Жер титирөөдөн жабыркагандарга цемент жеткирилди

Жер титирөө болгон Чоң-Алай районундагы Жекенди айыл аймагына 28-майда Кызыл-Кыя шаарынан 58 тонна цемент жеткирилди Бул тууралуу ӨКм басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча 16-майдан бери Жекенди айыл аймагына жалпы 540 тонна цемент жеткирилген.

Ал эми жер көчкүдөн жабыр тарткан Өзгөн районунун Зергер айыл аймагында Аюу айылына 27-май күнү ӨКМ тарабынан 1 даана атайын даярдалган мобилдүү турак үй оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп, жөнөтүлгөн. 28 майга карата Аюу айылына жалпы 19 даана мобилдүү турак үйлөр орнотулган.