Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ: «2019-жылы 189 кызмат көрсөтүү электрондук форматка өтөт»

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”


«Санариптешүүгө кыска мөөнөттө жетишүүбүз керек»

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү санариптик технологияга тездик менен өтүп жатат. Бул эң биринчиден коррупцияны ооздуктоочу, бизнести оптималдуу жүргүзүүгө жана экономиканын өсүшүнө түрткү болуучу жаңы кадам. Санариптик технологиялар мамлекеттик башкарууну, элге кызмат көрсөтүүнү жакшыртат. Мына ушуга байланыштуу Президент Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен Кыргызстанда 2019–2023-жылдарга карата санариптик трансформациялоо концепциясы иштелип чыкты. КР өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында өлкөнү санариптик трансформациялоо башкы багыттардын орчундуусу болууда.

— Азыркы учурда Кыргызстан санариптик өнүгүүнүн экинчи деңгээлинде турат. Биз санариптик өнүгүүнүн төртүнчү баскычына чыгуубуз зарыл. Ал үчүн бардык бийлик бутактары бул максатка өзгөчө көңүл буруп, катуу аракет жасоолору керек. Дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрү бул баскычты өтүү үчүн ондогон жылдарды коротушкан. Биз бул аралыкты кыска мөөнөттө басып өтүшүбүз керек. Бизде жайбаракат жүрүүгө убакыт жок, – деди Президент Сооронбай Жээнбеков “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөн Коопсуздук кеңешинин “Кыргыз Республикасында санарипти өнүктүрүү боюнча чаралары” аталыштагы жыйында.

Мамлекет башчы өлкөбүздү дүйнөлүк өнүгүүдөн  артта  калтырган  бир  катар көйгөйлүү маселелерди белгиледи. Башкысы, маалыматтык технологияларды киргизүүнү каржылоо жагы чабал. Санариптештирүү боюнча  стратегиялык  документ  жок.  Эң кейиштүүсү – санариптик кызмат көрсөтүү ишине мамлекеттик органдардын кызыгуусу төмөн. Айрымдары, өздөрү түзгөн маалыматтар базасы башкаларга мыйзам чегинде жеткиликтүү болушуна каршылык көрсөтүп жатышат. Акыркы жети жылдын ичинде мамлекеттик органдарды маалыматташтырууга 50 млн. доллардан ашык каражат жумшалган. Бирок, жарандар, ишкерлер сапаттуу санариптик кызматтарды алалбай келишүүдө. Мамлекеттик органдар моралдык жактан эскирип, мезгилдин талабына жооп бербей калган жабдууларды, эски системаларды сатып алууга каражаттарды коромжу кылышууда. Мунун баары өлкөнү санариптештирүү боюнча мамлекеттин аракеттерин текке ке-тирип жатат.

Санариптештирүү – көптөгөн ийгиликтердин башаты

Жыйында өлкөнү санариптештирүүнү жолго коюу маселесин талкуулоодо Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылга-зиев, Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Ток-баева өз пикирлерин ортого салышты. Өлкөнү санариптештирүү концепциясы жарандык коом жана бизнес чөйрөсүндө дагы кеңири талкууга алынат. Президент С.Жээнбеков Кыргызстандын бардык аймактарында эл аралык стандарттарга шайкеш келген инфраструктураны түзүү, ишенимдүү, жеткиликтүү, анча кымбат эмес интернетке жеткирүү – эң башкы милдет экенин айтты. Маалыматтардын коопсуздугун камсыздоо, республиканын бардык аймактарында эл аралык кызматташуу деңгээлинде иштей турган дата-борборлорду түзүү зарылдыгы келип чыгууда. Мында энергетиктердин салымы абдан чоң болушу керек. “Акылдуу шаар», «Акылдуу мектеп“, “Акылдуу бейтапкана“, “Акылдуу ферма“, “Акылдуу фабрика“ жана “Акылдуу транспорт“ сыяктуу “Акылдуу ыкмаларды“ бүт жерде киргизүүгө мүмкүнчүлүк пайда болот.

Санариптештирүү — көптөгөн ийгиликтердин башаты. Ал Кыргызстандын эл аралык финансы рыногуна жетүүсүнө, түз инвестициялардын тартылышына жана өлкөбүздө жаңы технологиялардын пайда болушуна жардам берет. Жаңы технологияларды киргизүү — биринчилерден болуп туризм, айыл чарбасы, банк сектору, жеңил өнөр жайы, курулуш секторлорунан башталат. Кыргызстан шайлоо системасын санариптештирүүдө бир катар ийгиликтерге жетишти. Эми бирдиктүү „Түндүк“ системасы аркылуу мамлекеттик органдардын санариптик интеграциясы ишке ашуусу керек. Бирдиктүү электрондук мамлекеттик портал аркылуу элге кызмат көрсөтүүнүн көбү электрондук форматка өтөт.Мындан ары  бардык  мамлекеттик органдар көрсөтүүчү кызматтар  санариптик  форматта  жеткиликтүү  болушу керек. Бул үчүн дайыма киберкоопсуздукту жана жарандардын персоналдык маалыматтарын коргоо  деңгээлин  жогорулатуу өтө зарыл. Президент өз сөзүндө: «Биздин максат — таза бийликти, адилет коомду куруу. Ага жетүү үчүн жаңы технологиялардын заманынан артта калбашыбыз керек. Интернетти жана санариптик технологияларды колдонуу менен мамлекеттик кызматтарды сунуштоо — коррупциялык көрүнүштөрдү максималдуу кыскартууга мүмкүндүк берет. Анткени, мамлекеттик кызматчылар менен жарандардын ортосундагы түздөн-түз катнаштар минималдуу деңгээлге түшөт», — деп белгиледи.

«Беш» алгандар жана «эки» алгандар

С.Жээнбеков мамлекеттик органдардын бул багыттагы жетишкендиктерин белгилеп, кайдыгер мамиле кылган жетекчилерди сынга алды. Ал жакында ИИМдин мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборуна баргандыгын айтты. Ал жерде мурда «мен соттолгон эмесмин» деген далил кагазды алуу үчүн жаран бир нече жолу барып, абдан убара тартчу. Бул узак жылдар бою элдин нааразычылыгын туудуруп келген өтө коррупциялык процесс эле. Бул тармакка жакшы жетекчи келип, убакытты, нервди, каражатты короткон мындай көрүнүштү дээрлик жоюп койду. Бул борбор төрт айдын ичинде курулуп бүткөн жана ага  11 млн. сом каражат сарпталган.

Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматында паспорт алуу системасы жакшыртылган. Бирок, бул  орган  санариптик кызмат көрсөтүү системасы боюнча баарынан алдыда болууга тийиш эле. Сооронбай Жээнбеков Премьер-министр болуп  иштеп  жаткан жылдары  Мамлекеттик  каттоо  кызматы-на эскертип айтканын, бирок ал жакта бүгүнкү күнгө чейин эч кандай жыйынтык чыгара албай жатышканын эске салды. Мамлекет башчы Бишкек шаардык транспорт каражаттарын жа-на айдоочулук курамды каттоо бөлүмүнүн ишиндеги кемчиликтерди белгиледи. «Көчөдө кезек күткөндөрдүн аягы узарып кетиптир. Тышта жарандардын баарын нааразы кылып, ал эми ичинде жетекчиси жана кол алдындагылар акча табууга шарт түзгөн коррупциялык схеманы түзүп алышкан», — деп айтты мамлекет башчы. Ушундай көрүнүштөрдөн улам автомектептер айдоочуларды сапатсыз даярдап, күбөлүк берип жатышат. Жол кырсыктары азайбай келе жаткандыгы коомчулукка маалым. Жарандар шаардын бир бурчунан экинчисине чуркап, кээде керектүү, кээде таптакыр кереги жок кагаздарды алуу үчүн аябай убара болуп жүрүшөт.

Кыргызстанда чиновниктер жарандардын үйлөнүп, балалуу болгонунан, билим алганынан баштап, баарына ар түрдүү далил кагаздарды талап кыла беришет. Ал гана эмес, каза болгондордун жакындары маалым кат алуу үчүн зарыгып кезек күткөндөрү көнүмүшкө айланып калган. Ушул сыяктуу бир кыйла көйгөйлөрдү айткан Президент: «Мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү органдардын баары тең керек болсо түшкү тыныгуусуз иштешсин. Элди жумалап күттүрбөсүн», — деген талап койду. Учурда электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталы сынамык шартта иштеп жатат жана10 кызмат электрондук форматта көрсөтүлүүдө. Ушул жылдын аягына чейин электрондук форматта кызмат көрсөтүүлөрдүн саны 25ке жеткирилет. Мындан тышкары, Мамлекеттик каттоо кызматынын 25 кызмат көрсөтүүсү бирдиктүү порталга киргизилиши зарыл. 2019-жылдын аягына чейин 189 кызмат көрсөтүү электрондук форматка өткөрүлүшү керек. Учурда министрликтер менен ведомстволор өзүнө жүктөлгөн бул багыттагы иштерди ийгиликтүү турмушка ашырып жатышат. Президент мындай үч мамлекеттик органды атады. Ага Ички иштер министрлиги, Кыргызпатент жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы санариптештирүүнү пландагыдан эрте турмушка ашырууда. Ал эми бул жаатында начар иштеген министрлер жы йында “эки” алган окуучудай кызарып турушту. С.Жээнбеков саламаттык сактоо министри К.Чолпонбаевге бир кыйла сын айтты. Менчик бейтапканалар бир эле жолу төлөм жүргүзүп, бардык тейлөөнү жүргүзүп жатышат. Ал эми мамлекеттик бейтапканалар киргенден кайра чыкканга чейин оорулуу дан акча ала беришет. Мындай корруп-ция лык көрүнүштү жоюуга небак убакыт жетти. Мамлекет башчы медицина тармагында санариптештирүү абдан жай жүрүп жаткан жагдайларды белгилеп өттү. Экинчи “эки” алган орган – Транспорт жана жолдор министрлиги болуп чыкты. Министр Жамшитбек Калиловдун орун басары А.Жусубалиев 500 миң доллар пара алып жатканда кармалганы мында да көтөрүлдү. Президент С.Жээнбеков министрди ордунан тургузуп алып, бул окуя Кыргызстанды бүт дүйнөгө уят кылгандыгын айтты. “Эгерде мен сиздин ордуңузда болгондо арыз жазып, жок дегенде тергөө иштеринин жүрүшүндө кызматтан четтеп турмакмын. Мен губернатор болуп турганда мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын энелери балдарын карагандан улам иштей албай, жөлөк пул берүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Жакында Премьер-министр бул ишти чечип берди. Алар кенедей акчага да ыраазы болуп жатышат. Ал эми 500 миң доллар деген эмне?”, — деди. Ушундан улам Ж.Калилов өз арызы менен кызматтан кетти.

Мамлекет  башчы  айрым  мамлекеттик  органдар  санариптик  технологияны киргизүүнү артка тартып жатышканын айтып өттү. Улуттук энергохолдингдин төрагасы А.Абдыкадыров бул кызматта алты айдан бери иштеп жаткандыгына карабай энергетикалык жоготуулар кыскарбай жатканы сындалды. Ал жакта ушул кезге чейин “Бирдиктүү терезе” системасын киргизүү кечеңдеп жатат.

“Санариптик Кыргызстан” концепциясын ишке ашыруу максатында Биринчи вице-премьер-министр К. Боронов жооптуу болуп бекитилди. Андан тышкары, Өкмөттүн аппаратында концепцияны ишке ашырууну башкаруу боюнча Улуттук борбор түзүлүүдө. Президент Сооронбай Жээнбеков: “Мамлекетибиз жакынкы беш жылда региондогу санариптик экономиканын лидерлерине жетүүсү зарыл”, — деп билдирди.