Келгиле, бир ок менен төрт коён аталы

Ал кишинин эстелигин эстеген киши жок. Кайсыл эстеликти дебейсиңерби? Жанагы Бишкектеги “Ала-Тоо” кино театрынын чыгыш жагында турган, үй-жайсыз калган адамга арналган эстеликчи? Ии! Эстедиңерби? Бирок астында, негедир “Сүймөнкул Чокморов” деп жазып коюшкан. Мүмкүн, бул “Улан” көркөм фильминдеги баш каармандын кейипкери эмеспи?..

Ооба, убагында Сүймөнкул Чокмо-ровго коюлган эстелик жөнүндө капаланып, кайгырып, анан ачууланып да жаздык эле. Интернетте да айтып чыктык. Пикир жазып, кыйкырып чыккандар да көп болду. Эмне жыйынтык берди? Белгисиз. Жымжырт. Баары бир акырындап унутулат деп ойлошту окшойт. Жок. Унутулбайт. Анткени эстелик деген эстелик. Тура берет жетим калган селсаяктай болуп. Ары-бери өткөндөргө таарынгансып тескери карап…

Эми, сөздү чойбой ток этээр жерин айтсак, бул эстеликти алмаштыруу керек. Сүймөнкул агайыбызга эч жери окшошбойт. Идеясы да, мааниси да жок. Эмкиси, жөн эле элдин оозун… көзүн жабуу үчүн эптеп-септеп койбой, мыкты жасалган, көздүн жоосун алып суктандыргандай болсун.

Мен бир вариант сунуш кылып көрөйүн. Кыргыз элинин сыймыгы, ааламга белгилүү Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын салтанаттуу белгилеп жатабыз. Ага байланыштуу ар кандай деңгээлдеги иш-чаралар жыл башынан бери өтүүдө. Албетте, бул чоң мааракебиз да өтөт. Анан антип-минтип көз ачып жумгуча 95 жылдык, артынан көп узабай 100 жылдык жетип келет.

Чокморов жөнүндө сөз болуп жатса, Айтматовду айтып не кылат деп кээ бир окурмандар ойлошу мүмкүн. Себеби, мен белгилүү үч, керек болсо төрт инсандын баштарын бириктиргим келип жатат. Ооба! Өтүп кеткендердин. Тагыраак айтканда, эстеликтерин бир архитектуралык ансамбль кылып чогултайын деген ой бар. Айтматов агайыбыздын беш жылдан соң 95 жылдыгын белгилейбиз, андан кийин жыл өтпөй Сүймөнкул Чокморовдун 85 жылдыгы менен Таттыбүбү Турсунбаеванын 80 жылдыгы удаа келет экен.

Чыңгыз Айтматовдун белгилүү “Кызыл алма” чыгармасы бар эмеспи. Аны болсо атактуу режиссерубуз Төлөмүш Океев дагы ого бетер көркүн чыгарып ушундай эле аталышта көркөм фильм тартпадыбы. Башкаларды билбейм, аны мен көргөн сайын  көргүм  келе  берет.   Мына  ушул фильм де Сүймөнкул да, Таттыбүбү да жомоктогудай сонун тартылышкан. Ал өзүнчө түгөнбөгөн сөз.

Идея мындай. Эстеликтер архитекту-ралык ансамбль сыяктуу болот. Элестетип көрүңүздөр. “Кызыл алма” фильминен бир үзүм. Алдыңкы планда Сүймөнкул менен Таттыбүбү бирин-бири карап турат. Анын каарманы Темир толкунданып колундагы алманы кызга сунууда. Кыз таң калып, экин-чиден суктана карап, колун созуп мына-мына алманы алганы турат… Жигиттин экинчи колунда мольберт. Мына ушундай көз ирмем. Ал эми арыраакта Чыңгыз агай креслодо отурат, эки жашты карап суктанып, ойлонуп… Бул биринчи вариант.

Экинчи  вариантта  ушул  көрүнүшкө атактуу режиссерубуз, кыргыздын улуу инсаны Төлөмүш Океевдин фигурасы кошулат. Баса, ал киши да 2020-жылы 85 жашка чыкмак. Эки инсан жанаша отуруп, же Төлөмүш агай ордунан туруп, тиги эки жашты көрсөтүп Чыңгыз агайга “ушундай кино тартсам” деп айтууда…

Ушундай ой келди. Ошентип бир ок менен үч-төрт коёнду атаар элек. Чыгым азыраак болот, каражатты да үнөмдөйбүз. Ар бирине өзүнчө коюлган эстеликтерге караганда акча эки-үч эсе аз жумшалмак. Мында, эң башкысы эстеликтер, тим эле, “сүйлөп тургандай” мыкты жасалышы абзел. Албетте, чоң кароо-сынак жарыяланат. Башка өлкөлөрдүн да айкелчилери катышсын. Анан, албетте, борбордун эң көрүнүктүү, көрктүү жерине коюлат. Ал жер Бишкектеги эл баалаган, барктаган, сыйлаган касиеттүү жайга айланат.

Мен элестетип көрсөм, жыл сайын фев-раль айынын махабат күнүндө Сүймөнкул менен Таттыбүбүнүн алдында гүлдөр жай-нап турарына көзүм жетет. Жаңы үйлөнгөн жубайлар сөзсүз таазим кылаарына ишенем. Ал эми атайын келген коноктор менен ту-ристтердин аягы үзүлбөсө керек. Баарынан да мектеп окуучулары үчүн жылы бою экс-курсия уюштурулуп турса улуу инсандар тууралуу маалыматтар жеткиликтүү болуп, тарбиялык мааниси жогоруламак.

Менин оюм ушундай. Силер кандай дейсиңер?

Авазбек ЖУСУПБЕКОВ, Бишкек ш., тел.0772 91 64 84, 0700 91 64 84