Европа: Кычыраган кышта кычаган митингдер

Даярдаган Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, “Кыргыз Туусу”


Өткөн аптада Европада кычыраган кышта митингдер болуп өттү. Тактап айтканда Франция, Венгрия, Бельгия жана Грузияда бийликке каршы демонстрация, митингдер болуп өттү. Бул демонстрациялар жаңы жылдын алдында европалык аткаминерлердин баш оорусуна айланып, улам масштабы өсүп бара жатат.

Парижди каптаган “сары жилеттер”

Францияда болуп жаткан демонстрация-лар “сары жилеттер” деп аталды. Демонстранттардын саны 33,5 миң адамга жеткен. Парижде 168 адам полиция тарабынан кармалып, алардын 112си камакка алынган. Демонстранттардын пикири  боюнча калкты социалдык-экономикалык колдоо го алуу боюнча Эммануэл Макрондун берген убадасын ишке ашырууга жасалган чаралар жетишсиз.

Ишемби күнү Француз республикасынын символу болгон Марианага окшоп гримденишкен беш белгисиз жарым-жылаңач феминст айымдар Елисей талаасында полицияга каршы багыт алышып, манифестацияга кошулушту.

Бельгия: демонстрацияга каршы демонстрация

Бельгияда БУУнун 164 мүчө өлкөлөрүнүн башчылары тарабынан өткөн аптада кол койгон миграция жөнүндө глобалдуу пактына каршы демонстрациялар өттү. БУУнун миграциялык пакты 196 мүчө өлкө тарабынан ушул жылдын июль айында ратификацияланган. Документ юридикалык милдеттүү болуп саналбайт. Анын максаты бирдей стандарттарды киргизип, миграция процессин жөнөкөй, коопсуз кылуу болуп саналат. Бул пактынын каршылаштары мигранттардын көбөйүүсүнө жол ачат деп кооптонушууда.

Аталган демонстрация бельгиялык оңчулдар партиясы тарабынан уюштурулган. Катышуучулардын көпчүлүгү Фландриянын эгемендиги үчүн чыгып жүргөн “Фламанд кызыкчылыгы” партиясынын тарапташтары болгон. Ал эми демонстрацияда жалпысынан 5500 адам катышып, полиция жаш чыгаруучу газ жана суу аткычтарды колдонушту.

Баарынан кызыгы Брюсселде аталган демонстрацияга каршы дагы демонстрация болуп өттү. Бирок аны уюштурган солчул топторго миңге чукул адам кошулуп, масштабы чаканыраак болду.

Белгилей кетүүчү жагдай, аталган келишимге АКШ, Венгрия, Италия, Польша, Чехия жана Словакия кол коюудан баш тартышкан.

Венгрия: Будапештте премьер-министрди өзгөчө “куттукташты”

16-декабрь күнү Будапештте өткөн жумада кабыл алынган эмгек кодексине оңдоолорго каршы 10 миңге жакын адам чыккан демонстрация  “Көңүлдүү  жаңы  жыл,  премьер-министр мырза” деп аталды. Акциянын катышуучулары Будапешттин борбору менен өлкөнүн парламенти аркылуу жана шаардын чекесиндеги енгриянын мамлекеттик телевидениеси тараптан өтүштү.

Бул эмгек тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгенден кийинки төртүнчү жана көп адам катышкан каршылык акциясы болду. Рейтер маалымат агенттиги билдиргендей, бул каршылык акциясы премьер-министр Виктор Орбан келгенден берки эң чоң демонстрация.

Акциянын катышуучулары венгер телевидениесинин тушунда “Калптын фабрикасы” деп кыйкырып турушту деп билдирет БиБи-Си. Басылма белгилегендей демонстранттар кычыраган суукта 7 километр жүрүш жасашып, полициянын атайын отряддары менен тиреш бир нече саатка созулган.

Демонстранттар каршы чыгып жаткан эмгек кодесине кирген өзгөртүүлөргө ылайык, венгер компаниялары кызматкерлерден 400 саат кошумча иштөөсүн талап кыла алат. Ошол эле учурда бул иши үчүн акынын 3 жылга чейин кармап төлөбөөгө укуктуу болуп калат.

Өкмөттүн позициясы боюнча бул реформа кызматкерлердин жана кызмат күчүнүн дефицитин толукташ керек болгон компанияларга да пайдалуу экенин айтып жатат.

Грузия: акыркы президенттик шайлоо жана анын жыйынтыгына каршы чыккан оппозиция

Грузияда «Күч биримдикте» оппозициялык уюмдун өкүлдөрү 16-декабрь күнү Тбилисиде президенттик шайлоонун жыйынтыктарына каршы чыгышууда. Анда Саломе Зурабишвили жеңип чыккан болчу.

Оппозиция кезексиз парламенттик шайлоо жана Өкмөттүн отставкага кетирүү талаптарын коюуда. Руставели проспектисинде бир канча палатка орнотушуп, Зурабишвили каршылашы Григол Вашадзе оппозиция каршылык акциясын улантаарын, бирок палатка лагерин орнотпой турганын билдирди. “Эгерде бирөө өзүнүн каршылыгын ушундай формада жүргүзөм десе, биз аларды колдойбуз. Бирок бул биздин система эмес”, — деп белгиледи президенттикке экс-кандидат.

Белгилей кетсек, Зурабишвили дем алыш күнү расмий президенттик кызматына киришкен. Ал бул кызматка келген алгачкы  айым болуп калды. Ал ант бергенден тарта Грузиянын жаңы конституциясы иштеп баштады. 2017-жылы киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, өлкө башчысынын ыйгарым укуктары бир топ кыскартылган. А бирок президенттик мөөнөт беш жылдан алты жылга чейин узартылган. Эми 2024-жылдан тарта президентти шайлоо коллегиясынын 300 мүчөсү тандайт.

Ал эми бул президенттик шайлоолор түз добуш берүү жолу менен жүргөн акыркы шайлоо болуп калмакчы.