Маалыматтык коопсуздук журналисттер үчүн эмес, улуттук коопсуздук үчүн керек…

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


СДПКчы депутат Дастан Бекешов Facebookтогу баракчасына “Еще раз про наши расходы” – деген теманын алдында чыгашалар тууралуу өз ойлору менен бөлүшө келип: “…613 миллионов сомов – на государственные СМИ: ОТРК, ЭльТР, Мир, Кабар и областные телерадиокомпании (сюда не вошли расходы на телеканал «Пирамида»)… Всё это будет финансироваться в 2019 году за счёт налогоплательщиков” – деген экен, Кaktus.media сайты депутаттын колтугуна суу бүркүп: «Зачем нам столько государственных СМИ? Например, то же ИА «Кабар» не читает так много людей, зачем тратить на его содержание 20 млн сомов? Я уверен, что ваш сайт, например, не тратит столько средств на свое существование», — деп, Д.Бекешовдун оозу менен мамлекеттик ЖМКлар тууралуу оюн айттырып алып, “Нужно ли государству финансировать СМИ?” деген суроону кабыргасынан койду!

Эми чындыгында, биерде биз териге турган эч нерсе жок, “Кыргыз Туусу” гезити улуттук тун гезит, өкмөттүк басылма болгон менен мамлекет тарабынан каржыланбайт. Ошентсе да, Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгондон бери мезгил-мезгили менен “Эмне үчүн өкмөт мамлекеттик ЖМКны каржылаш керек?” деген суроо пайда боло калганда, каалайбызбы же жокпу ал сөз бизге да тийип калып жүрөт. Минтип чет элдик гранттардын жана чет элдик каржынын эсебинен жан баккан телеканал, радио, интернет сайттар жана басылмалар гана айтпайт, аттуу-баштуу саясатчылар да айтат, анын өзү бизде ар дайым таңгалуу жаратат. Эмесе, ошол ээн ооз саясатчыларга, чет элден каржыланган ЖМКларга жана СДПКчы Дастан Бекешовго жооп бергенге аракет кылып көрөлү.

Соңку  кылымда, анын  ичинде  акыркы он жылдыкта маалыматтын баасы улам өсүп баратат. Күндөлүк жашоого,  мамлекеттин саясый турмушуна маалымат мейкиндиги, маалыматтык саясат, маалымат коопсуздугу деген түшүнүктөр келип  кирди.  Атүгүл бүгүн маалымат саясаты жана маалыматтык коопсуздук – улуттук жана мамлекеттик коопсуздуктун ажырагыс бир бөлүгүнө айланды.

Бүгүн дүйнөнүн өнүккөн мамлекеттери дүйнөлүк аренада өз таасирин  сактоо,  өз  саясатын таңуулоо, тиги же бул өлкөнүн ички саясатына кийлигишүү, дегеле өз саясатын алга жылдыруу максатында дүйнөлүк маалымат мейкиндигин ээлегенге аракет кылып келишет. Болуптур, россиялык “Комсомольская правда”, “Аргументы и факты”, “Правда” басылмалары, ОРТ, РТР ж.б. телеканалдар эскиден калган “салт” менен Кыргызстандын маалымат мейкиндигинде өз жашоосун улантып жатат дейли, а “Российская газета” бул сапка кечээ жакында кошулбадыбы? Ошол эле “Спутник” сайтын алсак, ал да россиялык долбоор.

Мейли, булар “жакынкы кошунабыздын” ЖМКсы экен,  Кыргызстандын  маалымат  мейкиндигинин “эрке баласына” айланган “алыскы туугандар” “Азаттык” менен “Би-Би-Си” радиостанциялары – бири АКШ Конгресси каржылаган, бири Улуу Британиянын жалпы улуттук коомдук теле радио уюму эмеспи?

Акыркы жылдарда Кыргызстанга ар кандай диндер жана диний агымдар менен катар диний басылмалар, интернет сайттары да агып кирди. Басылмалар гана эмес, бүтүндөй басмаканалар кирди. Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы күн ара республиканын ар кайсы булуң-бурчунан таап жаткан диний экстремисттик адабияттар ошол басмаканалардын ишмердиги. Же мындан Жогорку Кеңештин депутаттарынын кабары жокпу?!

Кыргызстандын маалымат мейкиндигине кошуна жана алыскы мамлекеттер да киргенге аракет кылып келишет. Бир жылдарда түрк ишкерлеринин “Заман Кыргызстан” басылмасы үзгүлтүксүз чыгып турду эле, эми азыр алар аты уйкаш интернет сайт аркылуу өз ишмердигин улантып жатышат. Иран мамлекети да кыргыз маалымат мейкиндигинде өз ишмердигин баштады. Кытайлык кыргыздар тууралуу баяндаган “Жунго кабарлары” ар бир кыргыздын үйүндө сүйүктүү көрсөтүүгө айланды. Ал эми россиялык маалымат каражаттары союз тарап кетсе деле өзүбүздүкүндөй кабылданып келет.

Минтип, бир өлкөнүн маалымат каражаттары экинчи бир өлкөнүн маалымат мейкиндигинен өз ордун ээлегиси келгени эмнени билдирет? Же аталган өлкөлөр акчаларын кайда катарын биле албай, ойгелди чачып жатабы? Арийне, жок. Ал өлкөлөр маалыматтык саясат деген эмне экенин жакшы түшүнөт. Себеби, дүйнөлүк саясатта маалыматтык согуш деген да түшүнүк бар. Биз жогоруда маалыматтык саясат, маалыматтык коопсуздук тууралуу айтканда, атайылап эле маалыматтык согуш тууралуу айткан эмеспиз. Маселенин төркүнү да ушуга келип такалат. Эгер, саясатчылар, анын ичинде депутаттар маалыматтыксогуш тууралуу түшүнүгү жок болсо, анда мунун баарын айтып бекер.

Аксы окуясынын тушунда ошол учурдагы премьер-министр Н.Танаев “биз маалыматтык согуштан уттуруп койдук” деп, мамлекеттин маалымат саясаты маалыматтык согушта Кыргызстандын маалымат мейкиндигиндеги ата мекендик жеке менчик оппозициялык жана чет элдик грант жана чет элдик бюджет эсебинен каржыланган ЖМКларга уттуруп койгонун мойнуна алган. Акаев бийлигинин маалымат согушунда уттуруп койгону мыйзам ченемдүү болчу. Анткени, анын тушунда Кыргызстандын маалымат мейкиндигиндеги чет элдик маалымат каражаттарына жана атамекендик жеке менчик басылмаларга артыкчылык берилип, бул оппозициялык маанайдагы ЖМКлардын көңүлүн алыш үчүн, аларга көшөкор мамиле жасалып, жең алдынан каржылык колдоо (муну сатып алууга аракет десек болот) көрсөтүлө баштаган. Оппозициялык ЖМК Акаев бийлигин сындай берип, жербаш кылып койгон.

Эгер соңку 27 жылдагы Кыргызстандын маалымат мейкиндигиндеги саясатты карап көрсөк, эмнегедир мамлекет тарабынан чет элдик маалымат каражаттарына жана атамекендик жеке менчик ЖМКда иштеген журналисттерге жогору баа берилип, дайыма төрдөн орун берилип келет. Алсак, акыркы жылдарда КТРКга “Азаттыктын” “тегирменинен” өткөн же батыш каржылаган өкмөттүк эмес уюмдарда “тажрыйба” топтогон же мамлекетти “шыбаган” оппозициялык маанайдагы басылмаларда иштеген журналисттер жетекчилик кызматка барганы салтка айланып калды. Ошол эле учурда, КТРКны ичинен билгендер, ошол жерде жылдап иштеп, эмгеги сиңгендер борттун сыртында кала берүүдө.

Биз  билгенден,  Кыргызстандагы  чет  элдик ЖМКларга, анын ичинде “Азаттыкка”, аны каржылаган өлкөнүн атайын кызматынын расмий уруксаты берилгенден кийин гана кызматка алынса керек эле. А биз болсо, айкөлдүк кылып, “Азаттыкта” иштегендерге улуттук маалымат мейкиндигинин “көзүрү” болгон КТРКны кармата берип жатабыз. Эмне, биз маалымат коопсуздугуна коркунуч жаралат деп коркпойбузбу?

Эмнеге, бизди, анын ичинде депутат Дастан Бекешовду Кыргызстандын маалымат коопсуздугу ойлондурбайт? Былтыр жол түшүп, журналисттердин тобу Түркиянын “Анадолу” агенттигинде болдук. Штаб-квартирасы Анкарада жайгашкан бул маалымат агенттигинин бөлүмдөрү, кабарчылар пунктары дүйнөнүн 36 өлкөсүндө иштеп, өз маалыматтарын дээрлик 11 тилде таратат экен. Агенттиктин өзүндө эле миңден ашуун кызматкер иштейт, дүйнө жүзү боюнча 1700-1800 кызматкери бар дешти. Жаңылбасак, бир жылдык бюджети 45-50 млн. доллардын тегерегинде дешсе керек эле.

А Дастан Бекешов болсо, “эмне үчүн “Кабар” агенттигине 20 млн. сом бөлүнөт” деп кейип жатпайбы? Тескерисинче, ал эмнеге “Кабар” агенттигине 20 млн. эле сом бөлүнөт, мындан көбүрөөк бөлсө болбойбу, “Кабар” агенттиги мамлекеттик маалымат каражаты болгон соң, ал маалымат мейкиндигиндеги Кыргызстандын, улуттун жүзү болушу керек, аны колдойлу,  өнүктүрөлү, жок дегенде кыргыздар жашаган жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө бөлүмдөрүн ачалы, Кыргызстан  жана  кыргыз тарыхы,  азыркы  кыргыз турмушу, эмгек мигранттары, кыргызстандыктар тууралуу бардык маалыматтарды камтыган алдыңкы маалымат агенттигине  айланталы” десе болмок. Мына ошондо, ал мамлекеттик ишмердин сөзүн айткан болмок.

“Өз аскерин бага албаган мамлекет башка өлкөнүн аскерин багат” деген учкул кеп бар. Анысы кандай, мамлекет өзүнө тиешелүү маалымат каражаттарын колдой албаса, каржылай албаса, анда ал башка мамлекеттин маалымат каражаттарын каржылайт, багат. Кошомат кылат. Мамлекеттик маалымат каражаттарында иштеген журналисттерин кадырлап-барктай  албаган  мамлекет  чет элдик ЖМКда иштеген журналисттерди төбөсүнө көтөрөт, жетекчи кызматтарга коет. А каалайбызбы же жокпу, сөз маалымат коопсуздугу жөнүндө болуп жаткан соң, өтө коркунучтуу, опуртал маселе.

Эмне  үчүн  мамлекеттик ЖМКлар каржыланыш керек? Акыркы жылдарда Кыргызстандын маалымат мейкиндигинде чет элдик маалымат каражаттары гана эмес, атамекендик жеке менчик ЖМКлар көбөйдү. Мурда жеке менчик ээлери гезит ачууга басым жасашса, кийинки жылдарда Интернет сайттарын, телерадио каналдарын ачууга артыкчылык берип жатышат. Кыргызстандын эфир мейкиндиги НТС, Апрель, Марва, НьюТВ, “ҮмүтТВ”, НБТ, “Эхо Манаса”, “ON1”, “312 RIDS”, 7 канал, “КыргызТВ”, “Санат” ж.б. теле радио каналдарга, сайттарга толуп калды. Эми мунун баары кимдир бирөөнүн менчиги, кимдир-бирөөлөр каржылап жатат. Же бу телерадиоканалдар өзүн-өзү багып, өзүн-өзү каржылап жатыптырбы?!! Ырас, ким-бирөөлөр каржылап жаткан соң, ал ТВ-радиолордун артында турган топтордун жана жеке адамдардын кызыкчылыктары турбайт, алар өз эфирлеринде жеке менчик ээлеринин кызыкчылыктарын чагылдырбайт деп ким кепилдик берет? Ар бир жеке менчик ЖМКнын артында саясый топтор, үчүнчү тараптар жана алардын кызыкчылыктары турат. Сайттар, анын ичинде “ЖМКны мамлекет каржылаш керекпи?” деп кабелтең суроо койгон “Кактус-Медиа” сайты тууралуу деле ошону айтсак болот.

Аларда алдыңкы планда Кыргызстандын жана анын элинин кызыкчылыктары эмес, жеке топтордун жана үчүнчү тараптардын кызыкчылыктары турат. Логика болбосоң кое кал, жеке топторго, үчүнчү тараптарга ЖМК керек экен да, мамлекетке өз маалымат саясатын таратканга, жайылтканга, коомчулукка өзүнүн ишмердиги тууралуу айтып берип турганга, ошол эле учурда элдин үнүн укканга, коомдук ой-пикирдин агымын билгенге мамлекеттик аталган расмий ЖМКнын кереги жок бекен?!! Кыскасы, мамлекет “ЖМКны каржылаш керекпи” дегенде, ЖМКлардын расмий макамын тактап алуубуз керек, эгер, сөз мамлекеттик ЖМК тууралуу болсо, анда аны мамлекет каржылаш керек. А жеке менчик ЖМКлардын өз кожоюндары бар, ал өз менчигине кандай мамиле жасайт, жаап салабы же каржылайбы, аны өзү билет. Ал эми мамлекет өзүнө тиешелүү мамлекеттик ЖМКларды каржылаганда, кимдир-бирөөгө коркок билиш болбоого тийиш. Бул улуттук коопсуздук үчүн керек.