Тоо-кен тармагын өнүктүрүү –Кыргызстандын экономикасын индустриялаштыруунун ачкычы

Тоо-кен казуу өнөр жайы тармагы – өлкөнүн ички дүң өндүрүмүнүн 8,5 %ын, өнөр жай өндүрүшүнүн жана экспорттун 50 %дан ашуунун, салыктык төгүмдөрдүн 20 %дан ашуунун камсыз кылган Кыргыз Республикасынын экономикасынын приоритеттүү секторлорунун бири.

Тоо-кен казуу өнөр жайынын ишканалары жаңы жумуш орундарын түзүп жатат. Тармактын кошумча натыйжалуулугу – тейлөөчү ишканалардын жана мердикерлик уюмдардын ачылышы менен да маанилүү. Жаңы ишканаларды ишке киргизүү жана жумуш орундарын түзүү ички жана тышкы миграциянын агымын азайтат. Ошондой эле инвесторлор менен жергиликтүү коомчулуктун өз ара аракеттешүүсүнүн алкагындагы социалдык пакеттер жергиликтүү тургундардын өтө зарыл маселелерин чечүүгө жана аймактардагы социалдык-экономикалык абалды жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет. Тоо-кен металлургия тармагынын өнүгүүсү өлкөдөгү социалдык-экономикалык жана саясий жагдайларга түздөн-түз таасирин тийгизет.

Тармакты ылдам жана натыйжалуу өнүктүрүүнүн жана модернизациялоонун зарыл жолдорунун бири – мурда ойлоп табылгандарды кайра кийрүүнү кошпогондо, жаңы технологияларга, илимий жетишкендиктерге, тиешелүү квалификациялуу адистерге ээ чет өлкөлүк алдыңкы компанияларды ишке тартуу болуп саналат. Мында технологияларды тез өздөштүрүүпринциби сакталышы керек. Тарыхта мындай үлгүлөр арбын, анын ичинде Советтер Союзунда индустриялык өнүктүрүүнүн мисалы да бар. Алсак, чет өлкөлүк, атап айтканда, америкалык өнөр жай тажрыйбасы өлкөнүн эл чарбачылыгына ийгиликтүү колдонулган.

Кыргызстандын өз өнөр жайынын да-раметин өстүрүү максатындагы улуттук кызыкчылыкты көздөп, кен орундарын иштетүүгө зарыл жабдууларды жана материалдарды себилдеген өндүрүш үчүн жергиликтүү компанияларды көбүрөөк ишке тартуу максатка ылайык, ушул аркылуу  тоо-кен  өндүрүшү  алкагындагы кластерди калыптандырууга болот.

Бирок,  тоо-кен  казуу  иштерин жүргүзгөн  көптөгөн  компаниялар  себилдөөчү жана башка да керектелүүчү материалдарды чет өлкөлөрдөн, баасы эки эсе кымбат болсо да, сатып алууну туура көрүшөт, бул өз кезегинде долбоорлордун да кымбаттоосуна алып келет.

Тармактын келечегин ийгиликтүү кам-сыз кылуу үчүн геологиялык чалгындоо иштерин уюштуруунун мааниси өтө зор, ансыз тармактын өнүгүүсү да күмөндүү. Азыркы убакта көбүнчө совет доорундагы изилдөөлөр менен иштеп чыгуулардын негизинде долбоорлордун ишке ашырылып жатканы жашыруун эмес.

Чет өлкөлүк компаниялар геологиялык-чалгындоо, бургулоо-жардыруу жана тоо-кен казып өткөөл чыгаруу жумуштарына өздөрүнүн чет өлкөлүк компанияларынын адистерин тартат. Мындай жумуштардын түрлөрүн аткара алчу ири компаниялардын Кыргызстанда бар экендигине көңүл бурулбайт.

Жогоруда аталган иштерди жүргүзө турган инвесторлор менен долбоорлук-сметалык,  издөө-чалгындоо,  бургулоо жана тоо-кен жумуштары, кен орундарын пайдаланууга берүү жана башка да иштерди  аткарууга  мүмкүнчүлүгү  бар жергиликтүү компанияларды ишке тартуунун шарттарын макулдашып алуу керек. Мындай ондогон ата мекендик компаниялардын жана ээси Кыргызстандын жарандары болгон чет өлкөлүк адистешкен компаниялардын бар экендиги маалым. Макалада андай компаниялардын аталыштарын аларга жан тартып жатат деген ой жаралбоосу үчүн атайын ачыктабай жатабыз.

Кыргызстанда тоо-кен шахталарынын жабдууларын жасоо, тоо-кендерин майдалоо боюнча заводдор, алтын чыгаруучу фабрикалар, ошондой эле жар-дыргыч материалдарды, анын тутандыргыч  каражаттарын өндүрүүчү заводдор бар. Ошону менен бирге мындай багыттагы жергиликтүү компаниялар тоо-кен техникаларынын жана жабдууларынын запас бөлчөктөрүн жеткирүүчү болуп эсептелет.

Булар менен катар атамекендик окуу жайларынын базасында жана чет өлкөлөрдө максаттуу окутуу аркылуу тиешелүү кесипкөй кадрларды даярдоо зарыл,  албетте,  чет  өлкөлүк жогорку деңгээлдеги адистерди тартуу аркылуу жергиликтүү ишканаларда  кызматкердин квалификациясын жогорулатуу керек.

Кыргыз компанияларына жумушка иштөөгө жергиликтүү кызматкерлер көбүрөөк тартылат, бул – жакшы, анткени чет өлкөлүк компанияларда, негизги адистиктер боюнча башка өлкөлөрдүн жарандары басымдуулук кылат. Чек аранын аркы бетинен келгендер салыкты аз төлөшөт. КР мыйзамдарына ылайык, экспатриант киреше салык боюнча 10 % төлөп, соц-фондга 3 % чегерет. Ал эми жергиликтүү эмгекчилердин жалпы төлөмү – 37,25 % (10 % киреше салыгы, 10 % кызматкер-дин камсыздандыруу төгүмү, 17,25 % – иш берүүчү төлөй турган камсыздандыруу төгүмү).

Бош жумушчу орундарынын жок болуусу, жумушсуздуктун өсүүсү, ички жана тышкы миграция агымынын көбөйүү шарттарында  бул  адилетсиздик  жана ылайыксыз көрүнүш. Жумуш орундарын жергиликтүү кызматкерлер ээлей алар эле. Чынына келгенде, адистер жана квалифи-кациялуу жумушчулар бизде жеткиликтүү.

Чындыгында эле чет элдик кызматкерлерге кеткен чыгым көбүрөөк болот. Алардын эмгек акылары да бир топ жогору, андан башка жол киреси жана иш сапарына төлөнүүчү акчасы да кошумча каралат. Чет элдик ишмерлердин айтымына караганда, алар Кыргыз Республикасындагыдай эмгек акы алышат, андан кийин өз өлкөсүнөн да эмгек акы төлөнөт. Көпчүлүк чет элдик кызматкерлер болсо турак жай, транспорт, кайтаруу ж.б. менен камсыз болушат.

Жогоруда айтылган иш-чаралардын бардыгын тең салмакта, б.а. «өндүрүштөн ажыратпай» туруп, долбоорлорду ишке ашыруу процессинде жүзөгө ашырган максатка ылайыктуу. Жалпылап алганда, аталган чаралар учурда тоо-кен тармагында кезигип жаткан жагымсыз көрүнүштөрдү жоюуга өбөлгө болору шексиз.

Өлкөдөгү кен байлыктарын иш­тетүүнүн натыйжасын жакшыртуу максатында төмөндө бир топ иш чаралар сунушталууда.

  1. Инвестор жана өнөктөш катары заманбап технологияга, билимге ээ болгон, тармакты иштетүүдө тажрыйбасы бар квалификациялуу адистери, зарыл болгон каржылык каражаттары бар, технологияларды ыкчам өздөштүрүү принцибин сактай билген чет өлкөлүк алдыңкы компанияларды тартуу керек.
  2. Сырьёну, материалдарды, пайдалуу кендерди өндүрүү боюнча тармакты өнүктүрүү керек жана кен байлыктарын иштетүүнү жана алынган кендерди жана башка жарым жарты сырьёну кайра иштетүүнү камсыздаган өндүрүш ишка-наларынын кластерин калыптандыруу, ошондой эле жергиликтүү өндүрүшчүлөргө ар тараптуу колдоолорду көрсөтүү зарыл.
  3. Жергиликтүү өндүрүш жана эмгек ресурстарын мүмкүн болушунча көбүрөөк тартуу максатын коюу, ошондой эле тиешелүү кесипкөй адистерди даярдоо боюнча иштерди жакшыртуу.
  4. Кыргызстандын мыйзамдарын сактоо  менен  ушундай  ишканаларга жергиликтүү ишкерлерди көбүрөөк орноштурууну камсыздоо. Мына ушундай ишканаларда профсоюз уюмун түзүү ишканалардагы эмгек мамилелерин калыстык менен жана цивилдүү жолдор менен жөнгө салууга кепилдик берет.
  5. Чет элдик жумушчу күчүн белгиленген талаптарга жергиликтүү кызматкерлердин билими жана компетенттүүлүгү жетишпеген иштерге гана тартуу керек (курулуш учурундагы иштер, жабдууларды орноштуруу сыяктуу).
  6. Чет элдик жана жергиликтүү кызматкерлер үчүн бирдей эмгек шарттарын камсыздоо, тигил же бул категориядагы жумушчуларга өзүнчө жеңилдиктерди түзбөө. Жергиликтүү жана чет элдик жумушчулар үчүн бирдей жасаган иши үчүн теңме-тең эмгек акы төлөөнү караштыруу.

Жогоруда келтирилген сунуштар бюд-жетке түшүүчү төлөмдөрдүн сезилерлик өлчөмдө көбөйүшүнө, кошумча иш ордуларын түзүүгө түрткү болот. Мындай шарттарда эмгек жана адам ресурстары-нын өлкөнүн ичиндеги жана чет өлкөлөргө кетүү миграциясы азаяры бышык. Республикабыздын аймактарынын өнүгүшүнө, калктын материалдык жана социалдык абалынын жакшырышына, жер-жерлердеги коомдук-саясий чыңалуунун болбоосуна ыңгайлуу шарт түзүлмөкчү.

КОРУТУНДУ: Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети даярдап жаткан Кыргыз Республикасынын индустриялык өнүгүүсүнүн келечектерин аныктаган өндүрүштүк саясатында сырьёлорду, материалдарды, пайдалуу кен байлыктарын өндүрүү боюнча тармакка артыкчылык берүү максатка ылайыктуу деп эсептейбиз. Булар – сырьё булактарынын жакындыгына байланыштуу кеткен чыгымды тез актаган, жогорку натыйжага жетишкен жана өндүрүштүн атаандашты-гын камсыздаганга, ошондой эле бир эле

мезгилде тоо-кен өндүрүшүнүн айланасындагы тейлөө тармагын өнүктүрүүгө, ошону менен бирге өндүрүштүн башка түрлөрүн жандандырууга жөндөмдүү.

Биздин  пикирибизче,  жогоруда аталган  Мамлекеттик  комитет  өзүнүн ыңгайсыздыгына, оңтойсуздугуна байланыштуу экиге бөлүнүшү керек. Энергетиканы өз алдынча ведомство кылуу керек.  Ал  эми  индустриялык  секторго министрлик  макамын  ыйгаруу  зарыл. Ведомствонун аталышы кайра иштетүү өндүрүш ишканаларынын ишмердигин мындан ары камсыздаган жана сырьёну иштетүүгө артыкчылык берген аныктама-ларды камтыган болушу керек. Маселен, “Минералдык-серьёлук ресурстар жана өнөр жай министрлиги”. Өндүрүш секторунун мындай багытта өнүгүүсү Кыргыз Республикасынын экономикасын ин-дустриалаштырууда жетишерлик түрткү болот.

Эльдар ТАДЖИБАЕВ, Кыргызстандын Тоо-кен металлургия кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы, философия илимдеринин кандидаты