Ууруну карма деп ууру жүргөн заман өтүп баратат

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”


Кыргыздын ооз ачырган окуяларды жасаган кимдир бирөөлөр тууралуу, бир чети таңгалып, бир чети ишене албай “ой итиң оо-й” деп койчу адаты бар. Бул сөз эл ичинде айтылып эле жүрөт. Кезегинде аралаш иштешип, анча-мынчасын алып калган айтылуу Алым Токтомушев бул сөздү кээде рубрика катары пайдалана калчу. Мен да ошентейин деп турам. Анткени, кечээ эле мамлекеттеги даражасы бийик кызматтарда иштеп, “коррупция эле коррупция” деп тамагы айрылганча айкырып, экрандан элге акыл үйрөтүп турчу кээ бир эргулдардын өздөрү дал ошол коррупция менен киндиктеш, атүгүл уялаш экени билинип калганда, аргасыздан “ой итиң оо-й” деген сөз оозуңа кантип келе калганын билбей калат экенсиң.

Канча жыл катылган КЖК беренеси

Кыргызстандын КЖКсында 308-1 (жооптуу кызматтарды ээлеп турган адамдардын мыйзамсыз байышы) деген берене бар экенин буга чейин билбептирбиз. Бери болгондо ушул берененин капканына кабылып, жоопкерчилик тарткан  кимдир  бирөө  тууралуу эгемендик тарыхыбызда эч кимди эстей албадык. Учурда ушул берене боюнча экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге айып тагылып, тиешелүү жайда камакта. Ачыгын айтсак, айрым майда-чоң мамлекеттик кызматтарда, бажы кызматында, күч структураларында, сот, прокуратурада иштеген адам-дардын кудум жомоктогудай хан сарайларда жашап, баасы асман-айды чапчыган жол тандабастарды минип жүрүшкөндүктөрүн көрүп эле жүрөбүз. Алардын алган айлыктары деле ченемдүү. Булардын кызмат үзөңгүсүнө буттары тиери менен тири укмуштай байып кетип жатышкандары, көкүрөгүбүздө күдүктүү ойлорду жаратканы менен күндөлүк турмушта боло берчү көрүнүштөй кабыл алганга көнүп деле калганбыз. Эң башкысы алардан “кантип байып атасың?” деп эч ким деле сурачу эмес. Көрсө, сураса болот турбайбы?!

Коррупция маңкурттары кайдан чыкты?

Бизде  бардык  деңгээлдеги мамлекеттик кызмат баюунун булагы болуп калганын көп жаздым. Бул көрүнүш жок дегенде он кишиге чоң сүйлөп чочоңдоп турганды, тагыраагы мансапты жакшы көргөндөргө майдай эле жагат. Анан калса аларды шыктандырган “май кармаган бармагын жалайт”, “жебеген жердин алдында” деген укмуштуу ылакаптарыбыз бар эмеспи.  Башкача  айтканда  КЖКнын кайсы бир бурчунда канча жылдар катылып жатып, эми гана жарыкка чыгарылган 308-1 беренесинин капканына түз эле жетелеп барчу, мамлекеттик кызмат аркылуу “мыйзамсыз баюу” көрүнүшү эгемендик  жылдарда  эбегейсиз гүлдөдү. Гүлдөмөк турсун кээ бир жөндөмдүү, туура жолго түшсө кыргыздын кызматына жарачу азаматтарды соруп турчу сазга айланды.

Ал саз коррупциясыз “казаны кайнабаган” Акаев, Бакиев, Атамбаевдердин бийлик системасы үчүн абдан ыңгайлуу эле. Бийлик олимпине умтулган жаштарды коррупциянын кара баткагына башы менен матырып, кайра чыгарып алышканда, өздөрүнө окшоп келишип эле жатып калышчу. Бүттү, анан мындай “коррупция маңкурттарын” каалагандай пайдаланса боло берет. Же болбосо табакташ болуп калгандан кийин артка кайтмай жок. Жеткен жерин эле жегендер ушулардан чыгат.

ЗИЛге жүктөлгөн Зилалиевдин акчалары

Сыртынан  караганда  күнөөсүз наристедей күлүңдөп  турган  Дүйшөнбек  Зилалиев  А.Атамбаевдин  “ак  жүрөк” кадрларынын бири болчу. ИИМ тергөөчүсүнөн академияга, андан Ак үйдүн төрүнө чейинки жолду басып өткөн азамат эле аныгы. Кийин “бомба” деген сөзүнө өзү жарылып кетип, анан жарылгандан калганын эптеп жыйнап алып, сыртка жылт коердо кармалып отурбайбы.

Коррупция  менен  коюндаш экени  билинбеген,  бетине  ийне эмес, айры сайсаң да сыр бербеген Д.Зилалиевдей кадрларды “ууруну карма деп ууру жүргөн” система чыгарат. Азыр Арашанда жатып алып, анда-санда алигиден атып алып, баарыбызга акыл үйрөтүп жаткан Атамбаевдин ашкебиси Д.Зилалиев Жер казынасын пайдалануу, энергетика   жана  өнөр  жай  комитетин жетектеп турган учурунда кен иштетүүнүн лицензиясынын баасы 300 эле сом экенин айтып, “мындан ары мындайга жол берилбейт” деп күйүмүш болуп жүрчү. Аны Атамбаев да кайра-кайра айткандан тажачу эмес. Ырас эмеспи дечүбүз. Бирок, Д.Зилалиев оңой ашкеби эмес экен. Үйүн тинткенде эчендеген жер казыналарын өзүнө энчилеп, жигин билгизбей туугандарына каттатып коюптур. Аны тендерден утуп алдыбы, же өзү айткандай чоң суммадагы каражатын төлөп сатып алдыбы, болбосо кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып кытып алдыбы, тергөө органдары аныктап берээр. Мындан тышкары үйүнөн 2,9 млн. сом, 100 миң доллар чыкты. Дагы “Оптима банкта” катылган 890 миң доллары табылды. Ал эми кыймылсыз мүлктөрүн санап отурбайлы. Тергөө органдары мунун баары анын декларациясында көрсөтүлбөгөндүн айтып жатат.

“Ууруну карма деп ууру жүргөн” системага жол жок!

Айта кетсек, тиешелүү органдар мамлекеттик кызмат-керлердин 2017-жылдагы декларациясын текшерип жаткан учуру. Дагы канчасы чыгат айтыш кыйын. Белгилүүсү 140тан ашуун мамлекеттик кызматтагы декларанттардын документтери коррупцияга каршы күрөшүп жаткан органдардын чоң кызыгуусун  туудурууда.  Сыягы, күч органдары мыйзамсыз баюуга бөгөт койгон, бирок унутта калган КЖКнын 308-1 беренесин тегин жеринен чаңын сүртүп, күнгө алып чыгып жатышпаса керек.

Эми, “ууруну карма деп ууру жүргөн система” деген өз сөзүмө өзүм  жооп  берейин.  Президент Сооронбай Жээнбеков атка миңген күндөн тартып эле коррупцияга каршы аёсуз күрөш жарыялаган. Азыркы чыгып жаткан былыктар ошонун жемиши. Демек, коррупцияны короодон кубалап чыгуу үчүн мамлекет башчынын саясий эрки, өзүнүн кынтыксыз тазалыгы болушу керек экен. Ошондо гана “ууруну кармамыш болуп ууру жүргөн” системага жол берилбейт. Ушул жолдон тай-башыбыз керек!