Жоголгон муун: кароосуз калган адабият, калеми мокогон жазуучулар, «станок» акындар, Эралиевди таң калтырган талант…

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»


Башталышы бул жерде

Бир караганда, мында верлибр ыр деп айтарлык нерселердин баары бар. Бирок, биз адабиятка жаңы келген адабият күйөрманынын эмес, Кыргыз эл жазуучусунун, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээсинин ырын окуп жатканыбызды эске алсак, анда ырга ыр күйөрмандары сынчыл көз караш менен, иренжип карары шексиз.

Ак ыр, эркин ырдын устаттары болгон Уолт Уитмен, Пабло Неруда сыяктуу залкарлардын ак ырларында да ой менен форма бири-бирине ширелишип, мазмун менен форма бири-бирине дал келет. Ойлор өтө терең. Алардын ырлары кара сөздөй окулган менен, поэтикалык чабыт, кенендик жана тереңдик көз талдырган океандай окурманды өзүнө оп тартып алат.

Уолт Уитменди окуп көрөлү:

«Что слышишь ты, Уолт Уитмен?

 

Я слышу, как поет рабочий, как поет жена фермера,

Я слышу вдали голоса детей и крики животных рано утром,

Я слышу крик австралийцев в погоне за дикой лошадью,

Я слышу, как пляшут испанцы в тени каштанов под звуки кастаньет, трехструнной скрипки, гитары,

Я слышу непрерывный гул с Темзы.

Я слышу буйные французские песни свободы,

Я слышу певучий речитатив итальянского гондольера,

Я слышу шелестящий шум саранчи, она, словно град из тучи, бьет по хлебам и травам Сирии,

Я слышу, как грустный напев копта на закате припадает к темной груди кормильца Нила,

Я слышу гортанный щебет мексиканца-погонщика и бубенчики мула,

Я слышу призыв муэдзина-араба с высокого минарета,

Я слышу возглас священника у алтаря и отклик баса и сопрано,

Я слышу казачий окрик и голоса моряков, выходящих в Охотское море,

Я слышу стопы тяжело бредущих рабов, скованных по двое и по трое ножными и ручными цепями.

Я слышу, как еврей читает псалмы и молитвы,

Я слышу певучие мифы греков и суровые легенды римлян,

Я слышу рассказ о божественной жизни и мученической смерти прекрасного бога Христа,

Я слышу, как индус повествует своему ученику о любви, о битвах, изречениях, дошедших до наших дней от поэтов, писавших три тысячи лет назад», — деп жазат акын. Ал жөнөкөй турмушту татаалдаштырып, кургак, чечен фразаларды безенип, сөз менен ойноп, катардагы окурманга түшүнүксүз сөздөрдү издеп убара болбойт, окурмандарды таңдандыргысы келбейт, аны кандай көрсө, дал ошондой жөнөкөй, болгонун болгондойле сүрөттөйт. Акылдуу сөздөрдү издеп, акыл айтып убара тартпайт. Андыктан ырды окуганда лирикалык каармандын ошол учурдагы абалы, көңүл көйү жүрөгүңө дароо жетет. Пабло Нерудага да жөнөкөйлүк мүнөздүү. Алар турмушту татаалдаштырбайт, акылдуусунбайт, мүмкүн болушунча карапайым окурманга жеткиликтүү тил менен жазат. Алардын гениалдуугу мына ушунда. Алар нукура реалист.

“Сейчас я хочу покоя.

Считайте, что я отсутствую.

Я глаза на миг закрываю…

Пять вещей сейчас мне нужны,

пять особо важных корней.

Во-первых, безбрежность любви.

Во-вторых, любоваться осенью:

мне не жить, если листья не будут

слетать, сливаться с землей.

В-третьих, зимние дни,

ливень любимый и нежность

костра на свирепом холоде.

В-четвертых, спокойное лето,

круглое, как арбуз.

В-пятых, твои глаза.

Матильда моя, желанная,

не заснуть мне без глаз твоих,

без взглядов твоих мне не жить,

я с легким сердцем сменяю

весну на взгляды твои.

Друзья, это все, что мне нужно:

ничто — и почти что все.

А теперь я вас не держу…

Я столько прожил, что вскоре

забудут меня поневоле,

стерев с доски мое сердце,

желавшее жить бесконечно.

Но то, что прошу тишины я,

не значит, что я умру.

Со мною все это иначе:

я буду и дальше жить.

Я есть и быть продолжаю.

Просто внутри меня

будет силы копить пшеница,

чтобы зерна, раздвинув землю,

над землей увидали свет,

но земля-праматерь темна,

вот так же темно и во мне:

я похож на колодец, в чьи воды

ночь роняет звезды свои,

чтобы в поле уйти налегке.

Понимаете, прожил я столько,

что хочу прожить еще столько же.

Никогда я не был так звонок,

так богат поцелуями.

Как прежде — все еще утро.

Свет летит со своими пчелами.

Оставьте меня с рассветом.

Позвольте мне снова родиться”. (“Прошу тишины”)

Лирикалык чегинүү жасайлы. Өткөн кылымдын 70-80-жылдарында кыргыз сүрөт өнөрүнө кыл калем чеберлеринин «Жаңы толкун» аталган мууну келди. Аларга сюрреалисттик стил мүнөздүү эле, эмнегедир ошол убакта аны жаңычылдык, жетишкендик катары кабыл алганбыз. Азыр ойлосок, аябай жаңылышкан экенбиз, кыл калем ээси сюрреалист болуу үчүн, сюрреалисттик чыгарма жаратыш үчүн, нукура реалист катары сүрөт тартканды үйрөнүү керек экен. Анысы кандай, ыр саптарын уйкаштыруунун ордуна, сындырып, ойкуштатып-койкуштатып, ойгелди, дейди ойлорду чүргөп, түшүнүктүү сөздү татаалдаштырып, изденимиш эткендерди түшүнсө болот, мүмкүн көбүрөөк изденсе поэзияга жаңычылдык апкелсе болор чыгар, бирок ал чоң деле эрдик эмес. Иралды акын куюлуштуруп, уйкаштырып жазганды үйрөнүп алганы абзел.

Жазуучулуктан акындык кесипке өткөн Кубатбек Жусубалиевдин жөнү башка, ал «Муздак дубалдарынан» соң, кара сөз жазууну токтотуп, жазуучулуктан биротоло кетип, акындыкка өттү көрүнөт. Сыягы, анын жазуучулук тагдыры ошондой окшобойбу. Айтматовго окшоп, чыйралган күүсүнөн жанбай, улам кийинки чыгармасы менен улам бир бийиктикти багынтып, өмүрүнүн акырына чейин калемин колунан түшүрбөй, кара сөз жазуу бардык эле жазуучулардын маңдайына жазылган эмес. Алар өтө сейрек, биз билгенден кыргыз жазуучуларынан Т.Сыдыкбеков, Т.Касымбеков, А.Стамовго окшогон залкарлар өмүрүнүн акырына чейин калемин колунан түшүрбөй, кара сөзгө кызмат кылып кетти.

Жазуучу-драматург, акын С.Раевдин чыгармачылыгына кененирээк токтолгонубуз, анын “палвандыгын” эске алып, сөз көтөрөт деген ойдон улам, анча-мынча сыныбызды айткандан болдук, албетте, мындан да катуураак айтсак жарашмак, анын да оролу келер, азырынча убакытты шаштырбай туралы. Анан да алдын ала эскерте кетчү жагдай, биз сөз кыла тургандардын арасында сөз көтөрө албагандар, териси жукалар бар дегендей, эми андайларга сын айтсаң, бирөөлөр уюштуруп жаткандай, башкача кабыл алышы ыктымал, андыктан андайларга көп деле тийиштик кылгыбыз келбейт, бирок адабияттын “урматы” үчүн айтылчу сөздү кыябы менен айтабыз, андан жүрөк жарылып кетпес.

Кыргыз эл акындары Кыялбек Урманбетов, Кожогелди Култегиндин чыгармачылыгы тууралуу айтсак, алар акын катары эбак калыптанышып, тиш кагып калган жазмакерлер. Ар кимисинин өз стили, өзүнүн жаза турган темасы, алган багыты бар. Айталы, К.Урманбетов окурмандарга караганда, обондуу ырлардын тексттеринин автору катары угармандарга көбүрөөк белгилүү. “Балапан”, “Көл-эне”, “Айдагы кыз” ырлар жыйнагынан кийин эле, жаңылбасак, обондуу ырлары “Сүйүүзар” аттуу китеп болуп жарык көрсө керек эле. Өзүнүн айтымында, анын 300дөн ашуун ырына обон чыгыптыр. Орус адабиятында обондуу ырларга текст жазуу адабий жанр катары калыптанып калган, обондуу ырлардын тексттин жазган акындарды “поэт-песенник” деп коюшат. Чындыгында, обонго текст жазуу оңой-олтоң иш эмес. Ыраматылык Бөкөнбай Боркеев өз мезгилинде далай таланттуу обончулар обонго текст тандаганды билишпей, жармач ырларга обон чыгарганын айтып кейип сындаганы эсибизде. Азыр абал андан да жаман. Азыр жаш ырчылардын көбү уйкашын айтпаганда, айтайын деген ойдун дайыны жок сөз айкаштарын “обонго” салып ырдап жүрүшөт. Угуп алып, кускуң келет. Эми кудайдын ичи кенен эмне дейбиз, бул К.Урманбетовго эч тиешеси жок. К.Урманбетов поэзияны сыйлаган акын болгондуктан, ал жазган обондуу ырлардын тексттинен андай халтураны таба албайсың. Тескерисинче, ал обондуу кайрыктардын текстинин мазмунун бир топко байытып, бир тепкичке көтөрүп койду. Бул биринчиден. Экинчиден, эң башкысы ал обонсуз ырларды да жакшы жазат:

“Таңшыган булбул белең бутагымда,
Талпынам кучагыман учарыңда.
Карааның карегимен үзүлсө да,
Элесиң кала берет кучагымда.

Сен жакка агылармын дагы далай.
Өзүмдү ташып бүтпөйм дарыядай.
Көзүңчө жаш баладай жайнасам да,
Өзүмчө ойго чөгөм карыядай.

Билемин, менсиз деле арманың көп,
Астыртан аяр карап зарладым көп.
Сөз менен жалынычым айтпасам да,
Көз менен айтып келем “ардагым” деп.

Кербендер өтүп кетти, кайрый албайм,
кечиктим, кантип анан кайгыланбайм.
Өзүңөн өмүр бою айрылсам да,
Ойлордон сен жөнүндө айрылалбайм…” (“Кечиктим”).  Уйкашы да, айтайын деген ою да ордунда.

Дегинкисинде, анын ырлары бир кылка. Окшош. Уйкаштыктардан да, айтайын деген ойдон деле кынтык таппайсың. Баары эле өз ордунда тургандай, бирок, акындын ырларын окуган сайын, эмнениндир, бир нерсенин жетишпей турганын байкайсың. К.Урманбетовдун улуттук поэзияга апкелген жаңылыгы — обондуу ырларга арналып жазылган тексттер жана өзү ошол дыңды бузган алгачкы “поэт-песенник” экендигинде, демек ал бул жанрдын баштоочуларынын бири катары адабият тарыхында калат.

Акын К.Урманбетов “поэт-песенник” катары улуттук адабияттан өз ордун ээлеп, өз жолун тапса, «Жолчырак» (1985), «Шамалдагы үн» (1989), «Дарбаза жолго ачылат» (1993), «Бал ууртам» (2001), «Жүрөк конуш» (2008), «Бир чөнтөк ыр» (2009), «Салам менен аликтин ортосунда» (2010), “Тамырдан канатка чейин” (2014) ыр жыйнактары менен белгилүү акын Кожогелди Култегин кыргыз поэзиясына апкелген жаңылыгы – эмгекчилдиги, ыр жазгандан тажабаган, чарчабаган, “усталыгы”. “Усталыгы” дегенибиз, ал да керкисин колунан түшүрбөй, ээр чапкан устадай, чыгармачылыгында тыныгуу болбой, ырааттуу, үзгүлтүксүз иштеп келатат. Анын замандаштары колуна калем кармабай, тагдырына таарынып, заманасына каршылык кылып, калем-кагазын бир бурчка таштап койгон жылдарда да, ал жазып жүрдү. Калемине кара санаган жок. Акын катары калыптанган, ыр жазуунун техникасын гана эмес, ыр жасоону жакшы өздөштүргөн,  ыр жазууда уйкаштыктар менен катар, айтыла турган ойго, жарк эткен саптарга да басым жасай билген, сөз ийлеген, ой жуурулуштурган акын. Ырларынын четинен мисал келтирсең деле жаман ыр таппайсың:
“Сен мени бийге тартып – селт эттирдиң,
сезимдин алоосунда жер тептирдиң.
Жанагы мага ийкеген канат-колуң
жандооч да, коргооч болуп – элпек жүрдүм.

Уландысы бар

Жоголгон муун: кароосуз калган адабият, калеми мокогон жазуучулар, «станок» акындар, Эралиевди таң калтырган талант…: 1 комментарий

Комментарии запрещены.