«Мезгил өлчөмүн» барактап…

Өзүнүн кырк үч жылга чукул эмгек жолунун отуз сегиз жылын журналисттик кесипке арнап, Токтогул райондук «Шамшы-кал» газетасынын (мурунку «Учкун») редакциясында үзүрлүү эмгектенген Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар, журналисттер союздарынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Качкынбай Керимбаевдин «Мезгил өлчөмү» аттуу басмадан (ЧП Абыкеев А. Э., 2018-жыл) жаңы чыккан документалдуу повесть жана очерктер жыйнагы колубузга тийди.

Жыйнактагы «Ак карга» документалдуу повести (1993-жыл), ал эми очерктеринен «Мезгил өлчөмү» (1982-жыл), «Өр таянган жол» (1986-жыл), «Ак чыйыр»  (1989-жыл),  «Хирург»  (1990-жыл), «Айыл баяны» эссеси (1997-жыл) ар башка жылдарда жазылып, райондук газетага жарыяланып келген. Автор тарабынан учурдун талылуу маселелерин көтөргөн документалдуу повесть, очерктерин мезгилдүү басма сөз беттеринде калтырбай, өзүнчө жыйнактап китепке топтоп чыгаруусун туура эле мээнет кылганын акыйкат үчүн белгилейм. Анткени аларда адам эмгегинин учур жүгүн көтөргөн мезгилдери баяндалып жатпайбы. Каармандардын айрымынын бүгүн көзү өтүп кетсе да кызматтык милдетин аткаруудагы кайталанбас асыл эмгектерин замандаштары, алар аркылуу кийинки муун-дар да кабардар болуп, унутушпайт го. «Мезгил өлчөмү» жыйнагы менен жазуучу К. Керимбаев онунчу китептин автору. Азбы, көппү аны окурман өзү салмактап алар.

Жыйнак «Ак карга» аттуу документалдуу повести менен ашталат. Анын аталышы окурманга адегенде эле эмне үчүн «Ак карга» аталган? Деги жаратылышта ак каргалар барбы? – деген сыяктуу күдүк ойлорду пайда кылуусу мүмкүн. Табияттан биз кара каргаларды, көк каргаларды дайым эле көрүп жүрөбүз. Бул суроого автор өзү төмөнкүдөй түшүндүрмө берет. «Жакында санаторийдин алдында официалдуу болбосо да «Ак карга» клубун уюштуруп койду. Ак карга… Кандай кызык ат?.. «Советский спорт» гезити мына ушундай клуб ачыптыр. Карасаң ойлоп табышканын. Ак карга каймана маанини түшүндүрөт. Турмушта ак карга болбойт да. Эгер чын эле болуп калса кантет эле. Жалаң кара каргалардын арасында жалгыз ак карганын жүргөнүн элестетип көрсөңүз. Күлкү келерлик. Мүмкүн акылга сыйбаган мындай көрүнүшкө кыжырлары келип, бечара ак карганы тыткылап өлтүрүшмөк.

Ал эми «Советский спорттогулар» медицина тармагына сенсация туудурган эл-дик жана чыгыш медицинасынын ыкмалары менен дарылоо боюнча макалалар үчүн ушундай клуб ачып коюшуптур» (98-бет).

Повесттин финалдык бөлүгүнө жакын автордун жогорку баяндоосунан сюжеттик өзөктүн өңүтү кайсы бир деңгээлде окурманга белгилүү болот.

Повесттеги башкы кейипкерлердин бири Карамарт аттуу журналист. Ал ав-тордун өзү жана демикме оорусунан жапа чегип, ар дайым медициналык жардамга көз каранды болуп жүргөн жубайы Салкын.

Жабышкан дарттын азабын далай жылдардан бери тарткан жубайынын, өзүнүн да түн уйкусун бузуп ойлонткон бул дартты дарылатуу үчүн кандай гана аракеттерди жасашпаган. Борбор калаадагы айтылуу ооруканаларда дарылануунун, эл ичинде аңыз сөзгө алынган айрым табыптарга көрүнүүсүнүн да натыйжасы анчалык байкалбаган. Ушундай үмүттүн учкундары үзүлбөй жүргөн күндөрдүн аралыгында Карамарт өзү жашаган райондо туулуп-өсүп, медициналык институтту бүтүрүп келгенден кийин Кара-Көл шаарында, андан соң Токтогул районунда көп жылдар бою эмгектенип, тажрыйба топтогон, кесибинин дасыккан адиси, врач-терапевт Кудайберген Кулданбаевдин учур медицинасы менен бирге унутулуп бараткан элдик жана чыгыш медицинасынын ыкмаларында бейтаптарды дарылап жүргөнүн уккан. Укмак гана турсун жакындан тааныш болбосо да, бир ирет ага жолугуп, жубайынын дартын учкай маалымдаган. Анда врач К. Кулданбаев адистикти жогорулатуу курсуна кетип жатканын, келгенден кийин көрүнүүгө болорлугун билдирген.

Ушул  жолугушуудан  кийин Карамарт  көкүрөгүндө  уялаган ишенимден күдөр үзбөй чоң үмүт менен жубайын ээрчитип, дарылатууга К. Кулданбаев кийинки учурда  башкы  врач  болуп  эмгектенген Кара-Көл шаарында Токтогул ГЭСинин курулушуна байланыштуу энергетиктердин дарыланып,  ден  соолуктарын чыңдоосу үчүн атайын уюштурулуп ачылган профилактикалык санаториясына келишкен. Санаториянын астанасы алдында башкы дарыгердин келишин күтүү менен кылымга тете созулгандай көз ирмемдерде Ка-рамарттын өткөн-кеткендерге ой  жоруусуна,  санаторияга дарыланууга жаңыдан жана кийинки ирет келишкен жоон топ бейтаптардын  ой-пикирлерине  ортоктош болобуз.

Санаторияда дарыланган бейтаптардын диалогдорунан улам башкы врачтык кызматы менен эриш-аркак бир тарабынан оорулууларды учур медицинасынын дары-дармектери, кыймылдуу гимнастика,  экинчи  тарабынан  оорунун  түрүнө жараша аларга ачкачылык карматуу менен адамдын организмин тазалоо, денени топтолгон керексиз заттардан арылтуу же жаңылоо аркылуу иштөө абалын жакшыртуу ыкмасын колдонуусу өзүнүн жакшы натыйжаларын берип жатканын баамдайбыз.

Повестте автор өз иликтөөсү аркылуу  Советтер  Союзунда  алгачкы  ирет Г. А. Войтович аттуу врачтын ооруларды  ачкачылык  менен  дарылоо  өзүнүн натыйжалуу  жыйынтыктарын  бергенин, врач К. Кулданбаевдин бул ыкманы үйрөнүү үчүн Белоруссиянын борбору Минск шаарына барып окуп келгенин белгилейт.

Жыл өткөн сайын учурдагы медицина илиминде адамдардын ден соолугу үчүн дарылоонун улам жаңы ачылыштары жаралып жаткан мезгилинде байыртан колдонулуп, кийин бара-бара четтетилип кал-ган элдик жана чыгыш медицинасынын ыкмаларын колдонуу аркылуу чоң тобокелчиликке кадам таштаган дарыгерди кесипкөй айрым башка врачтар кантип эле жактырсын. Ал түгүл анын аракетинен кинем издеп, түздөн-түз каршы чыккан врачтар жанында эле отурушпайбы. Ага повесттеги санаториянын мурунку башкы врачынын, башка айрым врачтардын мамилеси, көз караштары ачык мисал. Алар тарабынан «Бул жер санаторий эмес ооруканага, медицина илими четке сүрүлүп, эски табыпчылыктын, бүбү-бакшылардын ойноосуна айланып калды» (62-бет) деген ар кандай кинем саноо, ишенбөөчүлүк, ичи тарлык, эндекей көз караштардын, бут тосуулардын чеги канчалык деңгээлде врач К. Кулданбаевдин иш аракетине тоскоол болбогон. Ошонун баарына чыдап, беттегенинен кайтпаган, кашкөй, өжөр аракети  К.  Кулданбаевдин  элдик  жана чыгыш медицинасынын жандандыргыч күчү аркылуу аракетинин кайрымжысын берген. Ошентип окурман повестте дарылоонун элдик ыкмасы менен топ карганын ичиндеги ак каргадай болуп, ал өзү жалгыз аракеттенип жатканын аңдайт. Мынакей «Ак карга» темасынын жандырмагы.

Эми повестте баяндоо ыкмасында образдарды көркөмдөп ачууда автордун тилдик каражаттардын бай арсеналын ыктуу, өтө чеберчиликте колдоно билүүсүн да белгилөө артыкбаштык кылбайт. Чыгармада окуялардын өнүгүшүндө элдик макал-ылакаптар, накыл сөздөр, салыштыруулар, фразеологиялык ширешмелер кыш кынаптагандай орду-орду менен арбын колдонулган жана алар кейипкерлердин образдарын тереңдеп ачууда өзүнүн натыйжасын гана арттырган.

Эми жыйнакка топтолгон очерктер жөнүндө  учкай  сөз  кылалы,  «Мезгил өлчөмү» очеркинде автор медициналык окуу жайын бүтүрүп келгенден тартып жыйырма төрт жыл бою үзгүлтүксүз элеттеги медициналык пункттарда иштеп, ал жерлерде тиешелүү билимдүү адистердин жетишпегендигинен медициналык айымдын да, врач-гинекологдун да милдетин аткарып, көптөгөн балдардын киндик энеси болгон Жаңыл Өмүрбекованын түйшүгү түгөнбөгөн эмгегинин урунттуу айрым учурларын журналисттик чебер иликтөө менен, жогорку көркөмдүктө ачып берүүгө далалат жасайт.

Очеркте Ж. Өмүрбекованын кийинки жылдары райондук оорукананын төрөт бөлүмүндөгү, бейтапканадагы аялдар консультациясындагы акушердик иш аракеттерин, үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири-бирине мамилесин сурөттөөсү көркөм чыгарманын дал өзүндөй жандуу диалогдор менен коштолуп, каармандын турмуштагы турпаты карапайым тил менен ийине жеткириле баяндалат. Аягында автор: «Көрсө, мезгил өзү кимдин ким экенин сынап, анын чоң-кичине кызматына карабай, элге кандай эмгек жумшаганын тактап, өлчөп коет турбайбы» (133-бет) деген тыянакка келет. Ушул жерде белгилеп кетчү дагы бир нерсе, бул очерк автордун журналисттик кесипке умтулуусундагы тырмак алды ийгиликтеринин бири десек болчудай.

«Ак чыйыр» очеркинде Токтогул районундагы Шопоков атындагы совхоздун белдүү чабандарынын бири Коргонбай Жолдошалиевдин көркөм образы бир тарабынан портреттик мүнөздө баяндалат. Ошол эле учурда очерктик сүрөттөмөлөр, публицистикалык маанай да колдонулат. Алсак, карамагындагы тубар койлордун ар жүзүнөн 130-140тан төл алган очерктин каарманы бир ирет чабандардын слетунан ызалуу келет.

« – Дегеле менин атым чыкпайт, – дейт ызага буулуккан ал… – Орден алгандар да ошолор, депутат болгондор да ошолор. Деги чындык деген кайда?..» (154-бет). Анын ызага буулуккан бул сөзү «Эгер райком уруксат берсе, ар жүз тубар койдон 200дөн ашырып төл алып берет элем» деп мактоого манчыркаган айрым чабандардын «жел козу» сөзүнө көкүрөктөн чыккан акыйкат издеген ачуу кыйкырыгы эмеспи. Чабандын  көңүлүн кайт кылган көрү-нүштөрдү автор кагазга ороп келип, анан ачык-тап таштайт. Мезгил агымына ылайык бышып жетилген көйгөйлүү ма-селе Советтер Союзунда кайра куруунун желаргысы жүрүп турган маалда дал ушундайча жаймаланат.

«Хирург»  очеркинде  райондун  аймагына  белгилүү  врач-хирург  Эстебес Өзүбековдун эмгеги таасын сүрөттөлсө, «Өр таянган жол» очеркинде өз мезгилинде Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болуп шайланган, «Совет» совхозунун звено башчысы Нурайым Кармышалиеванын эмгектик ийгиликтери көркөм сүрөттөөлөр менен иликтөөгө алынган. Мында автор каармандардын  турмушундагы  айрым урунттуу  учурларды  же  көрүнүштөрдү баяндоо ыкмасында замандаштардын портретин тартып берүүгө умтулган.

«Айыл баяны» эссесинде автор өзүнүн туулган жери Сары-Камышына болгон сүйүүсүн, сагынычын, кусалануусун, ку-марын, ышкысын баяндайт. Бул адабий жанрда сөз кыябы топонимикалык аталыштарга бурулуп, туулган жердин турпагынын алтындыгын метафоралык салыштырууларды пайдалануу аркылуу таасын ачып берүүгө аракеттенген жана мында көркөм публицистикалык маанай басым-дуулук кылат.

Жыйынтыктап айтканда, автор документалдуу повесть жана очерктеринде турмуштук реалдуу фактыларга журналисттик иликтөө жасоо менен көркөм сөз кудуретинин айкалышында биздин замандын каармандарынын портретин чебер сүрөткерлик менен тартып бере алган десек жаңылышпайбыз.

Токторалы ДОЛОЕВ, Токтогул шаары