу бейтапкана“, „акылдуу ферма“, „акылдуу фабрика“ жана „акылдуу транспорт“ сыяктуу „акылдуу ыкмаларды“ бүт жерде киргизүүгө мүмкүнчүлүк пайда болот.

Ошондо биздин өлкө жаңы технологиялык чечимдердин жана инновациялардын катализатору болуп калат.

Мамлекет өзү жаңы технологиялык чечимдерди кеӊири сунуштоосу керек. Ал үчүн жаӊы технологиялык долбоорлордун жаралышына түрткү берүү зарыл.

Компаниялардын демилгелерин, академиялык коомчулуктун илимий изилдөөлөрүн колдоо керек.

Инновациялык технологиялык парктардын жана лабораториялардын түзүлүшүнө өбөлгө болуу абзел.

Өнүккөн өлкөлөрдүн технологияларын өздөштүрүү жана жайылтуу талап кылынат.

Ушул максатта Кыргызстан эл аралык технологиялык трансфер борборун түзүшү керек.

Жогоруда айткандарды жасасак, Кыргызстандын эл аралык финансы рынокторуна жетүүсү жакшырат.

Бизге эл аралык технологиялык компаниялардын келүүсүнө жакшы шарт түзүлөт.

Кыргызстанга түз инвестициялардын тартылышына жана өлкөбүздө жаңы технологиялардын пайда болушуна жардам берет.

Мен айткан багыттар өлкөнү санариптештирүүнүн шарттарында экономиканы өнүктүрүүгө негиз болот.

Жаңы технологияларды киргизүү — биринчилерден болуп туризм, айыл чарбасы, банк сектору, жеңил өнөр жайы, курулуш секторлордон башталат.

Бул тармактар Улуттук стратегияда артыкчылыктуу багыттар катары белгиленген.

Ошону менен катар жаӊы технологияларды бардык тармактарда, бийликтин бардык бутактарында, өзгөчө укук коргоону ишке ашырууда, сот процессин жүргүзүүдө, саламаттык сактоодо, билим берүүдө, салык жана бажы төлөмдөрүн автоматташтырууда кеӊири колдонуу абзел.

Урматтуу мекендештер!

Кыргыз Республикасы шайлоо системасын санариптештирүүдө бир катар ийгиликтерге жетишти.

Эми бирдиктүү „Түндүк“ системасы аркылуу мамлекеттик органдардын санариптик интеграциясы ишке ашат.

Бирдиктүү электрондук мамлекеттик портал аркылуу элге кызмат көрсөтүүнүн көбү электрондук форматка өтөт.

Азыркы учурда мамлекеттик органдардын айрым кызматтары санариптик форматка өткөрүлүп, Интернет аркылуу жеткиликтүү болуп калды.

Мындан ары бардык мамлекеттик органдар көрсөтүүчү кызматтар санариптик форматта жеткиликтүү болушу керек.

Санариптик технологияларды киргизүү менен Өкмөттө бизнес коомчулугу менен жарандарга сапаттуу мамлекеттик кызматтарды сунуштаган жаӊы аянтча пайда болот.

Баса белгилей кетчү нерсе — мамлекеттин жана жарандардын санариптик кызыкчылыктарын камсыздоо абдан маанилүү.

Бул үчүн дайыма киберкоопсуздукту жана жарандардын персоналдык маалыматтарын коргоо деңгээлин жогорулатуу өтө зарыл.

Биздин максат — таза бийликти, адилет коомду куруу. Ага жетиш үчүн жаӊы технологиялардын заманынан артта калбашыбыз керек.

Интернетти жана санариптик технологияларды колдонуу менен мамлекеттик кызматтарды сунуштоо — коррупциялык көрүнүштөрдү максималдуу кыскартууга мүмкүндүк берет.

Анткени, мамлекеттик кызматчылар менен жарандардын ортосундагы түздөн-түз катнаштар минималдуу деӊгээлге түшөт.

Урматтуу кеңештин катышуучулары!

Бир-эки мисал келтирип кетейин.

Жакында Ички иштер министрлигиндеги мамлекеттик кызмат көрсөтүү Борборуна бардым. Ал жерде ар түрдүү уруксат каттары, ошондой эле соттолбогондугу тууралуу маалым каттар берилет экен.

Буга чейин бул нерсе узак жылдар бою элдин нааразычылыгын туудурган, өтө коррупцияланган процесс болчу.

Мына, бүгүн бул көрүнүш жок. Аталган Борбордун курулушуна 11 млн сомдон бир аз ашык каражат жана болгону 4 ай убакыт кеткен.

Мамлекеттик каттоо кызматынан мен ушуга окшогон мамилени канча жолу сурадым. Премьер-министр болуп турганда да айткам. Бирок бүгүнкү күнгө чейин эч кандай жыйынтык жок.

Мамлекеттик каттоо кызматы кызматтарды санарипке өткөрүү боюнча алдыңкы позицияда болушу керек.

Бирок учурда паспорт алуу процессинде гана ийгиликтүү.

Эмне үчүн ушундай эле процесс транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоодо, жарандык актыларды каттоо системасында байкалбайт.

Кечээ эле биз Бишкек шаардык транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо бөлүмүнүн ишин көрдүк.

Көчөдө кезек күткөндөрдүн аягы көрүнбөйт, жарандардын баары нааразы.

Ал эми ичинде жетекчиси жана анын кол алдындагылар акча табууга шарт түзгөн коррупциялык схемасын түзүп алышкан.

Мындан улам — автомектептердин бүтүрүүчүлөрү сапатсыз болуп, ар кандай жол-транспорт кырсыктарын жаратууда. Алардын айынан жарандарыбыздын, айрыкча балдардын өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч жаралып жатат.

Жарандарыбыздын ою боюнча Мамлекеттик каттоо кызматкерлери коррупциялык механизмдерди жок кылууга жакшы аракет кылбай жатат. Мен алардын оюна кошулам.

Урматтуу мекендештер!

Жарандар шаар бою кыдырып ар кайсы эшиктерди жыртып, керектүү маалым каттарды, кээде таптакыр кереги жок кагаздарды алуу үчүн чуркап жүрүшөт. Буга канчалаган убакыт, каражат, нервдер кетип жатат.

Жарандарыбыз үйлөнүп, балалуу болуп, билим алып жатышат — чиновниктер алардан ар кандай маалым кат талап кылып жатат.

Ал түгүл өлгөндөн кийин да туугандары маалым кат алыш үчүн зарыгып кезек күтүп турушат.

Бюрократия биздин бардык жакшы пландардын баарына тоскоол болуп жатат. Бардык жерде майда чиновниктер пара ала турган шарттар түзүлгөн.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү органдардын баары теӊ керек болсо түшкү тыныгуусуз иштесин. Элди жумалап күттүрбөсүн.

Буга окшогон фактылар түп-тамырынан бери жок кылынып, күнөөлүү адамдар жоопкерчиликке тартылууга тийиш.

Мындай болбойт, мындайга жол берилбеш керек!

Жогорудагы мисалдардын баары мамлекеттик кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө санариптик технологияларды масштабдуу киргизүүнү шарттайт.

Коррупциялык көрүнүштөрдү жоюп, ар кандай кагаздарды жана бюрократияны азайтат.

Мамлекеттик органдардын ишинде ачык-айкындуулукту жогорулатат.

Бул максатка жетүү үчүн азыркы учурда Электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталы пилоттук режимде иштей баштады. Учурда 10 кызмат электрондук форматта көрсөтүлүп жатат. Эки жума ичинде, ушул жылдын аягына чейин электрондук форматта кызмат көрсөтүүлөрдүн саны 25ке жеткирилет. Андан сырткары Мамлекеттик каттоо кызматынын 25 кызмат көрсөтүүсү бирдиктүү порталга киргизилиши зарыл.

Жыйынтыгында 2019-жылдын аягына чейин 189 кызмат электрондук форматка өткөрүлөт.

Бул иштер белгиленген мөөнөттөн кечиктирилбей аткарылышы керек.

Жарандарыбыз айтылган кызматтарды электрондук форматта толук бойдон ала башташ үчүн „Түндүк“ электрондук системасын ишке киргизүүнү тездетүү өтө чоӊ мааниге ээ.

Бул иш бардык мамлекеттик органдардан көз каранды.

Жалпысынан бул багыттагы жумуштар  бекитилген план боюнча жүрүп жатат. З мамлекеттик орган — Ички иштер министрлиги, Кыргызпатент жана Финансы чалгындоо кызматы жумушту планда көрсөтүлгөн мөөнөттөн  эрте бүткөрүштү.

Бекитилген пландан артта калып жаткан 2 министрликти белгилей кетиш керек. Булар — Транспорт министрлиги жана Саламаттык сактоо министрлиги.

Транспорт жана жолдор министрлигине бул ишти бүтүрүү үчүн 1 айлык мөөнөт берилет. Жаӊы жылдын январь айынын ичинде министрликтин маалымат системасын „Түндүккө“ кошулуусун камсыз кылыӊыз.

Урматтуу катышуучулар!

Дагы бир маанилүү жагдайды белгилей кетүү зарыл. Мындан ары интернет компаниялардын да ачык айкын иштөөсү зарыл.

Азыркы учурда байланыш операторлору тарабынан салыкты жашыруу фактылары көп кездешип жатат. Мисалы, азыр „Акнет“ жана „Элкат“ компанияларынын иши боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Ушул кемчиликти жоюу максатында Экономика министрлиги, Мамлекеттик салык кызматы, Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети интернет трафикти  так эсепке алууну ишке ашыруу үчүн тиешелүү укуктук-ченемдик акт иштеп  чыгып, кабыл алуусу зарыл.

Урматтуу катышуучулар!

Концепцияны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн Өкмөт жана тиешелүү мамлекеттик органдар жол картасын кабыл алышы керек. Аны толук бойдон ишке ашыруу үчүн Өкмөт өзүнүн болгон ресурстарын жумшоосу зарыл.

Баардык кызыкдар тараптардын кызматташуусу үчүн Жогорку технологиялар паркы аянтча болуп берет. Ал санариптик бизнести өнүктүрүүдө жана санариптик кызматтарды экспорттоодо Өкмөттүн колдоосуна абдан муктаж болот.

Өлкөбүз үчүн өтө маанилүү бул реформаны ишке ашыруу процессине такай мониторинг жүргүзүп, иштин жүрүшүн баалап туруу — Коопсуздук кеӊештин Секретариатына тапшырылат.

Ал эми „Санариптик Кыргызстан“ концепциясын ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьери Кубатбек Бороновду жооптуу кылып бекитүүнү сунуштайм.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында Концепцияны ишке ашырууну башкаруу боюнча Улуттук борборду түзүү — максатка ылайыктуу иш болот.

Ушул Концепцияны ишке ашыруу өлкөнү санариптик трансформациялоону тездетет. Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө түрткү берет.

Урматтуу Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү жана жыйындын катышуучулары!

Сөзүмдүн аягында жаңы санариптик технологияны киргизүүнүн үстүндө чымырканып иштебесек, биз өнүккөн дүйнөдөн четте калуу коркунучунда калабыз.

Мамлекетибиз жакынкы 5 жылдын ичинде региондогу санариптик экономиканын лидерлерине жетүүсү зарыл.

Уланып жаткан коррупция жана бюрократизм алдыңкы өнүккөн Кыргызстанды курууга жол бербейт.

Бүгүнкү Коопсуздук кеңешинде кабыл алган санариптик трансформациялоо Концепциясы Кыргыз Республикасынын тарыхындагы бурулуш учурлардын бири болуп калат деп толук ишенем».