Шашылыш билдирүү!!! 31-майга чейин нөшөр жамгыр жаап, катуу шамал болушу күтүлөт

Шашылыш билдирүү: өлкө аймагында 29-31-май күндөрү туруксуз аба ырайы сакталып турат: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Бул күндөрү бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 29-майда жана 30-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, айрым жерлерде нөшөрлөп жаашы ыктымал. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Күндүн ысышына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт, суу жээктерин жууп кетүү жана дарыялардын жайылма тилкелерин суу каптоосу ыктымал.

Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.