Тендердеги теңсиздик жана кокого жеткен коррупция

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, “Кыргыз Туусу”


18-декабрь күнү Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун төрагалыгы астында «Ала-Арча» резиденциясында укук коргоо, фискалдык, өз алдынча жергиликтүү башкаруу жана башка мамлекеттик органдардын катышуусу менен коррупциянын алдын алуу боюнча координациялык кеңешменин жыйыны болуп өттү. Анын күн тартибинде мамлекеттик сатып алуулар жана саламаттык сактоо системасында коррупциянын алдын алуу маселелери каралды. Ошондой эле Координациялык кеңешменин мурунку 2018-жылдын 8-июнунда кабыл алынган чечиминин аткарылышы жана 2019-жылга карата иш планы тууралуу маалымат угулду.

Мамлекеттик сатып алуулар жаатында көйгөйлөр көп

Мамлекеттик сатып алуулар электрондук портал аркылуу ишке ашырылат, бирок ушуну менен бирге эле мамлекеттик сатып алууларды мыйзамсыз өткөрүп, мамлекеттик бюджетке зыян тийгизген фактылар бар. Мунун баары мамлекетке чоң залал келтирүүдө. Мындай фактылар саламаттыкты сактоо, дары менен камсыздоо системасында да бар – деди Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов.

Башкы прокуратуранын коррупцияга каршы туруу жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Залкар Акназаровдун маалыматына ылайык, прокуратура органдары 2017-жылга жана 2018-жылдын он айына карата текшерүүлөрдүн натыйжасында мамлекеттик кызмат адамдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан сатып алуулар жөнүндө 2920 мыйзам бузуу аныкталган.

Мунун ичинде мыйзамды бузуу менен билим берүү мекемелерине азык-түлүк, дары-дармек сатып алуудан тарта кымбат жабдыктарды жана башка товарларды сатып алуу, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөр бар.

Алсак, борбордук аткаруу бийлигинин кызмат адамдары тарабынан 142, аймактардагы аткаруу бийлигинин кызмат адамдары тарабынан 1203, облустардагы өкмөттүн атайын ыйгарымдуу өкүлчүлүгүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрация органдарынын аппараты тарабынан 62, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары тарабынан 951, ошондой эле башка мамлекеттик органдар тарабынан 562 мыйзам бузуу болгон.

Буларга карата 1781 тартип чарасы көрүлүп, 248 кыз-мат адамы административдик жоопкерчиликке тартылган. Муну менен бирге эле 125 кылмыш иши козголуп, 43,6 миллиондон ашуун каражат мамлекеттин карама-гына кайтарылган.

Жыйындын жүрүшүндө Эсеп палатасынын төрагасы Улугбек Марипов ички аудитти күчөтүү керектигин айтты. Ал эми УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын директору Сагынбек Исмаилов жыйындын жүрүшүндө мекеме транспорт жана жолдор министрине коррупциялык көрүнүштөр тууралуу үч ай мурун маалымдаганын билдирди. Анын айтымында Жамшитбек Калилов бул билдирүүнү кулак сыртынан кетирген. Эгерде  министр  тийиштүү  чараларды  көрүп, көзөмөлүнө алса, бул факты болмок эмес. Жалгыз министрдин орун басары жооп бериш керек деп ойлобойм. Мындай фактылар ар бир мекемеде бар, – деди ал.

Коррупция менен мамлекет башчы өзү башында туруп күрөш жүргүзүүдө. Ал тургай коррупция менен күрөштүн кайтарылган каражаттар атайын эсепке жыйналып, мамлекеттик чоң кызматтагыларга чейин кор-рупцияга айыпталып, эки экс-премьер-министр, эки экс-мэр камакта. А мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы мыйзам бузуулардын баары кара ниеттик менен, кандайдыр пайда көрүп калуу максатында болуп жатат десек, жаңылышкан болобуз. Айрым учурларда жөнөкөй эле аталган багытта кадрлардын жетиштүү деңгээлде билимге ээ эместиги, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамды билбестиги же аны туура эмес чечмелеп алышы да роль ойноп калууда.

Мына ушундан улам, Кыргыз Өкмөтүнө Финансы министрлигине караштуу окуу борборун активдештирүү, сатып алуулар боюнча адистерди даяр доочу курстардын сапатын жогорулатуу жана талап кылынган теоретикалык  билимдерди  берүү  жана  аларды  мыйзамга  ылайык  практикада  колдонуу  сунушталды.

Сунуш демекчи, Эсеп палатасына да мамлекеттик сатып алуулар жана каржылык тартип тармагында аудит жүргүзүүнүн методологиясын жакшыртуу сунушу берилди.

“Фарм-барондорго” алдырган Чолпонбаев

Учурда бардык нерсе тендер аркылуу жүргүзүлөт. Дал ушул жерде ортодон акча өөнөп калганга жылчык ачылаары аныкталган. Мисалы, бир эле саламаттык сактоо министрлигинде 613 мыйзам бузууга жол берилгени аныкталган. Мамлекеттик сатып алуулар электрондук портал аркылуу ишке ашканы менен, тилекке каршы, мыйзамсыз сатып алуулар жүргүзүлүп, мамлекетке зыян алып келчү келишимдер түзүлгөн фактылар аныкталган.

Аларды четтетүү максатында 90 прокурордук акт түзүлүп, 238 кызмат адамы административдик жана тартип жоопкерчилигине тартылган, 24 кылмыш иши козголуп, мамлекеттин карамагына 1,5 млн. сомдон ашуун каражат өндүрүлгөн. Башкы  прокуратуранын  Коррупцияга  каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Гүлнара Акимбаеванын берген маалыматына ылайык, эң негизги  жайылтылган  мыйзам  бузуулар  дары-дармектерди, медициналык жабдууларды, ошондой эле медициналык мекемелерди куруу жана оңдоо боюнча өткөрүлгөн мамлекеттик сатып алууларда кезиккен.

Мисалы, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жооптуу кызматкерлери “Аванко” консалтинг компаниясынын кызматкерлери  менен  биргелешип,  тендердин жыйынтыгы менен сатып алынуучу 15 тез жардам автоунааларынын техникалык талаптарга туура келээрин текшерүү үчүн 2017-жылдын 7-сентябрында Дубайга иш сапары менен барышкан. Ал жерден техникалык талаптарга жооп бербеген, багыты жагынан пайдаланууга туура келбеген автоунаалар боюнча келишимге кол коюшкан.

Ошондой эле аталган автоунаалар жогорулатылган баада, тактап айтканда, 175 308 еврого сатылып алынган. Ал автоунаалар бүгүнкү күндө министрликтин кабыл алуу комиссиясы тарабынан техникалык талаптарга дал келбегендиктен улам эксплуатацияга берилбей турат. Ошол учурда тез жардамдын жетишсиздигинен канчалаган адам ооруканага жетпей каза болуп калганын бир кудай билет. Учурда бул факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, УКМК тергөө иште-рин жүргүзүп жатат.

Жыйында фармацевттик фирмалардын мыйзамсыз иштери боюнча маселе көтөрүлдү. Маселен УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын директору Сагынбек Исмаилов жыл сайын жарандардын иммунитети начарлап жатканын айтып, грипке каршы канча вакцина жана канча суммага сатылып алынганына кызыгып, саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге бир катар суроолорду берди.

Чолпонбаев  жанында  так  маалымат  жок  экенин  билдиргенде,  Исмаилов:  “Анда  мен  айтып коеюн. 23 млн. 700 миң сомго 90 миң 850 вакцина сатылып алынган. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун линиясы боюнча 70 миң, бул 3%ын түзөт. Ал эми минималдуу тобокел тобу 10%. Дарыгерлерге барган адамга антибиотик жазып беришет. Андан дагы “баланча” жерге барсаң, арзандатып берет дешет. Мына коррупция кайсы жакта гүлдөп жатат”, – деди.

Адамдардын  ден  соолугунан  фармкомпаниялар байып жатканын айткан Исмаилов, аларды “фарм-барондор” деп атап, бул багытта текшерүүлөр жүрө турганын билдирди.