Кыргыз-өзбек мамилелери сапаттык жаңы деңгээлге чыкты

Кыргызстандын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов Ош шаарында өткөн эки республиканын чектеш облус жетекчилеринин кеңешинин экинчи жыйынына катышышты.

Премьер-министрлер жолугушуунун жыйынтыгы боюнча протоколго жана соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу боюнча жол картага кол коюшту.Жол картасында соода, өнөр жай, кооперация, карантин жана ветеринария тармагында кызматташуу, бажы процедураларын жөнөкөйлөштүрүү, эл аралык алака жана башка маселелер кирген конкреттүү кадамдар жана мөөнөттөр камтылган.

Ошондой эле, Мухаммедкалый Абылгазиев жана Абдулла Арипов Ош шаарындагы Алишер Навои атындагы орто мектепке жана «Сулайман-Тоо» тарыхый-археологиялык музейине барышты.

— Чектеш мамлекеттер менен аймак аралык байланыштарды чыңдоо Кыргыз Республикасынын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Кыргызстан жана Өзбекстан ортосунда жетишилген жогорку деңгээлдеги ишенимдүү мамилелер бардык багыттар боюнча өз-ара аракеттешүүнү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт, – деп билдирди Премьер-министр М.Абылгазиев кеңештин жыйынында сүйлөгөн сөзүндө.

Өкмөт башчы белгилегендей, эки мамлекет башчыларынын бекем саясий эркине жараша акыркы жылдары кыргыз-өзбек мамилелери сапаттык жаңы деңгээлге чыкты.

— Үстүбүздөгү жылдын март  айында Ферганада Кыргызстан жана Өзбекстандын чектеш облустарынын жетекчилер кеңешинин биринчи жыйыны жана чектеш облустардын ишкер чөйрөсүнүн биз нес-жолугушуусунун өткөрүлүшү биздин өлкөлөр жана элдерибиздин ортосундагы мамилелердин өнүгүшүнө жана чың далышына жаңы дем берди, – деди М.Абыл га зиев.

Өкмөт  башчы  кошумчалагандай,  чектеш облустардын жетекчилер кеңеши аймак аралык байланыштарды чыңдоочу жана эки өлкөнүн чектеш райондорундагы достук мамилелерди колдоого алуучу натыйжалуу механизм болуп калды.

— Үстүбүздөгү жылдын 9 айында өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүү 250 миллион доллардан ашуун сумманы түздү, бул 2017-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 11%га жогору болуп саналат. Биздин мамлекет башчылар тарабынан соода жүгүртүүнү 500 миллион АКШ доллары менен эсептегенде жеткирүү милдети коюлган. Буга байланыштуу аталган ишти жандандыруу абдан маанилүү деп эсептейм, – деп билдирди М.Абылгазиев.

— Автомобиль жана темир жол транс-порт тармагы кыргыз-өзбек байланыштарынын тутумунда маанилүү болуп саналат. Ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында биз өзбек кесиптештерибизге жүк ташуучулар үчүн төлөмдү алып таштоону сунуштайбыз. Бул, албетте, өз ара жүк ташуулардын санын көбөйтүүнү жана биздин өлкөлөрдүн орто-сунда товар жүгүртүүнү өстүрүүнү шарттайт, – деди Премьер-министр.

Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов канааттануу менен белгилегендей, акыркы мезгилде туруктуу негиздеги жогору деңгээлдеги иш-чаралар эки өлкө үчүн тарыхый маанилүү жыйынтыктарга жана келишимдерге жетишүүгө шарт түздү.

Өзбекстандын Өкмөт башчысы Кыргызстан менен өз ара алакаларды жана эки тараптуу пайдалуу өнөктөштүктү болушунча өнүктүрүүнү колдой тургандыктарын бел-гиледи.

Жыйында КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, экономика министри Олег Панкратов сөз сүйлөшүп, ар бир облустун инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалыматтарды сунушташты жана соода-экономикалык мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып беришти.

Ошондой эле өзбек тараптан Фергана, Анжиян жана Наманган облустарынын хокимдери жана тышкы соода министри облустардын жетишкендиктери жана соода-экономикалык мүмкүндүктөрү тууралуу маалымат беришти.

Жыйындын жүрүшүндө аймактар аралык кызматташуу, соода-экономикалык жана инвес тициялык өз ара аракеттешүү, маданий-гуманитардык байланыштарды тереңдетүү, мамлекеттик чек ара тилкелеринен өтүү шарттарын жакшыртуу жөнүндө бир катар макулдашууларды ишке ашыруу жана башка эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери каралды.

С.ОРОЗОБЕКОВ