Президент экс-президенттин кол тийбестигин алуу тууралуу пикирин билдирди

Президент Экс-президенттин кол тийбестигин алуу тууралуу мыйзамга каршы эмес. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Ала-Арча резиденциясында жыл жыйынтыгы боюнча өтүп жаткан маалымат жыйынында белгилүү болду.

«Эгерде бул чын эле Атамбаевге карата жазылган мыйзам болсо, мен каршы болмокмун. Бирок бул Конституцияга шайкеш келтирүү боюнча мыйзам. Ал мага да тиешелүү. Ар адам кийинкисин ойлош керек. Менин атам “мамлекеттин укуругу узун” деп айтчу. Баарыбыз мыйзам алдында бирдей болушубуз керек», — деп билдирди президент.

Ошондой эле Жээнбеков мыйзамга экс-президент кайсы учурда жоопко тартыла турганы так жазылышы керек деп кошумчалады.

Толуктай кетсек, бул Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 24-ноябрында расмий түрдө президенттик кызматка киришкенден бери алгачкы маалымат жыйыны. Ага 84 жергиликтүү жана эл аралык маалымат каражаттарынан 179 журналист каттоодон өткөн.