Куткаруучулар кар көчкү түшкөн аймака чыгып кетишти

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолу убактылуу жабылып, жерине  Ош облусунун башкармалыгынан ыкчам тобу, Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун ыкчам тобу, КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 30 куткаруучу жерине чыгып кетишти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, Алдын ала маалымат боюнча, саат 09:30 чамасында Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 74-86-чакырым аралыгында (Тамчы тилкеси) ар жерден кар көчкү түшкөн, жалпы көлөмү болжол менен 45000м3. Ошондой эле Капчыгай айыл аймагынын Кара-Таш айылында жайгашкан сарайга кар көчкү түшүп 4 уй, 2 музоо, 1 тайын басып калган. Алдын ала маалымат боюнча жабыркаган адамдар жок.

Учурда №26 ЖТИден 1 бульдозер жана 2 жүктөгүч жол тазалоо иш-чараларын жүргүзүүдө.