Сотторго да сот бар

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»


Биринчи май райондук сотунун чечими менен Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотунун мурдагы төрайымы Элвира Жаркеева 12-январга чейин камакка алынды. Бул тууралуу КР Жогорку сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Учурда Э.Жаркеева Улуттук кооп-суздук боюнча мамлекеттик комитети-нин тергөө абагында. Ал эки кылмыш ишине фигурант катары айыпталууда.

Эске салсак, Э.Жаркеева КР Соттор кеңешинин дисциплинардык комиссиясынын сунушу менен мөөнөтүнөн мурда президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен судьялык кызматынан бошотулган.

Башкы прокуратуранын маалыматына  таянсак,  КР  Башкы  прокурору тарабынан Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун мурдагы төрагасы Э.Жаркееванын үстүнөн КРнын КЖКнин 304 (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 328 (Атайылап сот адилеттиги-не жатпаган өкүм, чечим же башка сот токтомун чыгаруу) беренелери менен кылмыш иши козголгон.

Айтымда, 2016-жылдын 15-августунда ал тараптардын катышуусуз, А.Д. аттуу жарандан ири өлчөмдө акча каражатын төлөтүү жөнүндө доо арызын арткы дата менен каттап, КЭРнын Ч.Ю. аттуу жаранынын кызыкчылыгы үчүн сырттан мыйзамсыз чечим чыгаргандыгы аныкталган.

Ошол эле убакта, доогерге карата мурда жарандын кыянаттык жолу менен акча каражаттарын ээлеп алуу фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнин 166 (Алдамчылык) беренеси менен кылмыш иши козголгон жана ушул себептен ага сырттан айыбы угузулуп, ага издөө жарыяланган.

“Жогоруда  аталган  кырдаалдар сот Э.Ж. тийиштүү түрдө иштин бардык жагдайларын изилдебестен, Ч. Ю. кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуу максатында негизсиз чечим чыгаргандыгын күбөлөндүрөт” делет Башкы прокуратура тараткан маалыматта.

Экинчи  кылмыш  иши  КРнын КЖКнин 303 (Коррупция), 313-1 (Пара алуу), 313-2 (Пара алуудагы ортомчулук) жана 314 (Пара берүү) беренелери менен козголгон. “Свердлов райондук сотунун судьясы Р.М., Р.В., И.С. жана Х.З. — кылмыштуу топ менен атайын сүйлөшүп алып, алардын кызыкчылыгына кайсыл бир ЖЧКнын мүлкүн ээлеп алуу максатында бир катар мыйзамсыз сот чечимдерин чыгарган.

Алсак, 2016-жылы ЖЧКнын 100% өткөрүп берүү келишимин жараксыз деп табуу жөнүндө жана КР Юстиция министрлигинде кайра каттоо чечимин жокко чыгаруу жөнүндө Р.В. доосу тийиштүүлүгү боюнча Бишкек шаарынын райондор аралык сотунда караларына карабастан, судья КРнын ЖПКнин 26 (Жарандык иштердин соттордо каралууга тийиштүүлүгү), 27-1 (Бири-бири менен өзара байланышкан бир нече талаптардын сотко караштуулугу) беренелеринин талаптарын бузуу менен сырттан караган.

ЖЧКнын мыйзамсыз басып алган мүлкүн биротоло чыгарып кетүү жана аны легалдаштыруу максатында 2016-жылы Р.В. жана И.С. ортосунда 20 млн. 500 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын 5 күнгө алуу (заем) жалган келишим түзүлгөн. Ошону менен бирге милдеттенменин аткарылышын камсыз кылууда Р.В. ЖЧКнын 100% үлүшү берилген.

Жогоруда көрсөтүлгөн келишимдин  негизинде  И.С.  Бишкек  шаарынын Свердлов райондук сотуна ЖЧКнын 100% үлүшүн жана бардык мүлкүн менчикке өткөрүп берүү жөнүндө арыз менен кайрылган.

2016-жылы  судья  аталган  жарандын доо талаптарын толугу менен канааттандырып, ЖЧКнын 100% үлүшүн жана бардык мүлкүн менчикке өткөрүп берүү жөнүндө чечимин чыгарган”, — делет Башкы прокура-тура тараткан маалыматта.

Акыркы убакта өз ишине ат үстүнөн мамиле жасаган сотторго карата мыйзамдуу чаралар көрүлө баштаганы мамлекеттин “укуругу узун” деген сөздү ырастап турат. Президенттин жарлыгы менен судьялык кызматынан кол жуу-ган жалгыз Э.Жаркеева эмес. Ушул эле жылы Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясы Марлес Феликс да кызматынан бошотулган болчу. Соттор кеңешинин тартип комиссиясы Марлес Феликсти кылмыш жоопкерчилигине тартууга башкы прокурорго макулдук бергени да белгилүү.