Жээнбеков: “Атамбаевсиз КСДП” кыймылына эч кандай тиешем жок”

“Атамбаевсиз КСДП” кыймылына эч кандай тиешем жок”. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында билдирди.

— Мен оор күндөрү КСДПны башкаргандардын бири болгом. Ал 2007, 2009 жана 2010-жылдар. Азыр партияда эмне болуп жатканын көргөндө мен абдан кайгырам. Партия ичинде түзүлгөн кырдаалдын себептерин Жээнбековдон эмес, башка жактан издөө керек. Мен президент болгон күндөн баштап, партия мүчөлүгүнөн чыктым. Анткени мен баардык партиялар үчүн бирдей шартта жана ачык атаандаштыкты түзүп берүүм керек, — деп билдирди Жээнбеков.

Толуктай кетсек, бул Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 24-ноябрында расмий түрдө президенттик кызматка киришкенден бери алгачкы маалымат жыйыны. Ага 84 жергиликтүү жана эл аралык маалымат каражаттарынан 179 журналист каттоодон өткөн.