Аскер кызматкерлери мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды

Куралдуу күчтөрдүн 25 жылдык мааракеси Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өттү. Ага Президент Алмазбек Атамбаев катышып, бир катар аскер кызматкерлери мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды. Кубанычбек Орозматов, Медербек Козубаев, Нурбек Рыскулов жана Санжар Эркинбаев «Даңк» медалын алды.

Андан тышкары, алты адам Ардак грамотасы менен, беш кызматкер ысымдары жазылган саат менен сыйланды. Куралдуу күчтөрдүн Кургактагы аскерлери ар-намыстын, каармандыктын жана даңктын белгиси Күжүрмөн Туу жана президенттин грамотасына татыктуу деп табылды.