«Түндүкэлектр» ААКнын башкы директору Искендер КАДЫРКУЛОВ: «Жоготуулар азайып, төлөм чогултуу көбөйүүдө»

Маалымат үчүн: “Түндүкэлектр” ААК – Кыргыз Республикасындагы алдыңкы энергия камсыздоочу уюм жана өзүн өзү актоо принцибинде Кыргызстанда ички рынок үчүн иштелип чыккан электр энергиянын 40% ашыгын бөлүштүрүү жана сатууну ишке ашырып, Чүй, Талас облустарынын, Бишкек шаарынын чегинде жайгашкан чыңалуусу 35-10-6-0,4 кВ бөлүштүрүүчү электр тармактарын ыкчам тейлөөнү жүргүзөт. Акционердик коомдун карамагына 6/10 кВ чыңалуусундагы 9 миң 106 трансформатордук көмөкчордондор, 35 кВ чыңалуусундагы 126 жогорку вольттогу көмөкчордондор, 2,1 миң чакырым кабель чубалгылары, 20 миң чакырымга жакын аба электр чубалгылары карайт. Аба, кабелдик, жогорку жана төмөнкү вольттуу электр тармактарын, энергетика жабдууларын тейлөөнү, ошондой эле электр энергияны сатып алуу, бөлүштүрүү, сатуу ишмердигин 20 аймактык түзүмдүк бөлүмдөрү жүргүзөт. “Түндүкэлектро” ААКнын курамында 17 райондук электр тармак (РЭТ) бар. Акционердик коом 571 485 жеке жана юридикалык жактарды тейлейт.

–  Сөзүбүздүн  башында «Түндүкэлектро» ААК тармактарынын күз-кыш мезгилине көрүлгөн даярдыгы тууралуу айтып берсеңиз?

–  Бүгүн  биздин  алдыбызда  кыш  мезгилин  ийгиликтүү өтүү  маселеси  турат.  Албетте, керектөөнүн өсүшү электр камсыздоонун  ишенимдүүлүгүнө жана  тейлөө  сапатына  таасирин тийгизбей койбойт. Жылына «Түндүкэлектр» ААК боюн-ча  электр  энергияны  керектөө орточо эсеп менен 3-5% өсүүдө. «Түндүкэлектр»  ААК  боюнча электр энергияны керектөөнүн туу чокусу 2018-жылдын 29-январында катталган, анда керектөөчүлөр сутка  ичинде  37  млн.  кВт.саат электр энергиясын колдонушкан. Жылдан-жылга калктын электр энергияны  керектөөсү  өсүүдө. Бүгүнкү күндө ал жалпы электр энергиянын  керектелишинин 62,7% түзүүдө.

«Түндүкэлектр» ААКда энерго объектилерди кыш мезгилине даярдоо боюнча иштер соңуна чыгып  калды.   Чүй  облусунун Аламүдүн районундагы кыш мезгилинде ашыкча жүктөм менен иштеп келген жогорку вольт тогу “Сельэлектро – 2” көмөк чордонунун күч трансформатору кубаттуулугу жогорурагына алмаштырылган. Көрүлгөн чаралар Аламүдүн айылынын, Гидростроитель шаарчасынын,  борбор  калаадагы «Энесай» конушунун электр камсыздоосун жакшыртат.

Ошондой  эле,  Бишкек  шаарындагы «Тунгуч», Чүй облусунун  Аламүдүн  районундагы “Стрельников”, Ысык-Ата районундагы “Люкс” жогорку вольттогу көмөкчордондордун аз кубаттуулуктагы күч трансформаторлору кубаттуулугу жогорурагына алмаштырылды. Көрүлгөн чаралар Бишкек шаарындагы “Тунгуч”  кичирайонунун,  «Рухий Мурас»  конушунун;  Чүй  облусуна караштуу Аламүдүн районундагы «Кырман» жана 44 ГА конуштарынын, Горная Маевка, Кызыл-Бирлик, Прохладное, Татыр, Чункурчак айылдарынын; Ысык-Ата  районундагы  Кант шаарынын  жана  Люксембург айылынын ишенимдүү электр камсыздоосуна алып келет. Жогорку вольттогу көмөкчордондорунун күч трансформаторлорун алмаштыруудан сырткары, биз Бишкек шаарына, Чүй жана Талас облустарына 51 кошумча трансформатордук көмөкчордондорду орноттук (Чүй облусуна – 31, Талас облусуна – 16 жана Бишкек шаарына – 4); 52 чакырымдан ашуун кабель чубалгыларын алмаштырдык, 112 чакырымдан ашуун аба электр чубалгыларын реконструкцияладык, өзүн-өзү кармап туруучу изоляцияланган зымдарды колдонуу менен 439 чакырымдан ашуун 0,4 кВ аба чубалгыларын курдук. Бул жана башка максаттарга каралган капиталдык салымдын көлөмү 589 млн. сомду түздү.

Айтмакчы,  компания 2012-2017-жылдар  аралыгында Бишкек шаарында, Чүй жана Талас облустарында өзүн өзү кармап туруучу изоляцияланган зымдарды  колдонуу  менен  0,4 кВ аба электр чубалгыларынын 962 чакырымын реконструкциялады, анын натыйжасында авариялык өчүрүүлөр кескин азайды.  Бүгүн  былтыркы  жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу авариялардын саны 20% төмөндөгөн. Көп учурда авариялык өчүрүүлөргө табигый кубулуштар себеп болот. Бирок маселе анда дагы эмес. Тармактар учурдагы  жүктөмгө  туруштук бере  албагандыктан,  жаңыланууга  жана   реконструкцияга муктаж.

Кыш мезгилинде учурап ка-луучу авариялык жагдайларды алдына алыш үчүн, биздин адистер энергияны үнөмдөөчү технологияларга өзгөчө көңүл бурушат. Ал  энергиянын  жоготууларын басымдуу бөлүгүн төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк берген изоляцияланган материалдарды колдонуу жана жөнгө салуучу приборлорду орнотуу.

Бирок электр энергия менен камсыздоонун  ишенимдүүлүгү жабдуунун үзгүлтүксүз иштөөсүнөн  гана  көз  каранды  эмес. Аба  чубалгы  трассаларынын абалы дагы көп мааниге ээ. Себеби, көп учурда чубалгыга кулаган бак-дарактын бутактары өчүрүүлөргө алып келет. Оңдоо иш-чараларынын  жүрүшүндө өндүрүш кызматтары 1 602 чакырым аба электр чубалгы трас-саларын бутактардан тазалашты.

Кыш  мезгилине  даярдык көрүү иштеринин жүрүшүндө биз 108,8 млн. сомдон ашуун каржыга жабдууларды оңдодук: 1 233 комплекттик  трансформатор-дук көмөкчордондор, 40 жогорку вольттогу көмөкчордондор, 2 168 жакын чакырым аба электр берүүчү чубалгылары оңдолду.

–  Сиз  жабдуулард ы, электр тармактарды реконструкциялоо маселесин көтөрдүңүз. Учурда компания кайсыл инвестдолбоорлордүн үстүндө иштөөдө?

–  «Түндүкэлектр»  ААК электр  энергия  менен  жабдуунун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана эсеп берүүнү жакшыртуу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашырууда. Аталган долбоор  биздин  Германия  өнүгүү банкынын  (KfW)  каржылоосундагы башка программаларыбыздын уландысы болуп калды. Долбоорого Дүйнөлүк банк та-раптан 25 млн. доллар бөлүнгөн жана 2016-2019-жылдары ишке ашырылат. Артыкчылык инвестициялардын  жардамы  менен бөлүштүрүү  тармактарындагы жоготууларды төмөндөтүүнү жана  электр  камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууну  көздөгөн  долбоордун  компоненттеринин  бири  “Инфраструктураны инвестициялоо” Чүй облусундагы ири өндүрүш абоненттер үчүн өлчөөчү жабдууну инвестициялоону жана Бишкек шаарындагы үч жогорку вольттогу жаңы көмөкчордондордун курулушун камтыйт. Эки 35/10 кВ чыңалуусундагы көмөк чордондорду  биз  Бишкек  шаарынын  борбор  бөлүгүндө  жана 3-кичи  районунда  курдук.  Ал эми  үчүнчү  110/35/6  (10)  кВ чыңалуусундагы жогорку вольттогу «Бишкек» көмөкчордону Т.Айтматов/Салиева, Саратовская  көчөлөрүнүн  участогунда курулган. Борбор калаабыздын келечектеги өнүгүүсүн эске алсак,  кийинки  жылдары  кубаттуулуктун дефицити жогорулап, 40 мегаваттка (МВт) жакын кубаттуулукту түзмөкчү. Ошондуктан, ар биринин кубаттуулугу 40 мегавольт-амперди түзгөн эки күч трансформаторлуу жогорку вольттогу «Бишкек» көмөкчордонунун курулушу борбор калаабыздын ортосундагы жайгашкан 35 кВ көмөкчордондорунун жүктөмүнүн азайышын  камсыздай  алат. Муну  менен  башка  жогорку вольттогу  көмөкчордондордун жүктөмүн  бөлүштүрүү  мүмкүнчүлүгү  пайда  болот.  Баса белгилей кетчү нерсе, «Бишкек» көмөкчордонунун ишке киргизилиши менен 40 МВт чейинки жалпы кубаттуулукту түзгөн кайра киргизилип жаткан объектилер электр тармактарга кошула алат. «Бишкек» көмөкчордонун ишке киргизүү 2018-жылдын декабрь айына мерчемделүүдө.

–  Керектелген  электр энергияга төлөм жүргүзүү иштери кандай болууда?

–   “Түндүкэлектр”  ААКда электр  энергиянын  эсебин  так жана туура алууга, жоготууларды  төмөндөтүүгө  жана  төлөм чогултууну  жогорулатууга  багытталган иш-чаралардын комплекси ишке ашууда. Жоготууларды төмөндөтүү жана электр энергиянын эсебин алуу системасын  мыктылоо  максатында 2018-жылдын  башынан  тарта биз Бишкек шаарында, Чүй жана Талас облустарында 27 миңге жакын эсеп приборлорун алмаш-тырдык. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында  жылдан-жылга керектөөчүлөрдүн төлөм жүргүзүү тартиби жакшырууда. 2018-жылдын 11 айынын ичинде биз 7 млрд. сом чогулттук. “Бюджеттик уюмдардан” (98%) жана “өндүрүштүк объектилеринен” (98 %) сырт-кары  бардык  категорияларда төлөм чогултуу 100%га ишке ашырылды.

– Кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатуу боюнча кандай иш-чаралар жүргүзүлүүдө?

–  Биз  кардарга  багытталган  мамилени  коомдун ишмердүүлүгүнө жайылтуу жана сапаттуу тейлөөнү стратегиялык өнүгүүнүн артыкчылыктарына киргизүү үстүндө иштеп жатабыз. “Түндүкэлектр” ААК төлөө терминалынан электр энергияга жүргүзүлгөн эсеп туу ралуу билдирме ошол замат “Түндүкэлектр” ААКнын маа лымат базасына ке-лиш үчүн төлөмдөрдү учурдагы убакыт режиминде кабыл алуу долбоорун ишке киргизди. Мурдарак, жүргүзгөн төлөмү тууралуу  билдирме  “Түндүкэлектр” ААКнын  маалымат  базасы-на бир канча убакыт өткөн соң түшүүсү абонентке да, компанияга да ыңгайсыздыктарды жарат-чу. Жыйынтыгында, керектөөчү мөөнөтүнөн  өткөн  төлөмдөр жүргүзүлгөнү тууралуу маалымат  түшмөйүнчө  электр  энергиясыз калчу.

Жакынкы  арада  “Түндүк-электр”  ААК  бардык  жердеги төлөм  системалар  сегментинде этаптуу “online” төлөмдөрдү киргизүүнү мерчемдеп жатат. Бул маселе боюнча биз Кыргызстандагы төлөм система сегментинде көрсөтүлгөн бардык компаниялар менен иштешебиз. Учурда «Мобильник» «QIWI», «Quickpay», «UMAI» төлөө терминалдары-нан, ошондой эле «Мобильник», «UMAI» электрондук капчыктарынан,  «Кыргызпочтасы» МИ, «Айыл Банк» кассаларынан жүргүзүлгөн электр энергия эсептеринен жургүзүлгөн төлөм тууралуу билдирме “Түндүкэлектр” ААКнын  маалымат  базасына ошол замат түшөт.

–  22-декабрь  –  энергетиктер күнү экен. Кесиптештериңизге эмнени каалап кетмек элеңиз?

– Энергетиктер күнүнүн алдында тармактын ардагерлерин, кесиптештеримди кесиптик майрамы менен куттуктайм!

Алар өз милдеттерин так аткаруу менен Кыргызстандын энергетика тармагынын өнүгүшүнө зор салым кошуп келишет. Ар биринин талыкпас эмгегинин натыйжасында тармак туруктуу иштеп келет. Урматтуу кесиптештер, сиздерге жана жакындарыңыздарга чың ден-соолук, бакыт-таалай, бейкуттукту каалайм. Ар дайым энергияңыздар  түгөнбөй,  күч-кубатта жүрүңүздөр!

Маектешкен ТИЛЕНБЕК АЗЫК