Элге арналган эмгек, жыйынтыгын бермек

Жээнбай ТҮРК, “Кыргыз Туусу”


Аймактарды өнүктүрүү жылына карата уюштурулган республикалык “Эң мыкты айыл өкмөтү сынагынын” жеңүүчүсү аталган Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Кудургу айыл өкмөтүнүн базасында жакында “Аймактын өнүгүшү – эл биримдигинде” аталыштагы семинар-кеңешме болуп өттү.

Иш-чаранын  жүрүшүндө райондун акиминин биринчи орун басары Валерий Ситчихин менен орун басары Эрма-кан Дүйшөбаева, Кудургу айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Сарымсаков  семинар-кеңешмеге келген  меймандарды  Кудургу айылындагы айыл чарба техникалары жана айыл чарба азык-түлүктөрүнүн көргөзмөлөрү, андан соң улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун  90  жылдыгына арналган  кеңири  программа-дагы  маданий  иш-чара  менен тааныштырды. Меймандар Ой-Булак айылында жаңы салынган фельдшердик-акушердик пункттун, Ой-Тал айылындагы мектепте спорттук залдын ачылышынын кызыл тасмасын кесүүгө күбө болушту.

– Республикада биринчиликти жеңип алуу, – дейт Өкмөттүн облустагы  ыйгарым  укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Дамир Моңолдоров, көп улуттуу, ынтымактуу Кудургу, Ой-Булак, Ой-Тал жана Кичи-Өрүктү айылдарынын элинин, райондун акими Элчибек Жантаев менен айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Сарымсаковдун жана алар жетектеген эмгек жамааттарынын биргелешкен ак ниет эмгегинин үзүрү демекчимин. Алар сырткы жана ички инвестиция тартуу менен жыл ичинде бир катар айыл чарбалык жана социалдык объектилерди жаңыдан куруп, ондогон жумушчу орундарын түзө алыш-ты. Айыл чарба азык-түлүктөрүн, ошондой эле өнөр жай продукцияларын өндүрүү боюнча алдын-ала белгилеген тапшырмаларды ашыра аткара алышты.