Президент Коопсуздук кеңешинин жыйынында транспорт министрин сынга алып, аны иштен четтетип турууну тапшырды

Бүгүн, 14-декабрда Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду иштен четтетип турууну өкмөт башчыга тапшырды.

Президент бул кылмышка тиешелүү адамдардын баарын жоопко тартуу керек экенин белгилеп, министрдин ишиндеги кемчиликтерге карабай Коопсуздук кеңешинин жыйынына уялбай келип алганын катуу сынга алды.

Эскертек кетсек, буга чейин, 5-декабрда УКМКнын Антикоррупциялык кызматынын кызматкерлери тарабынан транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар менен кармалган.

АККга берген маалыматына караганда, бул иш боюнча берилүүчү паранын суммасы 520 миң доллар болгон. Анын 120 миңин А.Жусубалиев мурда алган.

 

Президент Коопсуздук кеңешинин жыйынында транспорт министрин сынга алып, аны иштен четтетип турууну тапшырды: 1 комментарий

Комментарии запрещены.