Жогорку Кеңештин кезектеги комитети Өкмөттүн ишин канааттандырарлык деп тапты

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылда аткарган ишмердүүлүгү тууралуу отчет берди. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Өкмөт башчы эл өкүлдөрү берген Евразиялык экономикалык биримдигинин интеграциясы, салык мыйзамы, социалдык төлөмдөр боюнча жана башка суроолорго жооп берди.

Эскерте кетсек, буга чейин Сооронбай Жээнбеков Өкмөттүн 2016-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчету парламенттин коалициялык көпчүлүгүндө жана “Республика – Ата-Журт” фракциясында талкуудан өтүп, канааттандырарлык деп жактырылган.

27-апрель күнү Сооронбай Жээнбеков Өкмөттүн 2016-жылда аткарган ишмердүүлүгү тууралуу отчетту Жогорку Кеңештин жалпы кароосуна коет.