Кыргызстанга конституциялык реформа эмне үчүн зарыл?

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго

РЕДАКЦИЯДАН: Быйыл Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен 22-ноябрда мамлекеттин мурдагы жетекчилери катышкан кеңешме болуп өттү. Катышуучулар учурда биздин мамлекет үчүн конституциялык реформа өтө зарыл болгон саясий кырдаал түзүлгөнүн белгилешти. Ал тургай экс-спикер М.Шеримкулов аксакал бул реформалык иш-чараны келерки жылы толук ишке ашырып, 2020-жылы боло турган парламенттик шайлоону жаңы конституциялык тартипте таза өткөрүү туура болоорун сунуштады. Бул саясий окуяга катарлай эле 24-ноябрда саясий күчтөрдүн курултайы өтүп, алар да келерки жылы конституциялык реформа өткөрүү тарыхый зарылдык экенин өз чечимдеринде белгилеп, бул сунуштарын Президент Сооронбай Жээнбековго жолдошоорун билдиришти. Өлкөдө болуп өткөн ушул саясий мааниси чоң окуяларга байланыштуу конституциялык реформа жасоо зарылдыгы эмнеден келип чыкты, анын илимий-турмуштук башкы себептери кандай жана конституциялык реформаны турмушка ашыруунун жолдору тууралуу футуролог адис катары Базарбай Темишовдун маалымат-сунушун жарыялоону туура таптык.

Биринчи сунуш

1. Футурология илими боюнча Конституция мамлекеттик түзүмдүн «жүрөгү» болот. Ошондуктан АКШдагы ак үйдө Кардиоло-гиялык борборго окшогон конституцияны, саясий реформаны өзгөчө технология менен даярдай турган Футурологиялык департамент кызматы иштейт. Конституциялык реформанын өлкөнүн тагдыры үчүн мааниси өтө чоң болгондуктан, анын полит технологиясын изилдеген эл аралык «Рим клубу» деген футурология борбору да уюштурулган.

Футуролог адистер АКШнын эле эмес, Дүйнөлүк масондук мафиянын (ДММ) кара ниеттик буйрутмаларын да кабыл алып, салттуу улуттук, диндик демократиясы бар, эркин, эгемендүү өлкөлөрдү өздөрүнө багындырып, баш ийдирип алуу максатында, алардын коомдук системасын буза турган “тескери саясаты” бар конституциялык, мыйзамдык долбоорлорду да даярдап сатышат. Андай бузуку «либералдык конституцияларды» ДММ өзүнө “Жашыруун өкмөт” кылган: АКШ, Израиль, Англия жана өздөрүнө баш ийген: ЕС, ПРООН, ОБСЕ, НДИ, МИСИ сыяктуу эл аралык уюмдар аркылуу «авторитардык өлкөлөргө демократияны жайылтуу» деген шылтоо менен алдап, каржылап сунушташат. Мындай бузуку геосаясий долбоорлорго миллиардаган суммадагы АКШ долларын бөлүшөт.

Алар ушундай ыкмада М.С. Горбачев аркылуу СССРге “либералдык-демократия” саясатын киргизип, аны талкалап, андан бөлүнүп чыккан ар бир союздук республикаларды дагы көз каранды кылуу максатында “либералдык-демократия” деген саясатка негизденген конституциялык долбоорлорду чоң суммада каржылап, кабыл алдырышкан…

2. 1993-жылы Кыргыз Республикасы кабыл алган мамлекеттик конституция дагы ошондой эле бузуку ниетте болгон. Аны ошол кездеги президент А. Акаев жана анын саясий кеңешчилери, жөөттөр, ДММдин агенттери Левитин, Бриштейн ж.б. ишке ашырган. Бул окуя тууралуу мен ошол “Акаев” доорунда Жогорку Кеңешке төрага болгон адам менен ачык сүйлөшүп, ой бөлүштүк. Ал толук түрдө муну тастыктап: «бизди каржылап, алдап, окутуп, «вербовайт» этип, кабыл алдырышкан» деп  моюнга  алды. 1993-жылкы ошол “либералдык конституция” аркылуу ДММ биздин өлкөнү буза турган, жер-байлыгын жеп жок кыла турган, мите мүнөздүү “либералдык-коррупциялык мамлекетти” түзгөн. Ошол эле либералдык конституция аркылуу биздин коомду ичтен бузуучу моралсыз «либералдык демократия» геосаясатын бизге “ички саясат” катары киргизишкен. Бузуку ички саясатка айланган экспансиялык геосаясат кийинки: 2007, 2010, 2016-жылкы биздин конституцияларда, алар түптөгөн мамлекеттик системада толук сакталып калган. Мындай конституциялык «жүрөк – ooру» бүгүн дагы Кыргызстанды оорутуп, жалпы кризисти шарттап, шашты-сын алып турат…

3. Эл айткандай «өлкө менен хандын киндиги  туташ»  болот.   1993-жылы  бузуку  конституция  аркылуу  мамлекеттин “жүрөгүнө” кирген “ээнбаштык, моралсыздык оорулар” менен президенттер: А.Акаев, К.Бакиев, А.Атамбаев, алардын кландары ооруп, өлкөдө “коррупциялык мастер класс-тирандык бийлик» пайда болду. Мен ар бир экс-президентке: Акаевге, Бакиевге, Атамбаевге  ушундай  эле  адистик  “маалымат-сунуштарды” өз учурунда жеткирип, эскертүү катары берип келдим. Алар ага маани бербей, кайдыгерлик менен карап, көр-напсиге алдырып: “революция болбойт, эл билбейт, жэп-ичип, хандык доорду сүрө беребиз!” дешип жаңылышты. Алар Жараткан Кудайдын бир аты – “Ал-Хакк” экенин, ал бир күнү чындык-ты чыгарып, ууруларды шерменде кыларын эске алган жок! Соңку ЖЭБ, “Лиглась”, Музей ж.б. афераларды табият (катуу суук-аяз) аркылуу Аллах-Таала ачып жатканын азыркылар да билиши керек! Бул тууралуу англиялык социолог Тойинби: “коомдук чоң окуялар эки чоң чакырык: Кудайдын жана Шайтандын чакырыгы аркылуу жүрөт. Шайтан кылмышка, уурулукка, согушка чакырат, Кудай чындыкка, тынчтыкка, оң жолго чакырат. Буга кылган жообуна карата адамда тагдыр, коомдо тарых келип чыгат” деген. Акаев, Бакиев, Атамбаев шайтандын чакырыгына кызмат кылып, шерменде болушту.

Ал эми жаңы президент С.Жээнбеков кандай жооп кылып, кимисине кызмат кылат, аны мезгил көрсөтөт. Менимче, ыймандуу мусулман катары, Кудайдан коркуп, анын чакырыгын колдоп, ак иш кылат, эли-жери үчүн зарыл реформаны жасайт. Анткени, соңку 22-ноябрдагы экстердин, 24-ноябрдагы саясий күчтөрдүн жыйыны аркылуу Кудай жаңы президент С.Жээнбековго Конституциялык реформаны жасоо боюнча улуу тарыхый чакырык жасады. Анткени, азыркы учурда Кыргыз Республикасы эл аралык уюмдардын баасы боюнча дүйнөдө эң күчтүү коррупциялашкан 30 мамлекеттин бири болду. Бул бизде мамлекеттик-коррупциялык, партиялык-мафиялык,  тирандык-кландык  бийлик системаны түптөгөн, моралсыз либералдык саясаты бар, бузулган конституциянын берген «жемиши» болду.

4. Мурунку президенттер: Акаев, Бакиев, Атамбаевдер деле бул жогорку кызматка келгенде, ак эле ниетте ишке киришип, бирок мөөнөтү ичинде “ата-башчы коррупционер” болуп чыга келишти. Буга көп себептер бар, бирок анын эң башкы себеби ошол 1993, 2007, 2010-жылкы моралсыз либералдык конституциялар болду. Бул бузуку конситуциялардын моралсыз ички саясаты шарттаган партиялык-мафиялык ыплас шайлоо система, коррупциялык-мамлекеттик саясат, тирандык-кландык бийлик “сары сазга” айланды. Ал “коррупциялык саз” президенттер-ди Карынбайды жер жуткандай өзүнө соруп, биринчи жылы – шыйрагына чейин, экинчи жылы – тизесине, үчүнчү жылы-белине, төртүнчү жылы- жүрөгүнө, бешинчи жылы– мойнуна чейин жутуп кетип, үч прези-дент тең элге, дүйнөгө шерменде болду. Үч экс-президент билинбей кабылган бактысыз тагдырлар деле азыркы либералдык консти-туция шарттаган коомдук тарыхый мыйзам-дар аркылуу жай болуп өттү.

5. Жаңы президент Сооронбай Жээнбеков иштегенден бери да бир жыл өттү. Бул  мезгил  чоң  бийлик  адамы  үчүн  чоң убакыт.  Президенттин  жылдык  ишине 24-ноябрда болгон саясий күчтөрдүн жыйыны “позитивдүү” жана “негативдүү” бааларды берип, жалпысынан “аванс” менен “канааттандырарлык” деген баа беришти. Алар оң бааны: 1– “чоң коррупциялык кылмыштардын ачылышы”, 2– “жаңы президенттин “атамбаевдик туткундан” чыгышы” менен сыпатташты.

Ал эми негативдүү бааны: “жаңы пре-зидент эл эңсеп, зарыгып күткөн саясий ре-форманы жасаган жок!” деген бүтүм катары беришти. Ал тургай, жыйындын баяндамачысы А.Бекназаров “Азаттык” телеканалында: “Да-а, жаңы президент Сооронбай Жээнбековго ачуу сын айттык, ал жыл ичинде “быш!” этип бир да реформалык демилге көтөргөн жок!” деген өкүнүчүн билдирди. Чындыгында мындай жай-баракаттык өлкөнүн, элдин келечек тарыхы үчүн, эң оболу жаңы президенттин өз тагдыры үчүн опурталдуу көрүнүш. Анткени, өлкөнү бузуп, элди кыйнап, коррупцияны гүлдөтүп, экс-президенттердин баарын шерменде кылган эски конституциялык саясий системанын дагы да сакталып калуу коркунучу күн сайын бекемделип жатат. Мындан чочуган саясий жыйын катышуучулары жаңы президентке 1-январь 2019-жылга чейин саясий реформаны баштоону, 2019-жылы ичинде Конституциялык рефома жасоону талап кылышты. Бул эң туура сунуш. Анткени кыргыз элинде “темирди кызуусунда сок”, “бийликти башынан, абийирди жашыңан сакта” деген акылман кеп бар. Экинчи жагынан, реформанын мезгил өңүтү өтүп баратат. Адатта, жаңы президентке элден эки эле жылдык гана ишеним кредити берилет! Ошондуктан, Малайзиянын жаңы шайланган премьер-министри Махатхи Мохамад жаңы ишке киришкен алгачкы бир аптада эле 200гө жакын эң чоң коррупциянын бетин ачып, 50 миллиард АКШ доллар өлчөмүндө уурдалган мүлктү мамлекет казынасына алды. Ошондуктан, жаңы президент Сооронбай Жээнбеков “атамбаевдик лабиринттен” эсен-аман чыккан, таза, саясий күчтүү лидер катары эми чечкиндүү кадамдарга барбаса болбойт. Эми дагы убакыттан уттурса, элдин ишеними кетсе, анархиялык баш-аламан аракеттер башталса, “бийлигимди коргойм”деп жүрүп, төрт жылдын өткөнүн билбей калып, экстердин эски тагдырына түшүп калбайт деп ким кепилдик берет?..

6. Биздеги азыркы либералдык, моралсыз конституциялык саясий түзүмдүн дагы бир жаман жагы – бул системада моралсыз, эркин, ээнбаш саясатчылыкка, кызматка бардык эле адам жарай берет. Айрыкча тарыхый табияты либерал-демократ болгон, ээн тоолордо, ээн жайлоодо чоңойгон кыргыздар үчүн мындан оңой, жанга жагымдуу, эркин, анархия саясат жок. Ошон үчүн бизде шоопуру деле, сойкусу деле депутат, президент болууну каалай берет, шайлап, коюп койсо иштей дагы беришет. Себеби, бул түзүмдөгү мамлекеттик кызматтарда эркиндик – укук көп, жоопкерчилик жокко эсе! Ошондуктан, бул бузук система, либералдык-эркин, моралсыз жашоо менен 25 жылда өлкөдө мамлекеттик-коррупциялык жогорку мектеп түзүлдү, анын 200гө жакын “мастер класс” корруционерлери пайда болду. Алары 25 жылдан бери улам депутат, министр болуп, майлуу кызматты ээлеп келүүдө. Алар бийлик, байлык үчүн эч нерседен кайтпайт, бири-бирин чак түштө сатат, камайт, өч алат. Ондогон депутаттардын көзү тазаланды, эки президент качып кетти, эки спикер, эки премьер камалды. Бул тууралуу жаңы Президент өзү да шайлоосу учурунда: “менде 35 коррупционердин тизмеси бар, анын башында иним, Өмүрбек, сен турасың. Кудай колдоп шайланып калсам, күрөштү сенден баштайм” деген убадасы тек жеринен айтылган эмес. Демек, бизде коррупция “жутма саз” сыяктуу болуп калган. Эми саясий реформа тез жүрбөсө, тамырлаган, чырмалышкан коррупциялык “жутма сазы” жаңы президентти күндө акмалап, акча сунуштап, азгырып, колтугуна кирип, дагы бийликке келип, чырмооктой ороп-чулгап, аны да билгизбей өз кучагына соруп кетүүсү мүмкүн. Бул процесс үч жолу биздин тарыхта болду, коомдук мыйзамга айланды, Акаев, Бакиев, Атамбаевди шерменде кылды. Мындай терс көрүнүштөн жаңы Президент сак болуп, ар бир адам, ар бир кадр менен кыраакы болуп, кызматка жаш-кары, түндүк-түштүк дебей жалаң жаңы реформатор кадрларды тартуусу керек…

7. Тилекке каршы, ар ким эле реформатор боло албайт! Реформатор – булл адамдык тубаса талант болот. Бирок, биздин чиновниктер реформа десе «ишкананын» атына өзгөртүү, бөлүмүн ачуу-жабууга, штатын ыксыз кыскартууга гана мээси жетип, «мына реформа» дей берет. Андай тескери реформа системаны бузат, оң натыйжа бербейт. Бизде жоопкерчилик жок үчүн тууган-урук, капчыктуу-тааныштар чоң саясатчы, жетекчи, «чөп үстүндө жаткан ит болуп» кызматты ээлеп, пара сурап коюп олтура берет. Ал эми кадрдык саясат боюнча «первый лицолор» реформатор-саясатчылар гана болуусу керек. Ошондо Сталин айткандай: «кадр-гвоздь положения» принциби ишке ашып, жетекчилер өз ишин тез жана натыйжалуу аркалап, мамлекетте экономикалык өнүгүү-өсүү шыр жолго түшөт.

Тилекке каршы, бизде азыр да саясий реформа жок, бийлик системасы алсыз, ишенимсиз болуп, бийлик өзүн чыңдоо үчүн колтугуна кирген, алдаган, тааныш-билиш дос-жардан, тууган-уруктан «ишенимдүү» команда түзүүгө мажбур болууда. Бирок, бул ыкма тарыхта кара жүзү ачылган, эски бийликтен калган, тескери натыйжа берүүчү иш-чара болуп саналат. Мындай “команда” бийликтен күч кеткенде бүт сатып кетет. Муну учурда да көрүп жатабыз го. Бийликке реформаланган таза саясий система түзүү туура болот.

8. Демек, биздин өлкөнүн оңолуусу, жаңы бийликтин эл ишенимине ээ болуусу, өзүн чыңдап алуусу үчүн тезинен реформаны ишке ашырып, жаңы саясий элдик система түзүүсү зарыл! Андай реформаны жаңы Президент Конституциялык реформадан баштоосу керек. Ансыз тармактык: соттук, күч түзүмдүк, өкмөттүк реформалар ишке ашпайт. Анткени өлкөнүн “жүрөк” оорусу айыкпаса, өлкөдө башка органдар алсыздайт, айыкпайт!

Улуу пайгамбарыбыз Мухаммад САВ: “Адамда муштумтай эт (жүрөк) бар, ал бузулганда адам (тагдыры) бүт бузулат!” деген. Футурология илими боюнча да: “өлкө-адам, мээси – мамлекет, денеси – коом, жүрөгү –конституция, ниети-саясат” эсептелет. Ниети бузулган адамдын жүрөгү бузулгандай эле, ички саясаты бузулса, конституция өзү да бузулат. Ал эми конституция бузулган болсо, өлкөдөгү бүт орган: “мээ – мамлекети”, “дене-коому” да бүт бузулат. Ошондуктан, саясаты моралсыз биздин либералдык – конституци-яны тезинен реформалоо менен өлкөнү, элди кыйнаган, президентти маскара кылуучу конституциялык эски системадан тезинен кутулуубуз зарыл.

Экинчи сунуш: Конституция жазууда кайсы принциптер бекем сакталуусу зарыл

1-принцип:Конституциялык реформа өлкөнүн тагдырын чечүүчү саясат экенин эске алып, аны Президент өз жоопкерчилигине алуусу керек.

Эмки конституциялык реформаны “либералдык-демократиянын” эркиндик, ээнбаштык принциптери менен жасабоо керек. Ага чет мамлекеттик, эл аралык уюмдарды, эксперттерди, адистерди, ка-ражаттарды аралаштырбоо керек. Тагдырлык тарыхый мындай маселени ички либерал-демократтардан, эркин-анархисттерден да бекем коргоо керек. Алардын ээнбаштык эски адаты кармап: “биз жазабыз, биз талкуулайбыз, биз чечебиз” деп аралашса болбойт. Эми либерал-демократиялык эски ыкмада чет элдик варианттан көчүрүп, шаблондуу иш кылуучу “Конституциялык кеңешме” деген да формалдуу саясаттан сактануу керек. Учурда ансыз деле 30-40 вариант конституциялык долбоор жазып алып, ар жерди сүзгүлөп жүргөн коомдук “ишмерлер” көп.

Конституциялык реформада Президент кыргыз элиндеги: “чымчык сойсо да касапчы сойсун” деген принципти бекем карманып, өз жарлыгы менен “Президенттик реформалык комиссия” түзүп, анын курамына өлкөнү оңдоо, реформа жасоо жоопкерчилигин моюнуна алган футуролог жана реформатор адистерди өз демилгеси менен тандап, өз көзөмөлү менен тескөөгө тийиш.

2-принцип: Конституциялык долбоордо биздин өлкөнүн тагдырын чечүүчү башкы саясий фактор катары – биздин мамлекетке ички саясат (пайдубал) болуучу демократия-нын формасын так аныктоо керек.

Анткени, белгилүү саясатчы В. И. Ленин айткандай: “Форма демократии определяет форму государственности”. Мисалы, биз “советтик-демократияны” конституцияга киргизсек, совет мамлекети курулуп, ички саясаты советтик саясат болот. Биз “улуттук – демократияны” конституцияга киргизсек, анда улуттук мамлекет курулат. Ал эми “элдик-демократияны” конституцияга тандасак, элдик республика курулат. Демек, конституцияга кирген “демократия формасы” ал мамлекеттик машинада компьютердик про-грамма катары касиетке ээ болот. Ошон үчүн 1993-жылы конституцияга ДММ сунушу менен “либералдык-демократияны” кийирип, өлкөдө ээнбаш, эркин, мите коррупциялык-либералдык мамлекетти куруп алдык. Коомдук турмушта “либералдык–демократия” саясаты Кыргызстандай улуттук-унитардык чакан өлкөдө өзүнүн моралсыз, ээнбаш принциптери аркылуу анархиялык “хаосту” пайда кылып, “коррупциялык-мамлекетти” негиздеп салат. Себеби, коомдук илимдердин аныктоосу боюнча “либерализм” менен “анархизм” терминдери ички саясий принциптери боюнча 90% дал келет…

Биз буга чейинки конституциялык дол-боорлорду  жазган  депутаттар,  саясатчылар, юристтер, коомдук ишмерлер менен сүйлөшүп, пикир алыштык. Эң жаман жери, алар “демократия” термининин өзүн жакшы түшүнбөйт, демократиянын формаларын, ички принциптерин билбейт. Көптөрү бир эле демократия бар, ал да болсо АКШнын демократиясы деп ойлошот. Бирок АКШ жайылтып жаткан “либералдык-демократия” дүйнөнү  өздөрүнө  багынтуунун,  баш ийдирүүнүн экспансиялык саясаты экенин да билишпейт. Биздин азыркы Конституциянын атасы болгон Ө. Текебев, шакирти Р.Жээнбеков деле ошондой туура эмес пикирде,  көз  карашта  жүрүшөт.  Ал  эми АКШнын экс-мамкатчысы Кондализа Райс болсо, өзү моюнга алып, айтпадыбы: “АКШнын эки саясаты-эки демократиясы бар, сырткы  саясаты  –  либералдык  демократияны жайылтуу, ички саясаты – элдик-демократияны чыңдоо” – деп. Илимде демократиянын түрү көп, 13 демократиялык теория, 100дөн ашуун демократиялык аныктама бар. АКШнын экс-президенти Джефферсон айткандай: “демократия – бул аптеканын дарысындай нерсе, көп ичсең ууланасың, аз ичсең сакайбайсың”. Бул эң туура сөз! Демократиянын формалары өзүнүн ички көп түрдүү принциптерине карата саясий “дозага” ээ болуп, дары сыяктуу эле саясий ар кыл күчкө ээ болот. Федералдык өлкөлөр колдонуучу “либералдык-демократия” сая сатынын күчтүү “дозасы” “наристедей” Кыргызстанды 25 жылдан бери ууландырып салды. Натыйжада, өлкөдө чиновниктер моралсыз, уятсыз, эркин, ээнбаш болуп, мамлекет жапырт коррупцияга батты, саясий кадрлар тегиз булганып, саясий система жакшы иштебей “шал” болуп калды…

Кыргызстанды азыркы “жалпы кризистен”  алып  чыгуу  үчүн  эң  жакшы  саясий “дары” – “элдик демократия” саясаты болуп  саналат.  Конституциялык  реформада ушул моралдуу, салттуу, нарктуу, таза демократиянын формасын колдонуу азыркы учурда бизге аба менен суудай зарыл болуп турат…

3-принцип: Конституцияны долбоорлоодо өлкөнүн коомдук-түзүмүн, коомдук аң-сезимин бузуучу саясий терминологиядан сак болуу керек.

Акылман кыргыз эли “элди сөз бузат, жерди сел бузат” деген. Улуу саясатчы В. И.Ленин: “мамлекетти мамлекет, саясатчыны саясатчы сөз, термин, түшүнүк аркылуу алдайт. Алданган тарап жалган сөздүн, туура эмес терминдин, түшүнүктүн курмандыгы болот” деген. Конституцияга “вирустук программа” киргизүүдө кара ниет футурологдор саясий терминдер менен иштешет. Ар бир бузулган терминди “саясий мина” жана “саясий бомба” катары эсептешет. Конституцияга киргизген “саясий мина” менен “саясий бомбаны” санап, өлчөп, каражат бөлүшөт, долбоорду каржылашат. 1993, 2007, 2010-жылкы биздин либералдык конституцияларга “саясий мина” жана “саясий бомбалар” толтура коюлган. Кыргызстанга келген эл аралык уюмдар: ПРООН, ОБСЕ, НДИ, МИСИ… баары ошол “саясий мина” менен “саясий  бомбаларды”  биздин  аң-сезимге киргизүү үчүн бекер окутуп, кофе брейк берип, санатория-мейманканаларда жаткырып, каржылап келүүдө. Ушундай ыкма менен алар биздин 70-80% саясатчыларды, юристтерди, журналисттерди, укук коргоочуларды “вербовайт” этип, аң-сезимдерин “уулап” салышкан…

Буга бир мисал, биздин конституцияларда “өлкө” менен “мамлекет” терминдери ажыратылган эмес, синоним катары мыйзамдарда жазылган. Ушул эң башкы эки саясий терминдин бузулуусу аркылуу эле биздеги мыйзамдык базанын маңызы өтө көп бузулууга дуушар болгон. Илимий кыска аныктоо боюнча “өлкө — бул жери, кени, чек арасы бар, ага ээ болуучу эли бар географиялык бүтүн аймак”, ал эми “мамлекет – өлкөдөгү элдик конституция менен элдик шайлоо аркылуу эл түзгөн эң башкы саясий уюм, институт”. Бул аныктамадан көрүнүп тургандай өлкө — бул объект, мамлекет – бул субъект. Бирок, ДММ “өлкө” менен “эл” деген терминден качып, өлкө менен элдин саясий укугун жок кылат. Себеби, 17-кылымда масон эмигранттар идеейстердин Америка өлкөсүн басып алып, анда өздүк АКШ либералдык-мамлекетин курушкан. Алардын өз “өлкөсү”, өз “эли” жок! Бул эки терминди атоодон коркушуп: “өлкөнү – мамлекет”, “элди –коом” деп өзгөртүү менен илимдерге, саясатка каржылап киргизишет. Экспансиялык бузуку “либералдык конституция” жана моралсыз “либералдык демократия” саясаты аркылуу биздин мамлекетти да бузуп, дүйнөлүк мафия өзүнө типтеш, ниеттеш субьект кылып, биздеги мите коррупциялык-мамлекетти негиздеп салышкан. Азыркы ак үй, көк үй, Жашыл үй, Жер үй, Мэрия, Кумтөр, ЖЭБ, Датка-Кемин, Музей, Цирк, Мектеп, Бала-бакча ж.б. бүт баары коррупциялык системага айлануусунун саясий сыры ушунда. Ал тургай мите бийлик мекенчил өз элин зордоп, кордоп, элдик кен-жер байлыкты сырттан келген чет элдик капчыктуу инвесторлорго жең ичинен сатып, аларды колдоп, коргоп туруусунун негизги сыры да ушунда турат…

4-принцип: Конституциялык реформада этаптуулук сакталууга тийиш.

Конституциялык реформа эң чоң мас-штабдуу реформа болгондуктан, аны бир канча этаптар менен жүзөгө ашыруу эволюциялык  мүнөзгө  ээ  кылып,  өз  максатына тынчтык жол менен жетүүсүнө шарт түзөт. Футурологдор конституциялык ре-формада эски конституцияны дароо жалпы өзгөртүү өтө опурталдуу болоорун белгилешет. Ошондуктан, жалпы конституциялык реформа жасоодон мурда конституциялык мыйзамдар аркылуу “даярдык этап реформасын” жүргүзүү туура болот. Даяр-дык этап реформасы канчалык жакшы өтсө, жалпы конституциялык реформа жеңил жа-на тынч жүзөгө ашат. Адатта, бизде реформаны “Конституциялык кеңешме” түзө салып, андагы “бир-эки мыкчегер” менен эски конституцияны кайра көчүрө салып, ичинен президентке керек болгон, бийлигин күчөтүүчү статьяларды эле ары-бери оңдой салып, элдин көзүн боёп, референдум аркылуу же жабык эшик артында Жогорку Кеңеш аркылуу буйдамалай салышат. 2007-жылы Конституциялык реформаны ошондой кы-лышып, уурулар түн жамынып, түнкү саат 2-3тө Жогорку Кеңеште жайлашкан. Ошол бузулган реформалык система эң акыры барып Бакиевдин өзүн да, кланын да шерменде кылды…

Бизде азыр конституциялык реформаны 2019-жыл ичинде өткөрүү оң натыйжасын берет. Анткени, азыр жаңы президентке эл масса чоң үмүт менен карап турат. Андан кечиксе, элдин ишеними кеткен учурга туш болот. Бирок, бул жалпы конституциялык реформага “реформалык даярдык этапты” быйыл эле баштоо зарылдыгы бышып жетилди. Даярдык этап катары өлкөдө “Элдик  курултай  тууралуу  конституциялык мыйзамды” жүзөгө ашыруу эң туура болот. Мындай даярдык реформа аркылуу өлкөдө тарыхый: “элдик бийлик”, “өлкө бийлиги”, “мамлекеттик бийлик” коомдук ордун таап, үч бийлик ортосундагы тең салмактуулукту Элдик курултай институту жөндөп калат. Бул салттуу элдик институт эң оболу Прези-дентке таяныч механизми болуп, кризистик проблемаларды тез чечип, конституциялык реформаны өзү жетектеп, ырааттуулук менен жүзөгө толук ашыруусуна кеңири жол ачат.

5-принцип: Конституциялык реформада эски мамлекеттик системанын модели жана коопсуздугу бекем сакталып калууга тийиш.

Биздин өлкөдө мамлекеттик система 25 жылдан бери калыптанды. Анын түптөлгөн коомдук-саясий модели, курулган мамлекеттик имараты бар. Бул дагы чоң эмгек, чоң каражат менен калыптанды. Ошондуктан, жаңы болуучу конституциялык реформада ошол эски моделди, имаратты, мамлекеттик системаны бузбай туруп, “реконструкциялап”, кошумча “пристройкаларды” жасап, оңдоп-түздөп, кайрадан жаңыланган саясий имарат — реформаланган саясий система катары кайра сактап калуу зарыл. Ошондой болгондо гана жасалган саясий өзгөрүүлөр чыныгы турмуштук реформа болуп, өлкөбүз жаңы талапка, жаңы коомдук шартка карата жаңыланган саясий системалар аркылуу модернизацияланып, экономикалык тез өнүгүү-өсүү жолуна түшөт.

PS: Мындан башка дагы 4 эң негизги принциптер бар, алар боюнча дагы учуру, убагы, шарты келгенде сөз кылабыз.

Базарбай ТЕМИШОВ, адис-футуролог, Философия илимдеринин кандидаты, Дүйнөлүк саясат жана конституциялык саясий түзүм темасында саясат илимдеринин докторанты