«Көк киттер» колго түшүүдө

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Акыркы бир жылда Кыргызстанда коррупция менен күрөшүү күч алды. Экс-президенттер коррупциянын “чабактары” менен күрөшүп келген болсо, Президент С.Жээнбековдун тушунда коррупциянын “көк киттери” колго түшө баштады. Мунун өзү коррупцияга каршы күрөштүн масштабынан кабар берет.

8-февралда өткөн КР Коопсуздук кеңешинин жыйынында: «Сот, укук коргоо, көзөмөл органдары-нын жетекчилерине коррупцияга каршы масштабдуу жана чечкиндүү күрөш жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берилерин», — билдирген Президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөш күчөтүлөөрүн, бул маселе Коопсуздук кеңешинин катуу көзөмөлүндө болоорун баса белгилеп, “Кыргызстандыктар өлкө турмушунун бардык чөйрөлөрүндө коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу  боюнча  чечкиндүү  чаралар-ды күтүшүүдө. Коррупция ачык-айкындуулуктан жана чындыктан коркот. Ошондуктан мен жаран-дарга жана ишкерлер коомчулугуна коррупциялык көрүнүштөрдүн фактыларын жаап-жашырбоого чакырам ”, — деген. Күч структураларына коррупция менен күрөшүүгө убакыт берген. Арийне, күч, укук коргоо, көзөмөл структураларындагы айрым жетекчилер артка карап кылчактап, илең-салаң болушту эле, мамлекет башчы коррупцияга каршы күрөшүүгө коймаарек жетекчилерди алмаштырууга аргасыз болду. Бул чындыгында да чечкиндүү кадам болгонун тарых далай жолу тастыктайт. Натыйжада, андан ары коррупцияга каршы күрөш шыр кетти десек болот.

Кайсы мамлекет болбосун, кайсы доор болбосун, коррупция менен күрөш эч качан жеңил болгон эмес. Күрөштүн эпкини мамлекет башчынын өзүнүн мурдагы санаалаштарына да тийип кетти. Бүгүн алар Пре-зидент С.Жээнбековго катуу кар-шылык кылып, аны жаманатты кылууга аракеттенип жатышат. Не деген гана ыплас нерселерге барган жок. Коркутуп-үркүтүп да, “элдешели деп ортого киши салдык эле” деп, “элдешкилери” келгенин да айтып жатышат. Эмне үчүн? Өткөндө жасалган коррупциялык былыкта-рын жаап-жашырыш үчүнбү?!! Коррупция  менен  элдешүүгөэч мүмкүн эмес. Алыс барбай, “свежий” бир мисал эле айталы. УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү  кызматы  тарабынан Транспорт ми нистринин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Атайын кызматтын  маалыматына  караганда, ал буга чейин ар кимдер аркылуу 120 миң доллар алып койгон экен. Көрсө, министрдин колу туткак орун басары “Түндүк-Түштүк” альтернативдүү автотрассасынын бир бөлүгүнүн курулушу үчүн тендерде чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо ну жана утуп берүүнү убада кылып, “кол кесери” үчүн 520 миң доллар сураптыр. 2017-жылдын февралынан бери, араң эле бир жарым жыл министрдин орун басарлык кыз-матын аткарган адамдын кылганы ушул.

Айтымда, бир ай мурда эле Азия өнүктүрүү банкы жолдун ушул бөлүгү үчүн Кыргызстанга 78 млн. доллар бөлүп берүүнү жактырган экен. Кызыгы, кредиттик келишим ратификация боло элек жатып, долбоор боюнча бөдрөтчүк издеп, акыр аягы минтип аяктап отурат.

Эгер артса кылчайсак, Кыргызстан эгемендик алгандан бери болжолу 1,5 миллиард чет элдик кредитке жол курду. Жаңылбасак, ошол эле “Түндүк-Түштүк” альтерна тивдүү автотрассасынын долбоордук наркы 850 миллион долларга бааланган.

Жол куруунун зарылдыгында маселе жок. Бишкек-Ош, Түндүк-Түштүк,  Бишкек-Чолпон-Ата-Каракол, Ысык-Көлдү айланма жол, Бишкектен Сосновкага чейинки жол, Бишкек-Өтмөк-Тараз жолу, Бишкек-аэропорт жолу ж.б. бизге сөзсүз керек. Бирок, ошол жолдорду курууда “Жусубалиевдер” “кол кесерин” алып отурбаганына кепилдиктер барбы? Албетте, кепилдиктер жок. Демек, анын өзү экс-президенттердин тушунда жол куруудагы коррупцияга көз жумду мамиле жасалып келгенинен, көрүп турушса да, көрмөксөн болушканынан кабар берет.

А чындыгында, көрмөксөн болууга мүмкүн эмес эле. Себеби, Кыргызстан бүгүн чет өлкөлөргө жана эл аралык финансы уюмдарына 4,5 миллиард доллардын тегерегинде карыз болсо, анын дээрлик 2 миллиардга жакыны жолдорго  төшөлгөн.  Бул  бир. Экинчиден, ошол курулган жолдордун дээрлик көбү колдонуу мөөнөтү бүтпөй, арадан аз жылдар өтүп, жараксыз абалга ке лүүдө. Муну экс-президенттер көрбөй же билбей калган деп айтууга болбойт, көргөн-билген, бирок жол жана жолдогу коррупция ма-селеси эч кимисин кызыктырбаганы, көп нерсени каңкуулап турат. Кыскасы, экс-президенттердин тушунда “көк киттер” коррупция “деңизинде” каалагандай сүзүп, “чабактар” тутулуп келген. Мурда 3-4 миң сом айлык алышкан  врачтарды,  мугалимдерди бейтаптар же ата-энелер берген 100 сом үчүн колунан тутуп жаткан жеринен кармаганын арадай жерде чарадай сөз кылып, коррупция менен күрөшүп жатабыз дегенге мисал тартышчу. Болбосо, катардагы салык кызматкерине 1000 сом “ыргытып” баса калышчу. Бүгүн 520 миң доллар пара сураган министрдин орун басары 120 миң доллар, 500 миң доллар пара сураган Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы 200 миң доллар менен кармалып жатат. Коррупцияга каршы күрөш деп ушуну айтса болот. Пара алуунун “ставкасы” 500 миң долларга өсүп жеткенинин өзү мамлекеттик кызматтын “майлуу-сүттүү” тармактарында пара алуу болуп келгенин жана бар экенин, “ставка” улам жогорулап жатканынан кабарлайт.

Ушул эле жылы Борбордук бажынын мурдагы начальниги Нурбек Айбашев мамлекетке 166 млн. сомдук зыян апкелгени үчүн кармалып, ушул эле иштин алкагында Бажы мамлекеттик кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары З.Ниязалиев кармалды. “Түндүк” бажыканасынын не балээси бар экенин ким билет, жакында эле “Түндүк” бажысынын начальнигинин орун басары Эльнура Мамбетжунушева жана статистика бөлүмүнүн начальниги Г.Умукеевалар кармалышты.

Бажы кызматынын мурдагы төрагасы  Адамкалый  Жунусов чет өлкөлөрдүн биринен кармалып, Кыргызстанга этапталганы жатат. Мына ушунун баары коррупцияга каршы күрөштүн масштабын жана бүгүн “көк киттерге” карата “аңчылык” башталганынан кабарлап турат.

Президент  С.Жээнбеков: “Жемкорлук күнүмдүк турмушта тамырын кенен жайып кеткен. Бул күрөштө элдин, бийлик бутактарынын, жарандык коомдун колдоосу абдан маанилүү. Бизге азыр катуу каршылык көрсөтүлүп жатат. Бирок, андан коркуп токтоп калбайбыз”, — деп айткандай, бүгүн мамлекет башчынын коррупцияга каршы жүргүзүп жаткан күрөшү коомчулуктун колдоосуна муктаж. Кыргызстандын эли өзү шайлаган Президентти жана анын саясатын колдойт деген ойдобуз.