Боом капчыгайында таш кулатып түшүрүү улантылууда

Боом капчыгайында атайылап таш кулатып түшүрүү иштери улантылууда. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

“Поезддердин жана унаалардын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн 2017-жылы 29-майдан 2-июнга «Кыргыз темир жолу» УК” мамишканасы тарабынан Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 122 чакырымында атайылап таш кулатуу иштери жүргүзүлөт”, — деп айтылат билдирүүдө.

Бул күндөрү жол кыймылы маал маалы менен жабылып турат. КТЖдан билдиришкендей, 30-40тан ашык унаа топтолгон шартта унаалар өткөрүлүп турат.

Кулатуу иштери күндүзү жүргүзүлөт.