Кыргызстанга жеңиш алып келген команда

Биз жакында иш сапар менен Ноокат районуна барып калдык. Райондун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Акуш Асанбаев белгилүү сынчы жана коомдук ишмер Камбаралы Бобуловдун ысмын алып жүргөн Баргы орто мектебинин “Үч жарык” командасынын ийгилиги тууралуу айтып калды. Анын айтуусунда элет жеринде орун алган мектептин командасы өткөн жылы “Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү – 2017” деп аталган сынакта республикалык слётко катышып, байгелүү 3-орунга ээ болсо, быйыл республикада 1-орунга чыгып, Казакстандын Кызыл-Ордо облусунда болгон эл аралык турга катышыптыр. Бул команда 34 мамлекеттин ичинен 3-орунга чыгып, Россияда өтө турган 50 өлкөнүн командасы катышкан мамлекеттер аралык мелдешке катышууга укук алган. Ноокаттык “Үч жарык” командасы 50 өлкөнүн командасы катышкан Анапа шаарында Кыргызстандын намысы үчүн ат салышып биринчи орунду жеңип алышкан. Команда мамлекеттер аралык атайын үлгүдөгү дипломго жана вымпелге ээ болушту.

Анын сөзүн Ноокат райондук балдардын чыгармачылык борборунун директору Эркин Эргешовбышыктады:

– Бул команданын түзүлгөндүгүнө 20 жылга жакын убакыт болду. Ушул жылдардын аралыгында команда көп учурда алдыңкы катарда жүрдү. Учурдан пайдаланып айтып коюш зарыл, “Үч жарык” командасынын эл аралык мелдеште жеңишке жетишине Ош облустук жол коопсуздук бөлүмүнүн начальнигинин орун басары, милициянын подполковниги Мааданбек Кубатовдун жана райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери А.Абдуллаев, С.Гыязов сыяктуу кызматкерлердин кошкон салымы чоң. Мындай биргелешкен аракет өз натыйжасын берип, биздин команда бийиктикти багындырып келди.

Ийгиликтин ээлери менен жакындан таанышуу максатында аталган мектепке жол тарттык. Бизге райондук билим берүүнүн башчысы да кошулду.

Биз барганда “Үч жарык” командасынын жетекчиси Айгүл Эгембердиева окуучулар  менен  кезектеги  машыгуу  жасап жатыптыр.

Мектеп директору Чынара  Юсуповажурналисттердин келгенине кубанганын жашырган жок:

– Ноокаттыктарды гана эмес, жалпы кыргызстандыктарды кубанткан бул факты көз жаздымда калып жаткандыгына ыза болуп турган чакта биз тарапка келгениңиздер жакшы болбодубу. Себеби, айрым маалымат каражаттары республикалык турда алдыңкы эмес, байгелүү орунду алган командалар тууралуу жазып жаткандыгы биздин балдарды ызалантып жаткан. Эгер алар бизге окшоп эл аралык мелдешке катышып калса, тим эле дүңгүрөтүп жибермек экен…

Биздин мектеп жолдон бир аз окчун жайгашкандыктан, коноктор көп келишпейт. Ат жалын атайын биз тарапка бурган экенсиздер, биздин мектептин командасы менен жакшылап таанышып кетиңиздер.

Биздин  балдардын  ийгилиги  жөн жерден  эле  жаралып  калган  жок. «Үч жарык» командасы 2003–2005-жылдары «Жаш жол инспекторлор» сынагында райондо биринчи, облуста үчүнчү орунга ээ болгон. 2007-жылы «Жаш жол инспекторлору» конкурсунда райондо, облуста, республикада биринчи орунга чыгышып, Казакстан Республикасынын Усть-Каменогорск шаарында өтө турган конкурска катышууга жолдомо алышкан. Ошол жылы жай айларында «Үч жарык» командасынын 8 мүчөсү жетекчиси менен көгүлтүр Ысык-Көлдүн боюндагы Чок-Тал айылындагы «Дзержинец» аттуу эс алуучу лагерде акысыз путевка менен эс алып кайтышкан.

2013-2014-жылдары  биздин  команда «Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча жаш жол инспекторлору» конкурсунда алдыңкы орундарга чыгып, байгелүү сыйлыктарга жана грамоталарга ээ болушкан. 2017-жылы облуста биринчи орунга чыгышып, республикада 3-орунга ээ болгон.

2018-жылы «Жаш жол инспекторлор» кароо сынагында республикалык турда биринчи орунду камсыз кылып, Казакстандын Кызыл-Ордо облусундагы 19-августан 29-августка чейин өткөрүлгөн Эл аралык XVIII слётко катышууга укук алышты. Казакстанда өткөн мелдеште  19  команданын  ичинен  үчүнчү орунга ээ болуп, 2-октябрдан 15-октябрга чейин Россия Федерациясынын Краснодар аймагынын Анапа шаарында өткөрүлгөн XIII мамлекеттер аралык мелдешке катышып келишти. Анын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын командасы 50 өлкөнүн ичинен биринчи орунга ээ болушту. Балдарыбыздын бул ийгилиги биздин төбөбүздү көккө жеткирип койду. “Үч жарык” командасынын ийгилиги Кыргызстандын ийгилиги эмеспи!

— “Үч жарык” командасынын жетекчиси Айгүл Эгембердиева жөнүндө айта кетпесек болбойт, – деп сөзгө кошулду райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Акуш Асанбаев,– ал 1989-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин математика факультетин аяктап, ошол жылдан бери К.Бобулов атындагы Баргы орто мектебинде математика мугалими болуп иштеп келе жатат. 2001-жылы «Жыл мугалими» конкурсунда райондо экинчи орунга ээ болгон. Ал 2002-жылы Оштогу мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунун 40 жылдык мааракесине арналган илимий-практикалык конференциянын катышуучуларына «Манастын 7 суяты – математикада» деген иш-тажрыйбасын көрсөтүп берген. Анын бул эмгеги Ош облусуна жайылтылган. Айгүл Эгембердиева өз ишин мыкты билген, изденгич адис. Окуучулары жыл сай-ын райондук, облустук жана республикалык олимпиадаларга катышып келе жатат. Анын

бир нече усулдук макалалары, сабактын иш-телмелери басма сөз каражаттарына жарыя-ланган. I–VIII класстар үчүн «Жолдо жүрүү эрежелери боюнча көрсөтмө», «Үч жарыктын үзүрү», I–VI класстар үчүн “Жолдо жүрүү эрежелери” китепчелеринин автору.

«Үч жарык» командасынын жетекчиси Айгүл  Эгембердиеванын өзүн да сөзгө тарттык.

– Анапа шаарында өткөн мелдешке катышкан командалар «Ата-энелерге жолдо жүрүү эрежелерин үйрөтүү, жолдо жүрүүнүн эрежелери боюнча тест тапшыруу, катарда басуу, чыгармачылык, болочок айдоочулар боюнча тапшырмаларды аткарышып. Биздин  мектептин окуучулары мамлекеттер аралык мелдеште Кыргыз Республикасынын намысын абийирдүүлүк менен коргоп беришти. Команданын мүчөлөрү Кара дениздин жээгиндеги эң жакшы шарты бар балдардын «Смена» борборунда эс алдык. Анапа шаары таза, кооз, адамдары меймандос экен. Алар-дын баары бизди жеңишибиз менен куттуктап, колубузду кысышты. Команданын мүчөлөрү ар кайсыл мамлекеттерден келген окуучулар менен таанышып, алар менен достошуп кайтышты. Алардын Кыргызстандын дарегине карата айтылган жылуу сөздөрү биз үчүн абдан жагымдуу болду.

Мамлекеттер аралык болгон мелдештерде жеңиш менен кайткан «Үч жарык» командасын үстүбүздөгү жылдын 17-октябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Төлөнбай Кожобаев жана башкалар тосуп алышып, Москва шаарын кыдыртып чыгып, бизди аэропортко чейин узатып коюшту.

Учурдан пайдаланып, балдардын ушул ийгилигине өздөрүнүн материалдык жана моралдык салымдарын кошкон Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровго, районубуздун акими Давран Маматалиевге, райондук билим берүү бөлүмүнө, Т.Зулпиев атындагы айыл аймактын жана райондук, облустук ИИБ жетекчилерине ыраазылык айтабыз.

“Үч жарык” командасынын ийгилиги – Кыргызстандын ийгилиги!

Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ, “Кыргыз Туусу”.