Турмуштан тамган тамчылар

Тарыхыбызга көз чаптырып отуруп, кыргыздардын убагында Россияга кошулуп, анан бул чоң империядагы Улуу Октябрь революциясынын, совет өкмөтүнүн арты менен туташ сабаттуу болуп калганыбызга Кудайга шүгүр келтирем. Болбосо, Кокон хандыгынын курамында калганда, малдын артында жүрүп караңгы бойдон калмак экенбиз. Эми сөзүмдү тастыкташ үчүн турмушта болгон окуялардан бир нече мисал келтирип коеюн.

1960-жылдары Ат-Башы районунун Ак-Сай жайлоосунда экспедицияда жүрдүк. Ал учурда Кытай тараптан мал издеп же мергенчилик кылып, адашып чек арадан өтүп кеткен кытайлык кыргыздар көп кездешчү.

Биз менен кошо Нина Семенова аттуу зоолог аял иштечү. Бир күнү кытай тараптан өтүп келген мергенчи кыргызды көрүп калып, колундагы фотоаппаратын кезеп: “Келе, мылтык!” десе, ал мылтыгын берип колго түшүп жатпайбы.

Биз, кыргыздар, аябай намыстанып, ошол колго түшкөн кыргызга жолугуп: “Өзүңдүн мылтыгың октолуу экен. Анан эмнеге колго түшүп бересиң?” десек, “Сүрөт тарткычты кайдан билдим, мен аны он атаар тапанча экен дегем”, – деп жанды кашайткан!

***

Согуштан кийин биз Фрунзеге келип медициналык институтка окууга өтүп калдык. Караңгылыгыбыз ушунчалык, колонкаларда суу турса, арыктан жата калып суу ичкендер болду. Бир жолу суу алып келгени барган бир жигит колонкадан суу алып жатса, чака көтөргөн орус ары жактанчыга калса, аны колонканын ээси экен деп суусун таштап качып келиптир.

Башка бизден мурда келгендерди туурап ич кийим майке сатып алабыз деп, арабыздан аялдардын ич кийимин сатып алгандар да болду. Ал эми дарбыз экен деп ашкабак сатып алгандар өзүнчө кеп.

Жатакана  берээрде  санитардык текшерүүдөн  өтүү  үчүн  мончого  жиберишти. Кийим-кечелерибизди дезинфекциялоочу камерадан өткөрүшкөндө, бир топ балдардын тери тондору менен жаргак шымдары ысык камерадан өткөндө куурулуп, кие албай калышты. Ошондо бейиши болгур Иса Ахунбаев согуштан трофейге келген кийимдерди бердирип, ажаат ачкан.

***

Менин  Намаз  деген  теңтушум төмөндөгү  окуяны  айтып  берген. Анын атасы Ала-Арча суусунун боюндагы суу топтолуучу жайда кароолчу болуп иштечү. Ал жер илгери хандын ордосу болгонбу, айтор ар кандай көөнө бу-юмдар көп табылчу экен. Бир күнү атасы чынжыр таап алып, ага каргы тагып, итин байлап коюптур. Каникулга келгенде аны көргөн Намаздын айтуусу боюнча, ит ары-бери сүйрөгөндөн улам тазаланып калса керек, чынжыр көз жоосун алып жалтырап туруптур.

Ал  окуусун  аяктагандан  кийин  КГБ кызматкерлерин даярдоочу Алматыдагы курска жөнөтүлөт. Ал жерден атайын даярдыктан тышкары, ар кайсы кесиптерди өздөштүрүшөт. Намаз баалуу металлдар жана зергерчилик менен иштөөнү үйрөтүүчү бөлүмгө туш келет. Ошондо гана атасы-нын үйүндөгү чынжырдын алтын экенин түшүнөт.

Жайкы каникулга чыгар замат, үйүнө келип эле дароо итти караса, баягы чынжыр жок экен. Сураштырса, бир сапар ит казыгынан чынжырды сүйрөгөн боюнча бошонуп кетип, 2-3 күн аны эч ким кайра байлабай коет. Ошондо жоготуп келген экен. Ал айткандан кийин эжеси кошуналардын жерлерин кыдырып жүрүп, чынжырдын эки шакекчесин гана таап келет. Текшерип көрсө, чылгый алтын экен. Кийин эжеси тиш жасатып салдырып алат.

Ал эми чынжырдын өзү бир кулач болсо, 4-5 килограммдан кем эмес таза алтын болсо керек.

***

Менин  кайнатам  Абдрахман  Ат-Башы  районунун  Ленин  атындагы колхоздун жылкысын бакчу. Согуш башталганга чейин бир күнү жылкыларды желеге айдап келгени чыгып, тоо боорунан жылтылдаган бир темир таап алат. Ошол маалда анын үйүндө аялы менен кызына шакек, билериктерди жасап жаткан бир Мамбет аттуу зергер узанып жүргөн экен.

Тапкан темирди ага көрсөтсө, ал ээритип көрүп жөнөкөй эле жез экен деп ары таштап коет. Жез болсо да шакек жасап берүүсүн айтканда, эки шакек жасап берип, кетип калат.

Аңгыча  согуш  башталып,  кайнатам аскерге чакырылат. Бир айдан кийн Мамбетке да чакыруу кагазы келет. Анан поездде кетип бара жатканда жанындагыларга “Абдрахман деген кишиден эмгегим үчүн төө баштаган көп мал алдым эле, кийин арамзалык кылдым, эми согуштан аман кайтпай калдым го” дептир.

Чынында эле кийин ал согушта каза болгону тууралуу кара кагаз келиптир…

Окен МАМАТКАНОВ, Санжырачы