Аламүдүн районунда чоочун паспорт менен тестирлөөгө катышуу фактысы аныкталды

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылындагы мектеп гимназияда 19-майда жалпы республикалык тестирлөөгө чоочун паспорт менен катышуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Аныкталган боюнча 20 жаштагы жаран 21 жаштагы башка кишинин атынан тестирлөөгө катышкан. Бул иш комиссия документтерди текшерген убакта билинген.

Аталган факт боюнча Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгы кылмыш иши козголгон. Учурда шектүү адамдар кармалып, сурак берүүдө.