Жоголгон муун: кароосуз калган адабият, калеми мокогон жазуучулар, «станок» акындар, Эралиевди таң калтырган талант…

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»


Башталышы бул жерде

Сен мага бийлеп жатып жылмайганда –
сезимим селге айланды тынбай кайра.
Каалгыдым эринге окшош кыр-жон менен
каалоомдун кашындагы ыр-майрамда.

Бий менен койдуң белем бийиктетип,
бирде бар, бирде жокмун – иликтетип.
Көз атсам көкүрөгүң ортосуна,
көшүлө калам чууруп кирип кетип.

Жаркытып ого бетер мекенимди –
жайылта тегереттиң этегиңди!
Чаң жукпас жылдыздардай, булуттардай
жан-дүйнө менен жиреп-кечеминби?!

Бутубуз бир илинбей, бир илинип,
бул кайсы доордо жүрбүз чимирилип?
Экөөбүз бет келише, эп келише,
эзели жанбас болдук ийирилип!

Бүттү бий. Колдон өбөм деп аткамын,
бүгүлсөм – бүтүн элеп-желеп жаным.
Көрдүм-ов – булдозордун калагындай
көз-караш эрин-колго келатканын…”. (Сен мени бийге тарттың”)

Бирок, улуттук поэзияга эмне жаңылык апкелди, кандай поэтикалык бийиктикти багынтты деген суроо ачык бойдон кала берет. Себеби, ал канчалык эмгекчил болбосун, канчалык “уста” болбосун, К.Урманбетовдой эле, анын ырларында да “тузу” кем болуп калгандай, көңүлдү кыжалат бир нерсе бар. Мүмкүн, ал уйкаштыктыр, балким ал ойдур, мүмкүн ал жаңы табылгадыр…

 “Чортаман”, “томаяк” калемгерлер эмне алек?

 Эми бул муундагылардын Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз эл акыны наамын албаган “кедей-кембагал”, “чор таман”, “томаяк” калемгерлери тууралуу сөз кылардан мурда, “мамлекеттик наам, сыйлыктар кандай критерийлердин негизинде берилет, кандай чен-өлчөмү бар бар, мамлекеттик наам, сыйлыктарды берүүдө акын-жазуучунун жарык көргөн китебинин санына, же адабиятка апкелген жаңылыгына, же кызмат даражасына, коомдогу ордуна, жаш-карысына, балким ким-бирөө менен мамилесине жараша мамиле жасалабы?” деген суроого жооп издеп көрөлү. Эгер мамлекеттик наамды жарык көргөн китебинин санына жараша алышы керек болсо, анда К.Сыдыкова, Б.Чотурова, Ф.Абдалова, Ж.Исабаевалар капкачан эле Кыргыз эл акыны же жазуучулугун алууга тийиш болчу. Жаңылбасак, бул калемгер кыздарыбыздын алды 10 китеп чыгарды. Эске салсак, Кыргыз эл жазуучусу, акыны наамы бар С.Раев, К.Урманбетов, К.Култегиндин арасынан, Кожогелди Култегин гана 8 сегиз китеп чыгарыптыр, а С.Раев да, К.Урманбетов да 3-4 китеп менен токтоптур. Мейли, ал деле маанилүүсү эмес дейли, кашкайган аргумент болбосун. Түпкүлүгүндө, К.Сыдыкова, Б.Чотурова, Ф.Абдалова, Ж.Исабаева төртөөнүн бирөө да жаман жазбайт, жазган ырлары эл оозунда айтылып, обондуу ырлары “хитке” айланып ырдалып жүрөт. Анда, эмне төртөөнүн бирөө да эл акындыгын алган эмес. Жигиттер калемин таштап койгон жылдарда калемине кара санабай, таштабай, “дезертирлик” кылбай, кара жанын карч уруп иштеген ушул кыздарыбыз эмес беле?!! Китеп артынан китеп чыгарышып, үмүтү үлбүлдөп үзүлүп бараткан улуттук адабияттын билигин көтөрүп, аны өнүктүрүү үчүн моралдык да, материалдык да салым кошушпады беле?!!. Өз каражаттарына жана демөөрчү таап китеп чыгаруунун өзү адабият үчүн материалдык салым эмей эмне? Адабиятка ошентип жүрөгү менен күйгөндөр, өзү жебей-ичпей, камкордук кылгандар барбы? Ушул өңүттөн алсак, алардын жазган ырларын, кара сөз чыгармаларын айтпаганда да, алардын кыргыз адабиятынын жок болуп кетпей, жашап калышы үчүн жасаган атуулдук эрдиктери мамлекеттик наамга же сыйлыкка татыбайт деп ким айта алат? Бул бир жагы. Экинчиден, К.Сыдыкова мыкты жазуучу, тарыхчы болсо, Б.Чотурова, Ф.Абдалова, Ж.Исабаевалар мыкты акындар. Акын Ф.Абдалованын “Мен дүйнөнү апам менен тааныгам” ыры не деген керемет чыгарма. Мейли, дүйнөлүк поэзиянын классикалык үлгүлөрүнөн мисал тарта келсең да, эненин жана энеге болгон сүйүүнүн, сый-урматтын улуулугун, эненин чексиз ааламынын, эне космосунун, эне дүйнөсүнүн образын жараткан мындай ырды таппайсың:

“Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды көйнөгүнөн тааныгам.
Тирүү болчу көйнөгүнүн гүлдөрү,
Баскан сайын бажырайып ачылган.

Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды жыты менен тааныгам.
Жыттачу элем, магдыратып жытынан,
Чыкпачы эле, чыкпачы эле жаныман.

Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды колдорунан тааныгам.
Жылуу болчу, жумшак болчу колдору,
Кармашканда бала боюм балкыган.

Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды жоолугунан тааныгам.
Тирүү болчу жоолугунун гүлдөрү,
Баскан сайын бажырайып ачылган!

Мен дүйнөнү апам менен тааныгам,
Мен апамды күлкүсүнөн тааныгам”.

Эгер мамлекеттик наам же сыйлык адабиятка киргизген жаңылыгы үчүн берилет деген чен-өлчөмдөн алсак, анда ыраматылык Алик Акималиев, Жолдошбек Зарлыкбеков, Барчынбек Бугубаевге эмне үчүн мамлекеттик наамдар берилбей калды экен?!! 70-80-жылдарда адабиятка келген муундун арасынан А.Акималиев салттуу ырды да, уйкашсыз-уйкаштуу эркин ырды мыкты жазган, күнү-түнү изденген, кыргыз ырына жаңы мазмун, жаңы тематика апкелген жана ал теманы дүйнөлүк тематиканын деңгээлине көтөрө алган устат акын болчу. Мүмкүн, анын кыялы чалпоо, мүнөзү итиркейди келтирген адам болгон чыгар, бирок анын ар бир жазган ырлары окурман тамшанарлык, ары таңгаларлык эле. Ал курч, күтүлбөс уйкаштыктарды тапкан, ар бир ыр сабында “Мен Аликмин” деп өзүнө өзү сыйбай оргуган, укмуштуудай ойлорду айткан акын эле. А.Акималиев пенделик майда-бараттардан бийиктеп, көкөлөп кеткен, дүйнөлүк поэзия чеберлеринин катарына көтөрүлгөн, Акималиевдин ааламын жараткан акын эле. Ал өзү айткандай, сүрөтчү Ван Гог сыяктуу гений болгон, анын генийлигине айтылуу “Герникасын” эмес, катардагы ырларын деле мисал тартсак болот:

“Туулгандан бөпөлөгөн,
Тайталатып жетелеген,
Турмуш,-
Сенин Атаң эмес!
Турмуш,-
Сенин Апаң эмес!
Андыктан, дос, сак, сабыр эт,
Жазмыш маңдай сылбайт эч,
Чыдаш.керек болмуштарга,
Чыйрал, бышкын, акыл пештеп,
Тутант үмүт чырактарын,
Турмуш,
Тырмыш, аска беттеп!..

,,,,,,,,,,,,,……………..

Туталанган балаңдай чыр,
Туура сылык, мамиле кыл,
Жашоонун өз мыйзамы бар,
Жаңылышсаң бүттү-крест!Х
Турмуш сенин Папаң-дагы,
Турмуш сенин маман, да эмес!” (“Сен өзүң турмушсуң”).

Мындай ырды жаратыш үчүн кандай дух, кандай эрдик керек, мындай ырларды жаратыш үчүн энеден Алик Акималиев болуп төрөлүү да аздык кылат. Анан кантип А.Акималиевди Кыргыз эл акыны наамына же Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыксыз деп айтууга болот? Болгону ал өзүнө өзү сыйбай, бул күнүмдүк жашоонун бардык жыргалчылыктарынан кечип, өзүн ырга арнап жашап кетти, акындык тагдыр күтүп, будуң-чаң жашады, аны адабий коомчулук да, ошол кездеги бийлик да баалай алган жок жана азыр да баалана элек. Орустар өздөрүнүн А.Акималиев сыяктуу акындарын баалап, бүгүн аларды даңазалап кино тартып жатышат. А бизчи?

Же акын Жолдошбек Зарлыкбековду алалы. Ал жаман акын беле? Жок, ал өзүнө өзү талапты катуу койгон, ар бир ырын гана эмес, ырынын саптарына койгон үтүрүнө да жоопкерчилик менен караган, эптеп эле ыр аты болсун деп уйкаштык чүргөй салбаган, чыныгы таланттуу акын болчу. Акындык өнөргө, поэзияга астейдил мамиле жасаган үчүн өмүрүнүн акырына чейин бир китебин чыгарган жок. Бирок, анын замандаштары Ж.Зарлыкбековдун ырларын окуп, угуп жүрдүк. Анын ырлары жарыкка чыкса, эртеби-кечпи дүйнөлүк шедеврлер менен жол талашып, поэзия дүйнөсүнөн өз ордун табарында шек жок.
“Тянь-Шань, кең асманың толо жылдыз.
Төккөн ай нурун ундай. Көөшүйт кыштак.
Желаргы. Токум булут сүзөт изсиз,
дайранын мээлүн күүсүн үзүл тыңшап.

Жетелеп сансыз майда толкундарын,
дайра агат бейпилдикти бузуп-бузбай.
Мелтейет Күңгөй-Тескей, олтургансып
эки чал маңдай-тескей унчугушпай.

А бул жол – алда неге сунулган кол,
арылап, аң-сезимде андан да ары.
Төбөдө тетир түшкөн Саманчы жол —
жылдыздар – жылдыз курттай шамалдагы.

А бул жол кеткен өрдөп тоо-талааны,
жээгинде чаалыгышкан чаңдан чийлер.
Бу жолдо ээсиз издер канча дагы,
бу жолдо артка кайтпай өткөн кимдер?

Кырка тоо – кудум кырк төө үргүлөгөн,
сан ойдун салбыратып чуудаларын.
Жол жутат жолоочуну түн жиреген,
басаңдап бабыргандын ыйлаганы.

Сен мага… түшүндүңбү? Туура түшүн,
же мейлиң, эчен-токон көзөлдөрдөн
өттү өмүр – жеңдей кыска, колдой узун,
өттү өмүр – берер жообу кечеңдеген”. (“Бул өмүр – берер жообу кечеңдеген…”).

Не деген шедевр чыгарма. Эми мындай саптар дагы да жазылабы, башка акындар Ж.Зарлыкбеков жеткен бийиктикке жетип, аны кайталай алабы, ал өтө суроолуу маселе. Бирок, ал да бааланбай кетти. Мамлекеттик наам, же сыйлыкты тим коелу, китеби чыга элек. Кыргыз Улуттук жазуучулар союзу жылуу эскерип, акындын ыр кечесин уюштурбады. 

Ыраматылык акын Барчын Бугубаев ыр үчүн төрөлгөн, поэзия үчүн жаралган акындардын бири болчу. Ал университетте окуп жүргөндө эле, ырларды кыйналбай жазчу. Ал үчүн уйкаштык табыштын кыйынчылыгы жок эле. Ой да, сөз да, уйкаштык да өзү эле биринин артынан бири куушуп келип, табигый жуурулушуп калчу. Табиятынан акын болгондуктан, анын чыгармачылыгына халтура жат болчу. Ал да өзүнө өзү сыйбай, акындык тагдыр менен жашады. Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов: “Барчынбек Бугубаевдин чыгармачылыгы бөтөнчөлүгү, сырдуулугу, философиялуулугу менен кыргыз поэзиясынын гана эмес.., жалпы адамзаттын акылга сыярлык бийиктигин элестетет” — деп 1997-жылы айтканы бар эле. Андан кийин деле Б.Бугубаев 20 жылга чукул жашады. Мыкты чыгармаларды калтырган менен, ал деле эч кандай наам же сыйлык албады.

Мамлекеттик наам, же сыйлык акын-жазуучунун жарык көргөн китебинин санына, же адабиятка апкелген жаңылыгына, жаш-карысына эмес, кызмат даражасына, коомдогу ордуна, балким ким-бирөө менен мамилесине жараша берилсе, анда башка кеп. Анда Баяс Туралга окшогон бүгүнкү күндүн жаңычыл акыны 60ка эмес, 70ке барса да, акын катары бааланбай өтүп кетет. Дегенибиз, анын эркин, уйкаштуу-уйкашсыз ырларындагы поэтикалык чабыт өткөн кылымдын 50-60-жылдарында улуттук адабиятка ак ыр түзүлүшүн апкелип, жаңычыл аталган акындардан да кененирээк, тереңирээк. Баяс Туралдын ырларында У.Уитменге окшогон поэтикалык чабыттын кенендиги: мырзалык, сабырдуулук, жөнөкөйлүк, түшүнүктүүлүк бар, ал абстрактуу башаламан ойлорду айтымыш этип, окурмандын башын катырып отурбайт. Ал өз оюн түз айтат, логикалык жактан ырааттуу айтат, демек, ал эркин ыр жазууну катасыз жана мыкты өздөштүргөн, эркин ыр түзүлүшүн кантип салттуу ыр түзүлүшү менен айкалыштыруу керек экенин билет, поэзия деңизинде өзүн эркин алып жүрө алат. Эркин ырды өздөштүрө албай, ал кемчилигин абстрактуу ойлорду айтымыш этип, жаап-жашыргандарга окшоп, буйтактабайт. Баяс Турал бүгүнкү С.Эралиев. Кыргыздын бүгүнкү Уолт Уитмени, бирок аны баалаган ким бар? Өзүн мактаганга келгенде алдына киши салбаган кыргыздын башка бирөөнү мактаганга сараңдыгы адабий сындан да ачык байкалат. Эгер Баяс Туралдын ырлары башка тилдерге, анын ичинде орус, англис тилине, Гетенин тилине которулса, батыш окурмандарынын арасында кыргыз ырынын окурмандары бат эле табылмак, биз аяган мактоону алар капкачан эле айтышмак.

Уландысы бар