Жумгал РЭСтин жетекчисинин орун басары асылган абалда табылды

Жумгал райондук электр тармактар ишканасынын жетекчисинин орун басары асылган табылган. Маалымат боюнча, 38 жаштагы кишинин сөөгүн 27-майда саат 21.40 чамасында өз үйүнөн табышкан.

Ички иштер министрлиги Жумгал районунда суицид фактысы катталганын билдирген.