«Эгерде мага бир ирмемдик мүмкүнчүлүк берилсе, апамдын жүзүн көрүүгө ашыгат элем»

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


Кыргызстандагы көзү азиз радио-алып баруучу, “Миң кыял радиосунун” диджейи, КР маданиятынын мыкты кызматкери Азамат БЕРДИЯРОВ менен маек.

–  Азамат,  “Миң-Кыял”  радиосунда мыкты алып баруучу катары тааныйбыз сени. Бирок сенин азиз экениңди угармандар билбейт. Анткени уктурууң эч кынтыксыз өтөт. Айтчы, радио уктуруу үчүн башты айланткан кнопкалар, клавишалар. Мунун баарынан кантип адашпайсың? Кантип жөндөйсүң?

– Кыргызда кеп бар эмеспи: “Каалоосу жарашса – кар күйөт” деген. Анын сыңарындай, жандүйнөң  эмнени  каалап  турса,  көзүң көрбөсө да көкүрөгүң көрөт деп ойлойм. Демек, баарын үйрөнүүгө болот. Кайсы клавиша кайсы жерде экенин билем. Андыктан угармандар менен байланышуу, ж.б. иштердин баарын өзүм жүргүзөм. Ал эми музыканы, ырды кесиптештерим коюп беришет.

– Угармандар, окурмандар сенин бала чагың тууралуу жана да кантип радио алып  баруучу  болуп калганың  тууралуу кызыгышат  болуш керек?

– Мен 1991-жылы Ат-Башыда туулгам. Мектепке чейинки балалыгым ошол туулган жеримде өттү. Бирок көзүм көрбөгөндүгүнө байланыштуу,  мектепти Бишкектеги азиз балдардын жатак мектебинде окудум.  Ошол  окуучулук күндөрдө келечек тууралуу кыялданасың да. Адегенде ырчы болгум келчү. Бирок байкасам,  көзү  көрбөгөн адамга  ырчы  болуш  өтө кыйын экен. Жаныңда бирөө дайыма болуш керек, жетелеш керек дегендей. Мындан сырткары да канчалаган түйшүктөрү бар. Ошондуктан: “Ырчыдан башка дагы ким боло алам?” – деп ойлоп жүрүп, кийинчерек радио журналистикага кызыгып кеттим.

– Кантип?

– Радиону көп угар элек. Ошол кезде “ХХI кылым” деген радиодон ар кандай оюндар уюштурулуп, суроо-жооптор болуп калчу. Бир күнү Насиридин деген классташым айтып калды: “Азамат, сен дагы радиого чалып, белек утуп албайсыңбы?” – деп. “Кантип утмак элем?” – деп адегенде көңүлдөнбөй койгом. “Аракет кылып көрсөң, сенин колуңдан келет”, – дейт. Ошентип, кызыга баштадым. Айткандай эле, ошентип жүрүп, радионун ишине катуу кызыгып кеттим. “Эмне үчүн

– Ошол жолду кантип тапканың эсиңдеби?

– Эсимде. Ошол кезде Мыктыбек Арстанбектин “Тил, академия…” деген долбоору иштеп жаткан экен, бир күнү мектепке келишип: “Келечек жөнүндө ким кандай ойлонот? Ким болгуңар келет?” – деп сурамжылоо жүргүзүп калышты. Баары өз ойлорун айтып жатышат. Мен болсом: “Радио-диджей болом”, – десем, журналисттер: “Көзү көрбөсө, кантип диджей болот?” – деп таң калып жатышты. Ар кандай тапшырма берип, радио алып баруучулар тууралуу сурап, үнүн тууратып жатышат.

Баарын аткарып берсем, кызыгып калышты окшойт. Барып эле Мыктыбек Арстанбек агайга айтышыптыр: “Ушундай азиз бала бар экен, радио журналистикага кызыгат экен, таланттуу экен…” – деп. Ошондон улам мени телекөрсөтүүгө тартышып, сынакка катыштырышып, белекке радио-магнитофон утуп алгам. Бул менин кызыгуума ого бетер дем-күч берип койду да. Анан ошол радио менен мектепте иштеп жүрдүм.

– Мектепте иштеп?

– Ооба. “Кубаныч – FM” деген радио ачып, мугалимдеримден маек алып, балдарды сүйлөтүп, кайра аны угуп дегендей… Өзүм диджей, өзүм музыкант, өзүм монтажчы, журналист. Ошентип, өзүмдү-өзүм машыктырып жүрдүм. Мектепти бүткөндөн кийин дагы бир жакшы мүмкүнчүлүк табылып, “Санжыра” радиосуна келдим. Продюсер Назгүл Жамгырчиева эже эле. Мени менен сүйлөшүп: “Жарайсың, ишке алам”, – деди. Ошентип, ал жерде үч жылдай иштеп, Урмат Жээнбеков деген кесиптешдос таптым.

Үйдөгүлөр кандай кабыл алып жатышты?

– Аябай кубанып жүрүштү. Бирок апам бир күнү айтты: “Балам, сен өмүр бою эле диджей болуп жүрмөк белең? Дагы бир ке-сипти үйрөнүп алчы”, – деп медакадемиянын укалоочу факультетин сунуш кылды. Ошентип, радиодон алаксып, окуу менен алектенип калдым. Ал жерде окуп жүрсөм, бир күнү Урмат досум айтып  калды:  “Манас  жаңырыгы” радиосуна келбейсиңби, чогуу баралы”, – деп. “Мени ишке алмак  беле?”  –  дедим.  Бирок  Темирбек  Токтогазиев агайга кирип, иштегим келерин айттым. “Көзүң көрбөсө,  кыйналып калбайсыңбы, пульттарды башкара аласыңбы?” – деди. “Мага бир сааттык  эфир  бериңиз. Эгерде  эфир  сизге жакса,  иштей  алсам иштеп кетейин. Болбосо капа болбойм”, – дедим. Ошентип, бир мүмкүнчүлүк беришти.

–  Кайсы  уктурууну алдың?

– Дароо эле “Ак тилек”  уктуруу  программасына  отурдум  дагы, бир саат эфирди алып бар-дым. Агай уктуруу бүтөрү менен эле: “Азамат, калып иштей бер”, – деди. Ошентип төрт жылдай “Манас жаңырыгында” иштедим. “Маданияттын мыкты кызматкери” болдум.

– “Миң кыялга” кандайча келип калдың?

– Биз “Манас жаңырыгынан” бир айга отпускага тарап кетсек, табият кырсыгынан десем туура го, техникаларыбыз жабыркоого учурап калыптыр. Күтүп жүрүп: “Өзүмдү чоң радиолордо да сынап көрөйүн” деп чечтим. Коомдук телерадио корпорациясына  келип,  Илим  Карыпбековго кирип оюмду айттым. “Бизде штат жок, бирок гонорарга иштей бересиңби?” – деди ал.

“Жумушка кантип барып-келип турасың?” – деди. “Маселе жок, карындашым жетелеп келип турат”, – дедим. Ошентип иштеп калдым.

– Жолдо кыйналбайсыңбы?

– Кыйналдым деп үйдө отура берген да болбойт да. Негизинен, жалгыз карындашым бар, ал ташып турат, кээде инилерим. Бирок жакында эле Илим байке: “Буюрса, машине алып келип, жеткирип турат”, – деп, Кудайга шүгүр, эфир күндөрү машине алып кетип, алып келип жатат.

– Айтмакчы, карындашың да журналистпи?

– Карындашымдын аты – Динара. Азыр Ат-Башыда автомектепте окуп жатат. Ал бошой калса эле жанымда. Академияда окуган курсташтарым, группалаштарыма дагы ыраазычылык билдирем. Күн дебей, түн дебей, жардам керек болсо чуркап келишип, жардамдашып турушат.

– Учурда кайда жашайсың?

–  Арча-Бешикте  квартирада  турам. Жүрөгүмдө жүргөн бир аялуу тилегим ушул – өз үйүм-жайым болсо кандай жакшы болор эле деп ойлоном.

– Балким, келечекте эмгегиң бааланып, квартиралуу да болуп калышың ажеп эмес. Ак эмгек менен баарына жетсе болот эмеспи. Айтмакчы, дарыгерлерге кайрылып көрдүңбү?

–  Мен  төрөлгөндө  эле  азиз  болуп төрөлгөм.  Биз  төрт  бир  тууган  болчубуз. Бир  иним  азыр  арабызда  жок.  Динара, мен жана бир иним бар. Бирок ошол иним да  мендей  төрөлдү.  Динара  экөөбүздүн ортобузда,  кээде  аны  ташып,  кээде  мени ташыйт…

– Азамат, кимди жана эмнени көргүң келет?

– Апамдын жүзүн көргүм келет. Мени он ай омурткасын сыздата көтөрүп төрөп баккан апамдын жүзү кандай болду экен? – деп кыялданам. Экинчиси, араб алфабитиндеги биринчи тамганын кандай жазылышын көргүм келет.

– Эмнеге араб алфавитиндеги?

– Анткени кыргызча тамгаларды колум менен сезип, элестете алам. Оңоюраак эмеспи. Ал эми арабча тамга татаалыраак болгондуктан, көрсөм кана деп коем.

– Айтмакчы, үйлөнүү тууралуу да кыялданасыңбы?

– Албетте. Кудайым буюрса, балким, ал да болуп калат деп ишенем.