Элет көйгөйүн чечкен эл өкүлү

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


2018-жылдын 25-январында Абдыбек Дюшалиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп келгенден тартып, Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу аймактарда 27 жыл аралыгында топтолгон көйгөйлүү маселелерди мыйзам чыгаруу палатасынан бийлик өкүлдөрүнө жеткирип, аларды чечүү багытында ишмердүүлүгүн жүргүзүү менен биргеликте кайрымдуулук иштерди да жасап келет.

Абдыбек Дюшалиев эл өкүлү катары алгачкы иш сапарын 20-март күнү 2018-жылдын 16-мартынан 17-мартына караган түнү катуу шамалдан жабыркаган Тоң районунун Көл-Төр жана Тогуз-Булак айылдарынын жашоочулары менен жолугушуудан баштаган. Табигый кырсыктын кесепетинен бул аймакта жалпысынан 27(жыйырма жети) үйдүн чатыры жараксыз абалга келген. Жабыркаган объекттердин чыгашасынын жалпы суммасы 250 235(эки жүз элүү миң эки жүз отуз беш) сомду түзгөн. Депутат бул маселени чечүү максатында экс-премьер-министр Сапар Исаковдун фондунан 200 000(эки жүз миң) сом акча каражатын бөлдүрүп, табигый кырсыктан жабыр тарткандарга жеткирип, бөлүнгөн каражат 2018-жылдын 28-мар-тында Тоң районунун акими Т. Ажиев жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондогу өкүлүнүн катышуусунда, Көл-Төр айыл аймагынын башчысы К.С. Азизовго тапшырылып, жабыр тарткан жашоочуларга бердирилген. Жыйынга келген эл көп жылдан бери бийлик тараптан мындай көңүл буруулар болбогондугун айтышып, бийликке жа-на ошондой эле эл өкүлүнө ыраазычылыгын билдиришкен.

Тоң айылынын тургундары Эл өкүлүнө 2015-жылы парламенттик шайлоо учурунда «Республика Ата-Журт» саясий партиясынын атынан, Кара-Суу коктусунан айылга чейин арыктын чабылуусуна, сугат суунун чыгарылышына 100.000 (жүз миң) сом жардам бергенине ыраазычылык билдиришти. Ал эми 2018-жылдын апрель айында азыркы Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев менен биргеликте депутат Абдыбек Кашымбекович Тоң районунун тоолуу өрөөнүндө жайгашкан Көл-Төр, Ак-Терек айыл аймактарына кирген айылдардагы таза суу, мектеп, бала-бакча, сугат суу, автоунаа жолу, оорукана, ФАПтардын көйгөйлөрү тууралуу маселелер менен жеринен таанышып, көйгөйлөрдүн чечилишине салымын кошууда. Калкагар айылына караштуу Н.Садыков атындагы орто мектебине 3 компьютердик комплектинин сертификаты тапшырылган.

Эң алыс жайгашкан Ала-Баш айылынын тургундары көйгөй жараткан таза суу маселеси менен кайрылышканда, эл өкүлү Араб өлкөсүнүн «Ассалам» кайрымдуулук фонду менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 400.000(төрт жүз миң) сомдук таза суу сактоочу резервуарын, суу түтүгүн жана башка капиталдык оңдоодон өткөрүүгө керектүү шаймандарын оңдоого алдырып берип, натыйжада Ала-Башайылынын тургундары таза суу менен камсыз болуп, айылдын кары-жашы ак батасын беришип, ыраазычылыктарын билдиришти.

2018-жылы каникул учурун эл өкүлү эс алуу менен айкалыштырып, жолдорду оңдоо иштеринин аткарылышын көзөмөлгө алуу максатында Бөкөнбаев, Темир-Канат, Тогуз-Булак, Көл-Төр, Дөң-Талаа унаа жол каттамынын асфальт төшөө иштери менен таанышууну көздөп №33-жол тейлөө мекемесинин жумушчулары менен жолугушуп, жүргүзүлгөништери менен жакындан таанышты. Ушул эле жылдын 26-майында Кызыл-Туу, Бар-Булак айыл тургундары менен жолугушуу өткөрүп, алардын көйгөйлүү маселелеринин чечили-шин өз көзөмөлүнө алган.

2018-жылдын 3-майында Кыргыз Респуб-ликасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Тоң районун эли менен болгон жолугушуусунда, эл өкүлү Дюшалиев Абдыбек Кашымбекович райондун тургундарынын көйгөйлүү маселесин көтөрүп, Бөкөнбаев айылынын таза суу маселесин чечүү максатында 240 миллион (эки жүз кырк миллион) сомдук каражат бөлдүрүүгө уруксат алганын баса белгиледи.   Депутат 2015-жылы ушул эле айылга парламенттик шайлоо учурунда «Республика Ата-Журт» саясий партиясынын атынан мечит салганга 100 000 (жүз миң) сом акча каражатын, Намазбек баатыр атындагы спорт комплексинин ачылышына өзүнүн атынан 70.000 (жетимиш миң) сом демөөрчүлүк кылган жана айыл тургуну Мамбетов Дөөлөстүн майып болгон уулуна ком-пьютер тапшырган.

Кыргыз  Республикасынын  Премьер-министри  Мухаммедкалый  Абылгазиев Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барган учурда, эл өкүлүнүн демилгеси менен, Дөң-Талаа айылындагы эскилиги жеткен мектептин шарты менен таанышып, ордуна 2019-жылга жаңы бирдиктүү 150-орундуу мектепти куруу боюнча Премьер-министр менен макулдашылып, өкмөттүн келээрки жылдын капиталдык курулуштар тизмесине киргизилүүдө.

Абдыбек Кашымбекович Төрт-Күл айылынын кичи спорт аянтчасынын ачылышына катышып, куттуктоо сөзүн айтып, белектерин тапшырып, жаш өспүрүмдөргө дүйнөлүк деңгээлдеги чемпиондордон болушун каалады. Эл өкүлү 2015-жылдагы парламенттик шайлоо учурунда «Республика Ата-Журт» саясий партиясынын атынан, Ак-Сай айылындагы кичи спорт аянтчасына 100,000 (жүз миң) сом, Көк-Сай айылынын кичи спорт аянтчасынын курулушуна 300,000 (үч жүз миң) сом көмөк көрсөткөн.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Джумабеков менен биргеликте Тоң районунун Кара-Коо айылына барып, жаңы курулуп аткан мектептин маселесин жеринен көрүштү, ошондой эле шайлоо учурунда «Республика Ата-Журт» саясий партиясынын атынан аталган айылдын мечитинин жылытуу системасына 100,000 (жүз миң) сом керектелүүчү материалдарына берилип, иш толугу менен аткарылып, мечиттин жамааты ыраазычы-лыктарын билдиришти.

Эл өкүлү Ысык-Көл облусунун депутаттары менен биргеликте облустун райондорун кыдырып, эл менен жолугушуп, социалдык, экономикалык, экологиялык жана этно-туристтик маселелер менен таанышып чыгып, көйгөйлүү маселелердин чечилишине көмөктөшүүдө.

Ала-Баш айылынын орто мектебинин окуучулары  менен  жолугушуп,  Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү жана имараты менен тааныштырып, окуучуларга ак-жол каалады. Ошондой эле эл өкүлү Жогорку Кеңештин трибунасынан Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол автоунаа жолу, Тоң районунда жайгашкан уникалдуу Туздуу-Көлгө байланышкан маселелерди бир нече жолу көтөрүп, өз көзөмөлүнө алып, орчунду маселелерди чечүү үчүн бий-лик бутактарынан талап кылууда. Өлкө  башчыбыз  Жээнбеков  Сооронбай Шарипович Кыргыз Республикасынын премьер-министри болуп турган кезде, тоолуу өрөөндүн эли менен жолугушканда, Кескен-Бел, Тогуз-Булак унаа жолунун 4,2 чакырымынын оңдолушуна, Тогуз-Булак айылынын Т. Мамбетов мектебинин жаңыдан салынышына жардам көрсөтүлөрүн айткан, маселелердин чечилишин депутат көңүлүнө алып, кошумча 4,2 чакырым унаа жолуна 1 чакырым, Темир-Канат айылына 1 чакырым, Коңур-Өлөң айылына жалпысынан 6,2 чакырым асфальт төшөө иштери жасалды, Тоң районунун Улахол аймагына караштуу Оттук айылындагы 225 орундуу жаңы мектеп курула турган 4 га жердин трансформация болушуна жана тиешелүү токтомдун өкмөт тарабы-нан чыгарылышына депутаттын салымы чоң.

Эл өкүлү 2018-жылдын 4-декабрында Би-риккен Араб Эмиратынын «Хюман эппиэл интернешнл» эл аралык гуманитардык коомунун филиалынын директору Али Айоуб, Ысык-Көл облусунун куратору Эльмира Урманбетова менен биргеликте, Тоң районунун аймактарындагы социалдык объектилерди кыдырып чыгып, жеринен көрүп, Ала-Баш айылына 225 орундуу мектеп, 80 орундуу бала бакча, Кызыл-Туу айылына 70 орундуу бала бакча, Жер-Үй айылындагы 150 орундуу мектептин имаратын жаңыдан куруу зарылчылыгы бар экендигин, Туура-Суу айылындагы ФАПы менен Төрт-Күл айылынын бала бак-часы капиталдык оңдоого муктаж экендигин көрүшүп, каражат бөлдүрүү маселеси эл аралык гуманитардык коомдун өкүлү Али Айо-уб менен сүйлөшүлүп, Бириккен Араб Эмиратынын Шейхтери тарабынын жогорудагы маселелердин чечилишине көмөктөшөөрү тууралуу макулдашылды.

2019-жылга  карата  эл  өкүлүнүн  жеке көзөмөлгө алына турган иш мерчемине Тоң району боюнча курула турган бир нече социалдык объектилер, тактап айтканда, саламаттык сактоо тармагы боюнча 7, билим берүү тармагы боюнча 8, маданият тармагы боюнча 10 объект кирет. Депутат бул маселени Өкмөттүн эсебинен курулуучу тизмесине киргизүү үчүн иш-аракеттерди көрүүдө.

Урматтуу Мекендештер!

Келе жаткан жаңы жылыңыздар менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм! Жаңы жылда жаңы тилектер ишке ашып, ой-максаттар орундалсын! Келерки жыл ар бирибиздин үйүбүзгө кут, ырыскы жана береке алып келсин. Баарыңыздарды жакшылык жандап, ийгилик коштоп жүрүүсүнө тилектешмин. Келечекке багытталган асыл-ой максаттарыбыз, ак-тилек үмүттөрүбүз ишке ашып, социалдык-экономикалык жана маданий-руханий деңгээлибиздин өсүшүнө өбөлгө түзүлсүн!

Жаңы жыл сиздерге бакыт-таалай, үй-бүлөңүздөргө тынччылык, аманчылык, эли жерибизге береке, молчулук, токчулук, ынтымак алып келген акжолтой, ийгиликтердин жылы болсун!

Кийинки жылы, баарыбыздын үмүт-тилегибиз, адал ойлорубуз ишке ашып, элибизди, жерибизди Кудай колдосун, тынчтык жана бейпилдик берсин. Баарыңыздарга чың ден-соолук, ишиңиздерге ийгилик, үй-бүлөңүздөргө тынччылык каалайм. Аман бололу, бар бололу, бирге бололу!

Жаңы жылыңыздар менен!

Сиздерди терең урматтап, Жогорку Кеңештин депутаты Абдыбек ДЮШАЛИЕВ